Жума, 22 Февраль, 2019 - 3:36
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

2018-жылы прокуратура органдары тогуз миңден ашуун баланын укуктарынын бузулушун аныктаган

2018-жылы прокуратура органдары тогуз миңден ашуун баланынын укуктарынын бузулууларын аныктаган. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда тегерек столдо башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен көзөмөлдөөчү орган […]

Депутат ММК булактарында оор кылмыштар тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов массалык маалымат каражаттарында оор кылмыштар тууралуу материалдарды жайгаштырбоону сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда билдирди. Анын айтымында, акыркы убакта социалдык тармактарда оор кылмыштар, […]

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 15,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 15,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, аталган мекемеде 2016-жылдагы бюджеттик жана […]

Таласта жашы жете элек эки бала ис газына ууланды

Талас облусунун бириккен ооруканасына ис газы менен ууланган эки жашы жете элек бала түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ууланган балдардын бири 4, экинчиси 12 жашта […]

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү канча?

2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (сырткы жана ички) жалпы көлөмү $4 миллиард 464,35 миллион (311 миллиард 834,67 миллион сомду) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Алардын ичинен: -$3 миллиард […]

“Тунгучта” 16 жаштагы кыз үйдүн жетинчи кабатынан кулап түшкөн

Бишкектин «Тунгуч» кичи районунда 16 жаштагы өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшкөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматка караганда, жабырлануучу Шаардык балдар ооруканасына жеткирилген. Алдына ала маалыматтарга […]

Ымыркайларды сатуу. Айыпталуучулар сот залынан ММК өкүлдөрүн чыгарууну суранышты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ымыркайларды сатуу фактысы боюнча  козголгон кылмыш иши карала баштады. Айыпталуучулардын катарында жети адам бар, алардын үчөө үй камагына которулган. Айыпталуучулардын жактоочулары массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн […]

Фото – Этникалык кыргыз Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашевди сотко берди

Бүгүн, 19-февралда Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз Айдар Халиков  Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Тайырбек Сарпашовго каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу  KyrgyzToday […]

Видео – Орусиянын бир нече шаарларында кара түстөгү кар жаады

Орусиянын Кемеров облусунун бир нече  шаарларында кара түстөгү кар жаады. Жергиликтүү жашоочулар бул көрүнүштү сүрөт жана видеого тартып социалдык тармактарга сала баштагандан кийин, кырдаалга облустун губернатору да көңүл бурган. Бул […]

Сот Мурат Суталиновду камакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алды

Бишкектин Ленин райондук соту УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталиновду мөөнөтүнө чейин бошотуу жөнүндө ишти кароону аяктады. Сот Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу бошотпоо тууралуу чечим кабыл алды. Сот Бактыбек Сыдыгалив […]

Премьер-министр телефон ойноп отурган аткаминерлерди сынга алды

Өкмөттүн бүгүнкү отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев телефон ойноп отурган министрлер кабинетинин мүчөлөрүн сынга алды. Өкмөт башчы сүйлөп жаткан учурда залда телефон чырылдаган. «Байкашымча, бул жерге кээ бирлер телефон ойногону келген […]

Ала-Бука райондук салык инспекциясынын кызматкери 50 миң сом жана “Мерседес” унаасын пара катары алгандыгы үчүн камакка алынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жетекчиси убактылуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы акча […]

Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Асел Куламбаева өз каалоосу менен кызматтан кетти

Бишкектин вице-мэри Асел Куламбаева өз каалосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу бир катар маалымат булактары жазып чыгышты. Азырынча анын милдеттери мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевге жүктөлдү. Буга чейин Бишкек шаардык […]

Мурат Суталиновдун иши. Медицина кызматкери ал акыркы стадиядагы рак оорусуна чалдыкканын тастыктады

Бишкектин Ленин райондук сотунда УКК (азыркы УКМК)нын мурунку жетекчиси Мурат Суталиновду мөөнөтүнө чейин камактан бошотуу тууралуу иш каралып жатат. Сот Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык башкармалыгынын кызматкери Назгүл Солтобековадан сурак […]

Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын алты акими кызматтан алынат

Алты райондук администрациялардын жетекчилери кызматтан алынат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн отурумунда айтылды. Чүй облусунун эки акими- Москва районунун администрация жетекчиси Азамат Эсенбеков менен Кемин районунун жетекчиси Жумгалбек Дүйшөбаевдер кызматтан бошотулат. […]

Орусия Кыргызстандын эт азыктарын киргизүүгө койгон чектөөсүн алды

11-февралда Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2007-жылы  Кыргызстандан Орусияга эт алып кирүүгө койгон чектөөсүн алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспексиясынан кабарлашты. Анда 2007-жылы […]

Өкмөт жарык жана жылуулук тарифтерин көтөрүү маселесин караган жок

Кыргызстандын өкмөтү жарык жана жылуулук тарифтерин жогорулатуу маселесин караган жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Жаңы тарифтик саясат тууралуу маселени депутат Аида Исмаилова көтөрүп […]

Унаалардын номурларын баткак менен шыбап алып айдап жүргөн айдоочулар жоопкерчиликке тартылат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаалардын мамлекеттик номурларын жашырып жаткан айдоочуларды ачыктоо үчүн рейд өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Эске салсак, социалдык тармактарда мамлекеттик […]

Айбек Сыдыков ички иштер органдарындагы кызматынан алынды

Милициянын подполковниги, чуулгандуу Айбек Сыдыков ички иштер органдарынан кетирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган чечим кызматтык иликтөөдөн кийин кабыл алынгандыгы айтылууда. «Айбек Сыдыков себепкер болгон жол кырсыгы […]

Кыргызстан менен Өзбекстандын сырткы товар алмашуусундагы сандар эки башка болууда

Кыргызстан менен Өзбекстандын сырткы товар алмашуусу тууралуу маалыматтар жүздөгөн миллион долларга төп келишпей жатат. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети 2018-жылдын декабрь-январь айларында тышкы товар алмашуу 336,5 миллион долларды түзүп, 8,6 пайызга […]

Парламентте КСДПчы депутаттар Асел Кодуранова менен Евгения Строкова кайым айтыша кетишти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда КСДПчы депутаттар Асел Кодуранова менен фракциялашы Евгения Строкова кайым айтыша кетишти. Бүгүн, 13-февралда парламент экс-президентти кол тийбестигинен  ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун карап экинчи окуудан жактырды. Бул […]

2018-жылы 88 өспүрүм өз жанын кыйган

2018-жылы Кыргызстанда 136 мектеп окуучусу зомбулукка кабылып, 88 бала өз жанын кыйган. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин коллегиясында айтылды. Аталган мекеменин жетекчиси Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында,  окуучулар арасындагы өлүмдөрдүн көп болуп […]

Эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эски аянтка жана «Газпром Кыргызстан» тарабынан курулуп жаткан мектепке  Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунушташууда.  Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү жыйынында «Республика- Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев […]

№92-лицейдин жетекчиси ур-токмокко кабылып, кызматтан мыйзамсыз алынган

Бишкектеги №92-лицейдин жетекчиси Динара Аширова ур-токмокко алынып, анын колу сынган. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, лицейдин мурунку стажеру Залкар Кыдыков аны мугалимдер жана студенттердин көзүнчө токмоктогон. […]

2018-жылы 33 миң чет элдик жаранга Кыргызстанга кирүү үчүн электрондук виза берилген

2018-жылы Кыргызстанга кирүү үчүн электрондук визаны 33 миң чет элдик жаран алган. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жайында Мамлекеттик миграция кызматынын паспорт-визалык бөлүмүнүн жетекчиси Бахтияр Шакиров билдирди. Анын айтымында, визаларды өлкөгө […]

Айбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин кадрларды жайгаштыруу бөлүмүнө өткөрүлдү

Милициянын подполковниги Айбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин кадрларды жайгаштыруу бөлүмүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Башкы ички иштер башкармалыгы кабарлады. Ал 10-февраль күнү жол кырсыгына катышып, тергөө мөөнөтүнүн акырына чейин […]

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун иши сотко өткөрүлдү

Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоодогу авария боюнча мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу […]

Жол кырсыгынын кесепетинен журналист Жайнагүл Тазабекова көз жумду

Кечээ, 10-февралда түнкү саат экилерде Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен журналист Жайнагүл Тазабекова көз жумду. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 10-февралдын түнү маркум жолдошу менен «Мерседес-Бенц» […]

Канатбек Маматов Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын Футбол федерациясы жаңы президентин шайлады. Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановдун ордуна бул кызматка Канатбек Маматов дайындалды. Бул тууралуу чечим федерациянын бүгүнкү кезексиз отурумунда кабыл алынды. Федерациянын сайтындагы […]

Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду

Кечээ, 7-февралда экс-президент Алмаз Атамбаевдин көп жылдардан берки жан сакчысы Дамир Мусакеев Аскердик прокуратурага суракка чакырылып, ал президент Атамбаевдин жанында жүргөн учурда, УКМК кызматкерлерине батир бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен […]

КСДП фракциясы өкмөттүн инвестиция тартуу жаатында кылган ишин канааттандырарлык эмес деп тапты

Бүгүн, 8-февралда парламенттин КСДП фракциясы өкмөттүн инвестиция тартуу жаатында кылган ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Бул тууралуу чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды. Маселени талкууга депутат Рыскелди Момбеков алып чыкты. «Өкмөттүн […]

Башкы Прокуратура ЖЭБдин модернизацияланышындагы коррупцияга карата козголгон кылмыш иши менен таанышууну аяктады

Башкы Прокуратура Бишкектин ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши менен таанышууну аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин материалдар тастыктоодон өтүү үчүн Башкы Прокуратурага  өткөрүлгөн. Азыркы […]

Жол кыймылы эрежелеринин бузуулары тууралуу кабарлаган жарандарга сыйлык берүү сунушталууда

Жол кыйымылынын эрежелерин бузгандар тууралуу маалымдаган жарандарга сыйлык берүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө ал тууралуу кабарлаган жарандарга сыйлык берүү […]

ИИМ:  Милицияга зор салымдарын кошкон коомдук уюмдардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда кошкон салымы үчүн, « Мыкты коомдук алдын алуу борбору»,  «Мыкты Аксакалдар соту», […]

ИИМ “Мыкты Ички Иштер органы” сынагынын жеңүүчүлөрүн атады

Кыргыз Республикасынын ИИМ “Мыкты Ички иштер органы” сынагынын жеңүүчүлөрүн атады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз укызматы кабарлады.  Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун […]

Кыргыз кыздары Кытайдын эмес, Орусиянын жарандарына көбүрөөк турмушка чыгышат

Кыргыз кыздары Кытайдын жарандарына салыштырмалуу Орусиянын жарандарына көбүрөөк турмушка чыгышат. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү отурумунда айтылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2010-2018-жылдары  Кыргызстандын 60 жараны гана Кытайдын жарандары менен мыйзамдуу […]

Нарында ӨКМ кызматкери өз жанын кыйды

Нарында ӨКМ кызматкери өз үйүнүн сарайында асынып  алган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда,  24 жаштагы маркумдун денеси бүгүн эртең менен табылган. “Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдына […]

Москвада 27 жаштагы аял 52 жаштагы таксинин айдоочусун сабап, унаасын айдап качып кеткен

Полиция кызматкерлери таксинин айдоочусун сабап, унаасын айдап кеткен 27 жаштагы Москванын тургунун кармашкан. Бул тууралуу РБК басылмасы кабарлады. Укук коргоочулардын версиясына караганда, окуя Оружейный кууш жолунда болгон. Анда аял Hyundai […]

Улуттук энергохолдинг жоюлушу мүмкүн

Энергохолдинг өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспав билдирди. Анын айтымында, парламенттин отун-энергетика комплекси жана жер байлыктарын колдонуу боюнча мамлекеттик комитети улуттук энергохолдинг  өз натыйжалуулугун көрсөтө […]

Өкмөткө Кеминдеги цемент заводу боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырылды

Кытай цемент заводунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча изилдөө жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин отурумунда өнөр-жай, энергетика жана жер байлыктарын колдонуу боюнча мамлекеттик […]

Таласта кудук казып жаткан адам топурак алдында калып каза болду

Талас облусунун 41 жаштагы тургуну жер алдында калып каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, А. Н аттуу жаран үйүнүн короосунда кудук казып жатканда аны […]

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумуна премьер-министр катышкан жок, депутаттар себебин аташты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруп калганына байланыштуу Жогорку Кеңештин  бүгүнкү отурумуна келе албай калган. Бул тууралуу эки комитеттин отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирген. Эске салсак, бүгүнкү отурумда 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген […]

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө жаңы кодекстердеги каталарды өңдоону тапшырды

Кыргызстандын өкмөтү, Жогорку сот жана Башкы Прокуратура жаңы кодекстерге өзгөрүүлөрдү киргизүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүшү керек. Бул тууралуу чечим Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер менен […]

Жаңы кодекстерде каталар жана түшүнбөстүктөр көп болгондугуна депутаттар күнөөлүү

Жаңы кодекстерде чыгып жаткан каталар жана туура эместиктер үчүн парламенттин депутаттары күнөөлүү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өткөн Жогорку Кеңештин  конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент, ошондой эле  […]

Кыргызстандын Индиядагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматына Асеин Исаевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Асеин Исаевди Кыргызстандын Индиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо сунушун жактырды. Чечим бүгүн кабыл алынды. Асеин Исаев 55 жашта, ал  Урал мамлекеттик университетин […]

Милиция кызматкери катышкан жол кырсыкта 33 жаштагы аял көз жумду

33 жаштагы аялдын өмүрүн алган 7-апрель менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгына жол кыймыл коопсуздугунун кызматкеринин катышы бар экендиги айтылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын башкы ички иштер башкармалыгынын […]

Табып Хашим Зайналиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Бишкектин Октябрь райондук соту табып Хашим Зайналиевге карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кылмыш иш жабырлануучулардын айыпталуучуга карата дооматы жок болгонуна […]

Свердлов районунун акими болуп Мурат Осмонов дайындалды

Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын жетекчиси болуп Мурат Осмонов дайындалды. Бул тууралуу  шаардын мэриясы кабарлады. Маалыматка караганда,  аталган жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду. Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер. Анын экинчи […]

Алкоголдук мас абалда унаа айдагандарга карата айыппулдун өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата салынчу айып пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда. Мындай ойду өкмөттүн өкүлдөрү менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов билдиришти. Эл өкүлү алкоголдук мас абалында унаа башкарган жарандар […]

Милиция кызматкерлери аянттагы митингдин катышуучуларын кууп баштады

Милиция кызматкерлери Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Кытай экспансиясына каршы өтүп жаткан митингдин катышуучуларын кууп баштады. Азырынча жарандарга каршы атайын техника колдонулган жери жок. Кээ бир жарандар кармалууда. Буга чейин укук коргоо […]