Жума, 22 Февраль, 2019 - 4:36
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Токтакунов: мени каралаган тасманын артында бийлик турат

«Фейсбук» социалдык түйүнүнө мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды. Анда «Токтакунов 2010-жылдагы Ош окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар экени жана психикалык жактан жабыркай турганы» айтылган. […]

Ташкентке Казакстандын аймагы аркылуу газ жеткириле баштады

Казакстан өз аймагы аркылуу жаратылыш газын Ташкентке өткөрө баштады. Бул тууралуу 20-февралда Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди. Маалыматка караганда, жаратылыш газын Казакстан аркылуу берүү кышкы мезгилде Ташкенттеги энергетикалык балансты […]

Тажикстанда кайрадан доллар тартыштыгы байкалууда

Тажикстандын банк мекемелериндеги доллардын тартыштыгынан улам көмүскө базарда америкалык валютанын курсу жогорулап кетти. 20-февралда өлкөдөгү үч банк менен кичи каржы уюмдары бир адамга 200 доллардан ашык сатууга чектөө киргизишкенин билдиришти. […]

Дарига Назарбаева сөз эркиндиги боюнча рейтингдерге «ишене бербей турганын» айтты

Казакстан парламентинин сенатынын депутаты, өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева түрдүү рейтингдерге, анын ичинде басма сөз эркиндигинин абалына баа берген рейтингдерге көп ишене бербей турганын билдирди. Мындай пикирин […]

Видео – Түрк актёру Бурак Озчивит Ташкенттеги үй куруу долбоорунун «жүзү» катары тандалды

Белгилүү түрк актёру Бурак Озчивит Ташкенттеги бузулган үйлөрдүн ордуна курула турган «Olmazor city» долбоорунун жарнамасына тартылат. Бул тууралуу аталган долбоорду ишке ашыра турган «Bizning uylar» компаниясынын өкүлдөрү билдиришти. Долбоордуна 16-февралда […]

Алматы полициясы активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Алматынын полиция департаменти шаар акими Бауржан Байбектин 20-февралда өткөргөн жыйынына катышууга келген айрым активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Полиция коомдук тартипти бузуу фактыларынын алдын алганын билдирди. Маалыматтарга караганда, укук коргоо […]

Өзбекстандык аялдар уурулук үчүн кармалды

Жалал-Абад шаарынан зер буюмдарын уурдоого шектүү катары өзбекстандык беш аял “Маданият” чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, […]

Эмомали Рахмон журналисттер менен жолугат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн журналисттер менен жолугат. Жолугушууга мамлекеттик маалымат каражаттардын башкы редакторлору менен журналисттери чакырылган. Анда расмий басылмалардын ишмердүүлүгү талкуулана турганы айтылууда. Эмомали Рахмон акыркы жолу журналисттер менен […]

Ташкентте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөт

Жакында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жумушчу топ Ташкентке барат. Бул тууралуу парламент жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев […]

Каракалпакстанда окуучулар тарабынан зордукталган 16 жаштагы кыздын боюна бүтүп калган

Каракалпакстандын Чимбай районундагы мектептердин биринде окуган 16 жаштагы кыздын боюна бүтүп калган. Анын туугандары кыз мектептин окуучулары тарабынан зордукталганын билдиришүүдө. Мектептин өкүлдөрү кыздын боюнда бар экенин жакында эле билишкенин айтышты. […]

Ашхабадда азык-түлүк кымбаттады

Түркмөнстан борборунда азык-түлүк үчүн өкмөт белгилеген нарк өзгөрбөгөнү менен иш жүзүндө баалар кескин кымбаттады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, эт, балык, сүт азыктары жана мөмө-жемиштердин наркы жогорулады. Учурда мамлекеттик түзүмдөр бекиткен […]

Казакстанда журналисттер митингге чыгышат

Казакстанда бир нече журналист ММКларды каттоо тартибине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы митингге чыгуу боюнча арыз беришти. Казакстан маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев нааразылык акциясы өтсө барып, өз пикирин ортого […]

The Washington Post: Мургабда Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашкан

Мургаб. Тажикстандын Кытай менен чектеш Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун аскердик базасы бар. Бул тууралуу The Washington Post гезити билдирди. Тажикстан аймагында Кытайдын аскердик базасы жайгашканын Душанбе менен […]

Тажикстанда бийликтеги партияга мүчө болгондордун саны 500 миңге жакындады

Президент Эмомали Рахмон башкарган Тажикстандын элдик демократиялык партиясы мүчөлөрүнүн саны дээрлик жарым миллионго жеткенин билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө партиянын 460 миңден ашык мүчөсү бар. Алардын 220 миңи аялдар болсо, […]

Ашхабад полициясы аялдардын айдоочулук күбөлүгүн алып коюуда

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, Ашхабадда полиция аял айдоочуларды токтотуп, ыксыз шылтоолор менен айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюуда. Маалыматтарга караганда, 18- февралда айдоочу аялды токтоткон полиция кызматкерлери анын “жол аптечкасы” талапка жооп […]

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда

Өзбекстандын Наманган облустук акимчилиги өлкөнүн Үй-бүлөлүк кодексине «Милдеттүү нике килишимин киргизүү» беренесин кошууну сунуштады. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги Telegram-каналы аркылуу билдирди. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, ортодо нике келишимин түзбөгөн жуптар […]

Немис эксперттери «Түркмөн аба жолдорунун» эл аралык деңгээлге чыгуусуна жардам берет

«Түркмөн аба жолдору» Европанын авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) талаптарына жооп берүүдөгү кемчиликтерин жоюу үчүн «Lufthansa Consulting» компаниясын жалдады. Бул тууралуу түркмөн авиакомпаниясынан билдиришти. «Жакында авиакомпания EASA талаптарына жооп берүүдө кыйынчылыктарга […]

Казакстанда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөн эки баланы куткарып калды

Шымкенттин Курсай кичи районунда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөгү эки кичинекей баланы куткарып калды. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, ишемби кечинде шаардын Жанакурылыс көчөсүндөгү […]

Казакстанда активист полиция имаратынан кулап, ооруканага түштү

Оролдо кармалган активист Албек Ергазиев шаардык ички иштер департаментинин имаратынын үчүнчү кабатынан боюн таштап, ооруканага жеткирилди. Жергиликтүү журналист Лукпан Ахмедьяров билдиргендей, анын ийини, кабыргалары сынган, башынан жаракат алган. Анын айтымында, […]

Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот 25-февралдан тарта чыгарыла баштайт

Өзбекстандын Борбордук банкы 25-февралдан тарта 100 миң сумдук жаңы банкнот чыгарыла баштай турганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жаңы банкнота улуу өзбек окумуштуусу Мирзо Улугбекке жана анын австрономиядагы жетишкендиктерине арналган. 100 […]

Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрө ачылды

Душанбе Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган Пянж дарыясындагы көпүрөнү бир жарым айдан кийин ачты. Бул жол аркылуу чек арага жакын жайгашкан ооганстандык айылдардын тургундары азык-түлүк алып өтүшөт. Тажикстандын Шамсиддин Шохин району […]

Бердымухамедов жолбун жаныбарлар үчүн баш калкалоочу жай ачат

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаныбарлар үчүн “борборлоштурулган клиника” ачууну буюрду. Анын алкагында жолбун иттер үчүн атайын жай уюштурулат. Мамлекеттик ММКлардын билдиришинче, медициналык мекеме өкмөттүн камкордугунда болуп, ага ишкерлер, жаныбарлардын укугун […]

Тажик бийлиги мессенджерлер аркылуу сүйлөшүү үчүн салык алууну көздөөдө

Тажикстандын Салык комитети жакынкы айларда мессенджерлер аркылуу сүйлөшкөндө колдонулган трафик үчүн абоненттерден салык алуу тууралуу сунушун өкмөткө жөнөтөт. Бул тууралуу журналисттерге мекеменин башчысы Нусратулло Давлатзода билдирди. Анын айтымында, өлкө жарандары […]

Түркмөнстанда кызмат өтөөгө «жараксыз» жарандар дагы аскерге чакырылууда

Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрү ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз адамдарды дагы аскерге кабыл алууда. Учурда өлкөдө жазгы аскерге чакырууга даярдык көрүүнүн алкагында өспүрүмдөр медициналык кароодон өтүп жатышат. «Азаттык» радиосунун түркмөн […]

Гүлнара Каримованын уулу апасынын саламаттыгы начар экенин айтып, Мирзиёевден жардам сурады

14-февралда Өзбекстандын маркум президентинин Лондондо жашап жүргөн улуу небереси Ислам Каримов үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди. 26 жаштагы Ислам Каримов Instagram […]

Тажик ИИМи: ОМОН тополоң чыккан түрмөгө барымтадагыларды бошотуу үчүн кирген

Былтыр 8-ноябрга караган түнү Хожент түрмөсүндөгү тополоңду баштагандар камактагыларды бошотууну талап кылып, болбосо барымтага алынган абактын 7 кызматкерин өлтүрө тургандыктарын айтышкан. Бул тууралуу 14-январдагы маалымат жыйынында өлкөнүн ички иштер министри […]

Түркмөнстанда жумуш издеген жарандар көбөйдү

Ашхабаддагы бала бакчалардын, мектептердин жана ишканалардын алдында жумуш издеген адамдар көбөйүүдө. Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринде жумуш издеген жарандардын жарыялары пайда болууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы […]

Тажикстан Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатат

Тажикстан жаз жана жай мезгилдеринде Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатууну көздөп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикстандын «Барки точик» мамлекеттик энергохолдингине шилтеме кылып жазышты. Маалыматка караганда, учурда […]

Тажик аткаминери аялдардын президенттикке ат салышуусуна каршы чыкты

Тажикстандын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Махбуба Азимова кийинки президенттик шайлоого аялдардын талапкерлигин коюусуна каршы экенин билдирди. Анын айтымында, «тажик аялдары коомдогу аялдардын ролун жогорулаткандыгы үчүн мамлекет башчы […]

Тажик бажычылары баптисттердин 5 миң жылнаамасын өрттөдү

Тажикстандын Бажы кызматы өлкөдөгү христиан коомдук уюмдарынын биринин буйрутмасы менен алынып келинген 5 миң жылнаама өрттөлгөнүн ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, жылнаамалар Душанбе аэропортунда былтыр 18-декабрда алынган. 13-февралда Тажикстанда каттоодон өткөн […]

Булак: Өзбекстан атайын кызматынын мурдагы башчысы камакка алынып, сурак берүүдө

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин бөгөт чарасы каралып, аны бир айга камакка алуу чечими кабыл алынды. «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана «Пара берүү» беренелери […]

Товар алмашуу боюнча кыргыз жана өзбек тараптын маалыматтарынын ортосундагы айырма $145 млн түздү

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өткөн жылы Өзбекстан менен товар алмашуу 336,5 миллион долларды түзгөнүн билдирди. Буга чейин Кыргызстандагы өзбек элчиси бул көрсөткүч 481 миллион долларга жеткенин айткан. Статистика комитетинин маалыматына […]

Казакстан: вице-министр орой жообу үчүн журналисттерден кечирим сурады

Казакстандын Улуттук экономика министринин орун басары Серик Жумангарин орой жообу үчүн журналисттерден кечирим сурады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 13-февралда интернетке вице-министр журналисттердин суроосуна «кыжырыма тийбегилечи» деп жооп […]

Ашхабад базарларында соодагерлерди нандын баасын төмөндөтүүгө мажбурлап жатышат

Өткөн жумада Ашхабаддагы базарларда бир тандыр нандын баасы 1 манаттан кымбат болбошу керектиги жазылган жарыялар пайда болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды. «Ал жарыяларда аткаминердин кол тамгасы менен […]

Тажикстанда муздаткыч чыгарган өзбек заводу ачылат

Өзбекстан Тажикстанда «Артель» муздаткычтарын өндүрө турган завод ачууну пландап жатат. Бул тууралуу 12-февралда Тажикстандын Инвестициялар жана мүлк башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Фаррух Хамрализода билдирди. Анын айтымында, учурда Душанбеде «Артель» […]

Казакстанда Кытайдан келген казактарга жардам берген топтун башчысы жоопко тартылууда

12-февралда Алматынын райондор аралык соту мекенине кайтып келүүнү каалаган кытайлык казактарга укуктук жара каржылык жардам берүү менен алектенген «Атажұрт еріктілері» уюмунун башчысы Серикжан Билашка каршы козголгон административдик ишти карай баштады. […]

Сотто Самарканд облусунун мурдагы башчысына козголгон кылмыш иши жабык каралууда

11-февралда Ташкент облустук сотунда Самарканд облусунун мурдагы башчысы Тураб Жураевге жана анын кол алдында иштеген төрт адамга каршы козголгон кылмыш иши каралды. Айыпталуучулардын туугандарынын айтымында, мурдагы облус башчысынын иши сотто […]

Өзбекстанда бардык балдар үйлөрүнө видеокөзөмөл камералары орнотулат

1-июнга чейин Өзбекстандагы бардык балдар үйлөрүнө видеокөзөмөл камералары орнотулат. 11-февралда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев «Жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык коргоо боюнча кошумча чаралар тууралуу» токтомго кол коюп, Элдик […]

Түркмөнстан Тажикстанга бараткан жүздөн ашык темир жол вагонун өткөрбөй жатат

Түркмөнстан Тажикстанга жүк алып бараткан 108 вагонду өткөрбөй, алар Түркмөнбашы, Сарахс, Мары, Талимаржан, Амударья жана Келиф станцияларында токтоп турушат. Маалыматтарга караганда, вагондордо өсүмдүк майы, күйүүчү май, мрамор, ошондой эле алюминий […]

Тажик ТИМи: өлкөгө террордук топтор тарабынан эч кандай коркунуч жок

Тажик-ооган чек арасындагы абал бийликтин көзөмөлүндө жана учурда террордук топтор тарабынан эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 12-февралда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал […]

Өзбекстанда бокс боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү убадаланган сыйакыны ала албай келишет

Былтыр 15-сентябрда Самаркандда өткөн кесипкөй бокс боюнча чемпионаттын 15 жеңүүчүсүнүн 14ү дале болсо убадаланган сыйакыларын алыша элек. Финалдан кийин алтын медаль ээлерине 8 миллион сумдан (1000 долларга жакын), күмүш медаль […]

Чет өлкөдө окуган түркмөн студенттери банк карталарынан акча ала албай жатышат

Чет өлкөлөрдө окуган түркмөн студенттери жергиликтүү банктар тарабынан берилген пластик карталардан акча алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматына Орусияда жана Беларуста окуган студенттердин ата-энелери билдиришти. […]

Казакстандын ИИМ башчысы алмашты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Ерлан Тургумбаев өлкөнүн ички иштер министри кызматына дайындалды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрин буга чейин жетектеп келген Калмуханбет Касымов […]

Казакстандагы сууктан улам коомдук кыймыл токтоду

Коңшу Казакстанда аба ырайы кескин сууп, коомдук кыймылды токтотту. Бул тууралуу Centralasian сайты жазды. Маалыматка ылайык, катуу сууктан улам өлкөнүн Караганды, Павлодар, Кокшетау, Чыгыш Каазакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде […]

Былтыр Түркмөнстанда пахта жыйноо планы 50%, буудайдыкы 30% аткарылган

Өткөн жылы Түркмөнстанда пахта жана буудай боюнча мамлекеттик план аткарылган жок. «Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын маалыматына караганда, пахта бийлик тарабынан расмий жарыялангандан эки эсеге, буудай үч эсеге аз жыйналган. Басылма бул […]

Өзбекстанда мугалимдерди журналга жазылууга мажбурлаган директор иштен алынды

Өзбекстандын Ташкент облусунда мугалимдерди мезгилдик басылмаларга жазылууга мажбурлаган мектеп директору иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты. Териштирүүнүн жүрүшүндө Ташкент […]

Тажикстанда калктын электр энергиясы үчүн карызы дээрлик 1 миллиард сомониге жетти

Тажикстандын «Барки точик» холдингинин расмий маалыматына караганда, калктын электр энергиясы үчүн карызы 956,8 миллион сомониге (105 миллион доллар) жетти. Бул мекеменин сайтына 11-февралда жарыяланган акыры статистикалык маалымат. Энергохолдингден мындай чоң […]

Булак: Кызматтан алынган өзбек Улуттук коопсуздук кызматынын башчысына кылмыш иши козголду

11-февралда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгынан кеткен Ихтиёр Абдуллаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар кабарлашты. Маалыматка караганда, бул кызматта бир жылдан ашык иштеген Ихтиёр Абдуллаев […]

Казакстандын Тенгиз кенинде иштеген жумушчулар тамакка ууланды

Атырау облусундагы Тенгиз мунай-газ кенинин нөөмөт шаарчасында «Тенгизшевройл» компаниясынын жумушчулары тамакка ууланышты. «Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, 25 киши нөөмөт шаарчасындагы кечки тамактан кийин «өздөрүн начар сезип», райондук ооруканага жеткирилишкен. «Биринчи […]

Карагандыда көп балалуу үй-бүлөлөр бийликтен жеңилдиктерди сурашты

11-февралда Караганды шаарында бийлик тарабынан уюштурулган жолугушууга жүздөн ашык көп балалуу үй-бүлөнүн өкүлдөрү катышты. Алар Караганды облусунун ар кайсыл шаарлары жана райондорунан келишкен. Жолугушуунун жүрүшүндө чогулгандар социалдык жардам көрсөтүүдө киреше […]