Жума, 22 Февраль, 2019 - 4:41
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

НАТО: Путиндин өнөктөштөрүн коркутушу орунсуз

Орусия президентинин НАТОдогу союздаштарын опузалашы орунсуз.  Бул тууралуу аскердик альянстын өкүлү Владимир Путиндин Федералдык кеңешке жолдогон кайрылуусуна комментарий берип жатып билдирди. Путин эгер Кошмо Штаттар Орто жана кыска аралыктагы ракеталар […]

Трамп Космостук аскер бөлүгүн түзүү тууралуу жарлыкка кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн космостогу кызыкчылыктарын коргоо менен алектене турган Космостук аскер бөлүгүн түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Өткөн жумада АКШнын аскердик чалгын агенттиги жарыялаган баяндамада өлкөнүн башкы каршылаштары […]

Берни Сандерс АКШдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Вермонт штатынан көз карандысыз сенатор Берни Сандерс 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кайрадан талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу ал жергиликтүү радиостанцияларга интервью берген учурда билдирди. 2016-жылы Сандерс президенттик кампанияга Демократиялык партиянын […]

Мамдума аскерлерге телефон колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы шейшембиде аскер кызматкерлерине жана жоокерлерге кызмат өтөп жатканда телефон колдонууга, маалыматты жазып алууга, сактоого, Интернетке туташкан жабдыктарды пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Ошондой эле […]

Стамбулда теракт жасоого шектелген Машарипов айыптоолорду четке кагууда

Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга айыпталган Өзбекстан жараны Абдулкадыр Машарипов кылмышка тиешеси бар экенин четке кагууда. Hurriyet гезити маалымдагандай, 18-февралда өткөн сот отурумунда Машарипов: “Мен бул кылмышты жасаган жокмун. Ал […]

Түркмөнстандын президенти өзүнүн аргымагын мамлекеттик циркке белекке берди

17-февралда, Түркмөнстандын мамлекеттик циркинде «Галкыныш» тобуна президенттин Рухубелен аттуу күлүк аргымагын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты. Аталган кабардан кийин мамлекеттик циркте белекке берилген […]

Песков: Кремль камакка алынган америкалык ишкердин ишине тыкыр көз салууда

Кремль ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган белгилүү америкалык инвестор Майкл Калвинин кармалышынын айланасындагы жагдайга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал журналисттердин […]

АКШнын 16 штаты Трамптын өзгөчө абал киргизүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды

Дүйшөмбү күнү президент Дональд Трамптын өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын жокко чыгаруу максатында АКШнын 16 штаты, анын ичинде Калифорния менен Нью-Йорк Сан-Франциско сотуна кайрылды. Трамп мындай кадамга Мексика менен чек […]

Airbus дүйнөнүн эң чоң учагын чыгарууну токтотот

Европанын эң чоң авиакомпаниясы Airbus дүйнөнүн эң көлөмдүү учагы болгон А380 моделин чыгарууну токтотот. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, компания акыркы буюртмаларын 2021-жылы тапшырып, аталган моделди өндүрүүнү […]

Түркияда жумушсуздардын саны 4 миллионго жетти

Түркияда расмий түрдө жумушсуздардын саны 2019-жыддын январь айына карата 3 миллион 776 миңди түздү. Бул тууралуу Иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик «Ишкур» башкармалыгы жарыялады. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул айынан […]

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 111-орунду ээледи

Ирландиялык “Ookla” компаниясынын “Speedtest.net” сервиси “Speedtest Global index” дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө мобилдик жана зымдуу интернеттин ылдамдыгын текшерген изилдөө жүргүзгөн. Анда 2019-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мобилдик интернет боюнча 111-орунду […]

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япония орусиялыктар үчүн кыска мөөнөттүү визасыз режимди алып салып, ордуна 90 күндүк визасыз режимди киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу «Риа новости» жазды. Маалыматка ылайык, Япониянын Тышкы иштер министри Таро Коно бул […]

Сауд Аравиядагы Camel Fest эл аралык этнофестивалына Кыргызстандан 1000 киши барат

Көчмөндөрдүн турмушун көрсөтүү үчүн миңдей кыргызстандык өнөрпоз Сауд Аравиядагы Camel Fest эл аралык этнофестивалына барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 9-марттан […]

Сирияда ИМ тобунун диктору кармалды

Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун көптөгөн видео тасмаларын англис тилинде коштоп сүйлөп жүргөн Канаданын жараны кармалды. Бул тууралуу “The New York Times” гезити жазып чыкты. Канаданын жаранын коалициялык күчтөр январда […]

Орусия санкциялардан улам 6 миллиард доллардан ашуун зыян тартты

Орусиялык экспортчулар Батыштын экономикалык санкцияларынан улам 6 миллиард 300 миллион доллар жоготушту. Бул тууралуу “Интерфакс” Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин баяндамасына таянуу менен билдирди. Баяндамада орус товарларына 25 жолу чектөө киргизүү […]

Иран: Тегеран Тажикстанга бир туугандай мамиле кылат

Иран тажик өкмөтүнө бир туугандай мамиле кылат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Бахрам Касеми Тегеранда өткөн маалымат жыйынында билдирди. «Мен Тажикстандын тышкы иштер министринин сөздөрү менен […]

The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады

Орусиянын мурдагы Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) полковниги жана британ тыңчысы Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлап, дарыгерлер ага жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу 17-февралда The Sunday Times британ басылмасы өлкөнүн атайын кызматтарындагы […]

Дональд Трамп Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ АКШнын президентти Дональд Трампты, американын өкмөтүнүн өтүнүчү менен Нобель сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу The Asahi Shimbun басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 2018-жылы июнь айында Сингапурда Америка […]

Трамп ЕБны ИМ тобунун катарында согушкан жарандарын кайтарып алууга чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп Британия, Франция жана Германияны америкалык аскерлерди туткунга алган “Ислам мамлекети” тобунун 800дөн ашуун мүчөсүн артка кайтарып, жоопко тартууга чакырды. Трамптын айтымында, эгер бул иш жасалбаса, АКШ колго […]

Гүлнара Каримовага $350 млн пара берди деп айыпталган Telia компаниясынын жетекчилерин швед соту актады

Стокгольм соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар пара берүүгө айыпталган телекоммуникациялык Telia компаниясынын мурдагы жетекчилерине карата өкүм чыгарды. Сот өкүмүндө айтылгандай, швед мыйзамдарына ылайык, кимдир бирөө […]

Видео – Москвада тамак ташып иштеген Кыргызстандык Daewoo Matiz унаасы менен автобустун алдына кирип кетип каза болду

14-февралда Москванын Орехово бульварында, Daewoo Matiz автоунаасы менен келаткан, Кыргызстандын 1995-жылы туулган жараны чоң автобустун алдына унаасы менен кирип кетип каза болгон. Бул тууралу Орусиялык “Федеральное агентство новостей” жаңылыктар кызматы […]

Видео – Орусиянын бир нече шаарларында кара түстөгү кар жаады

Орусиянын Кемеров облусунун бир нече  шаарларында кара түстөгү кар жаады. Жергиликтүү жашоочулар бул көрүнүштү сүрөт жана видеого тартып социалдык тармактарга сала баштагандан кийин, кырдаалга облустун губернатору да көңүл бурган. Бул […]

Путин кылмыштуу топтордун башчыларын жазадан бошотууну сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин өз ыктыяры менен кылмыштуу иштерден баш тарткан жана ага бөгөт коюуга жардам берген уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жазадан бошотууну сунуштады. Ал тиешелүү демилге менен Мамлекеттик думага […]

Трамп жакынкы күндөрү өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп федералдык өкмөттү каржылоо тууралуу мыйзам долбооруна кол коюп, Мексика менен чек арага дубал курууга каражат алуу үчүн өлкөдө өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу 14-февралда республикачы […]

Майк Помпео: «Ирандагы терактка АКШнын тиешеси жок»

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматына берген маегинде Ирандагы терактка АКШ менен Израилдин тиешеси жок экенин билдирди. 13-февралда Ирандагы теракттан 40тан ашык адам, анын ичинде Ислам […]

Фото – Кыргыз балчылары Япониядагы «Food Table in Japan» аттуу эң ири көргөзмөгө катышууда

13-15-февралда Япониянын Макухари Мессе көргөзмөлөр комплексинде (Тиба шаары), тамак-аш азыктарынын эӊ ири көргөзмөсү «Food Table in Japan» өтүп жатат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан «Нектар», «Нарын Уюк», «Aman Green Food», «Мол Түшүм» […]

Блумберг шайлоодо Трамптын атаандашын колдоо үчүн 500 миллион доллар бөлөт

Bloомberg компаниясынын негиздөөчүсү, Нью-Йорктун мурдагы мэри, миллиардер Майкл Блумберг 2020-жылкы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын атаандашын каржылоо үчүн 500 миллион доллар жумшоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу Politico басылмасы Демократиялык партиядагы өз булактарына […]

Горбачев: АКШ «толук аскердик артыкчылыкка ээ болууга» аракет кылууда

АКШ менен Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгышы — дүйнөдөгү абалдын туруксузданышына жана жаңы курал-жарак жарышына алып келет. Бул тууралуу СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев «Ведомости» гезитиндеги өз […]

ЕБ өлкөлөрү менен БУУ Москваны Донбасстагы жаңжалды күчөтпөөгө чакырышты

Франция, Германия, Улуу Британия, Бельгия жана Польша мамлекеттери Орусияны жикчилдерге аскердик жардам көрсөтүп, Украина чыгышындагы куралдуу жаңжалды күчөтпөөгө чакырышты. «Европа өлкөлөрү мурдагыдай эле Орусия тараптан Крымдын аннексияланышына каршы. Москванын аракеттери […]

АКШнын мамлекеттик карызы алгачкы жолу 22 триллион доллардан ашты

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү тарыхта биринчи жолу 22 триллион доллардан ашты. Дональд Трамп президент болгондон кийин мамлекеттик карыз 2 триллион долларга көбөйгөн. Мамлекеттик карыздын көбөйүшү […]

Македония республикасы расмий атын өзгөрттү

Македония республикасы кечээ 12-февралда расмий атын “Түндүк Македония” деп  өзгөрттү. Мурунку Югославиядан бөлүнгөн республика атынан тышкары, конституциясын жана расмий символдорун да өзгөрткөн. Өлкө мындай кадамдарга узак убакыттар бою Греция менен […]

Түркияда миңден ашык оппозициячыны камакка алуу буйругу чыкты

Түркияда динаятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылына тиешеси бар деп шектелген миңден ашык адамды камакка алуу буйругу чыкты. CNN Turk телеканалынын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн көбү Анкарада жашайт. Бирок полициянын операциялары өлкөнүн бардык […]

UFC мушкери мээсин илимий изилдөө үчүн арнады

UFCнин атактуу мушкери бразилиялык Вандерлей Силва өзү көз жумган соң баш мээсин илимий изилдөөлөр үчүн арнай турганын кабарлады. Бул тууралуу Риа новости жазды. «Мен мээнин касиети жана анын алуусу ыктымал […]

Кытай элчиси: Саясий тарбия берүүчү лагерлер жок

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунда «саясий тарбия берүүчү лагерлер» жок. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа билдирди. Анын айтымында, аталган автономдук районундагы кырдаал – бул Кытайдын […]

Конгресс АКШнын түштүк чек арасындагы коопсуздук боюнча макулдашууга жетти

АКШ Конгрессиндеги демократтар менен республикачылар өлкөнүн түштүк чек арасындагы коопсуздук маселеси боюнча болжолдуу макулдашууга жетишти. Сенаттагы республикачы Ричард Шелбинин билдиришинче, конгрессмендер дүйшөмбү кечке чейин созулган жабык жыйында “принципиалдуу макулдашууга” жетише […]

Ооганстандын жашоочулары Душанбеден чек арадагы көпүрөнү ачууну суранышууда

Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен райондорунун тургундары Душанбеден Пянж дарыясы аркылуу өтчү көпүрөнү ачууну суранып жатышат. Аталган көпүрө быйыл 1-январдан тарта «коопсуздук максатында» жабылган. Маалыматтарга караганда, тажик-ооган чек арасынын аталган бөлүгүндө […]

Украинадагы президенттик шайлоого 44 талапкер катышат

Украин бийлигинин маалыматы боюнча мартта өтө турган президенттик шайлоого рекорддук сандагы 44 талапкер катышат. Талапкерлигин экинчи ирет коюп жаткан өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко Украинанын Европа Биримдиги менен НАТОго мүчө болушу […]

Орусиянын тургуну өзүнүн тирүү экенин сот аркылуу далилдөөгө аргасыз болду

Орусиянын Иркутск облусундагы Братск шаарынын тургуну өзүнүн тирүү экенин күбөлөндүрүп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү прокуратурага кайрылган. Ал өткөн жылдан бери бардык мамлекеттик маалымат базаларында өлгөн адам катары эсептелип келген. Аялдын […]

Фото – Брюсселде өткөн «Brussels Holiday Fair» аттуу Европадагы эң чоң туристтик көргөзмөгө Кыргызстандын «Номадстан» туристтик компаниясы катышты

8-февралда Брюссель шаарында «Brussels Holiday Fair» аттуу Европадагы эң чоң туристтик көргөзмөлөрүнүн биринчи ачылышы болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Элчиликтин колдоосунун негизинде аталган көргөзмөгө биринчи жолу  […]

Түркия Кытайды уйгурлар мажбурлап кармалган «саясий кайра тарбиялоо» лагерлерин жабууга чакырды

Расмий Анкара Кытайды уйгур азчылыгынын укуктарын сыйлоого жана алар мажбурланып кармалып турган лагерлерди жабууга чакырды. Бул тууралу Туркиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Хами Аксой билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. […]

ЕӨРБ Каспий деңизинин түркмөн жээктеринде мунай иштетүүгө насыя бербейт

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) Каспий деңизинин жээктериндеги мунай кендерин иштетүү үчүн Түркмөнстанга насыя берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 7-февралда «Crude Accountability» укук коргоо уюму билдирди. Насыянын суммасы 21 […]

АКШнын Сириядагы союздаштары «ИМ» тобуна каршы «акыркы кармашын» баштады

АКШ колдогон Сириянын демократиялык күчтөрү ишемби күнү «Ислам мамлекети» террордук тобунун көзөмөлүндөгү Сириядагы акыркы аймакка чабуулун баштады. Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлү Reuters агенттигине бул чабуул алардын «ИМ» тобуна каршы Сирия […]

Орусиянын шаарларындагы жүрүштөр маалында бир нече киши кармалды

Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында бийлик менен макулдашылбаган нааразылык акциялардын онго жакын катышуучусу кармалды. «Ачык Орусия» уюмунун активисти Анастасия Шевченкого тилектештик билдирген мындай жүрүштөр Екатеринбург, Ярославль, Казан, Махачкала, Орёл жана […]

Америкалыктарга «Түркмөн аба жолдорунун» учактары менен учууга тыюу салынды

АКШнын Түркмөнстандагы элчилиги америкалык дипломатиялык миссиянын кызматкерлерине «Түркмөн аба жолдору» авикомпаниясынын учактары менен саякаттоого тыюу салынгандыгын билдирди. «Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги (EASA) «Түркмөн аба жолдору» эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп […]

Видео – Карышкырлардын бугуларга кол салуусун видеотасмага тартып алышкан

6-февралда You Tube социалдык тармагына “Карышкырлардын бугуларга кол салуусу” аттуу видеотасма жарыяланды. Анда АКШнын Йеллоустон улуттук паркындагы бугулардын үйүрүнө кол салган карышкырлардын чоң тобу тасмага тартылып алынган. Тасмада көрүнгөндөй быйыл […]

Быйыл Түркияда эс алуу кымбаттайт

2019-жылы Туркияда эс алуу 10-15%га кымбаттайт. Мындай жогорку баалар өзгөчө КМШ өлкөлөру үчүн күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын туристтик операторлор ассоциациясынын директору Майя Ломидзе билдирди. Мунун башкы себеби-өлкөдөгү экономикалык абалдын кескин […]

Дүйнөнүн эң бай адамы опузага кабылганын билдирүүдө

Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос National Enquirer журналын басып чыгарган American Media Inc холдинги тарабынан опузалоого кабылганын билдирди. Анын айтымында, холдингдин өкүлдөрү Безоско кайрылып, эгер ал журналга карата иликтөөсүн токтотпосо, […]

Магнитогорскто сегиз кишини куткарган өзбекстандык Орусияда медаль менен сыйланды

6-февралда Орусиянын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский өзбек жараны Оламафруз Абдуллаевге «Жакшылык кылууга шашылгыла» деген медаль тапшырды. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Оламафруз Абдуллаев […]

Орусияда муз тийген студенттин өлүмүнөн кийин окуу жайдын проректору кармалды

Санкт-Петербургда Мамлекеттик химия-фармацевтикалык университеттин проректору кармалып, ага карата “Шалаакылык” жана “Пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 5-февралда университеттин чатырынан муз түшүп, 23 жаштагы 5-курстун студенти, өзбекстандык Бабурбек Очилов мерт […]

Франция президенти Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышпай калды

Франция президенти Эммануэль Макрон Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышуудан баш тартты. Иш-чара 15-17-февралда өтөт. Бул тууралуу Suddeutsche Zeitung басылмасы билдирди. 16-февралга белгиленген Макрон менен Германия канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусу болбой […]