Жума, 22 Февраль, 2019 - 4:47
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

Видео – Бакытбек Райымкулов: “Суу чарба департаментинин жетекчисин алмаштырыш керек, иштей тургандарды алып келгиле”

“Суунун баасын чечүүдөн мурун Казакстан менен Кыргызстандын аралыгында агып жаткан сууну так бөлүштүрбөйсүздөрбү. Аспара суу бөлүштүргүчүн качан чечесиздер? Бул жерде суунун Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бөлүнүшү тээ, 1949-жылы 38\60 болуп […]

Тажикстанда кайрадан доллар тартыштыгы байкалууда

Тажикстандын банк мекемелериндеги доллардын тартыштыгынан улам көмүскө базарда америкалык валютанын курсу жогорулап кетти. 20-февралда өлкөдөгү үч банк менен кичи каржы уюмдары бир адамга 200 доллардан ашык сатууга чектөө киргизишкенин билдиришти. […]

Экономика министри: “Күйүүчү майдын  баасы 3-4 сомго төмөндөйт деп күтүп жатабыз”

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Экономика министри Олег Панкратов Казакстандан күйүүчү майды импорттосо, анда Россисиядан ташылып келген күйүүчү майдын баасына салыштырмалуу 3-4 сомго арзан болушу ыктымал деп билдирди. Анын […]

Видео – Аалы Карашев: “Кыргызстанда суу товар деген болбогон сөз, бул тармакка жылына бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнөт, тапкан кирешелери 60 миллион сом”

Кечээ, 20-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Аалы Карашев республикалык бюджеттен жылына Суу чарба жана мелиорация департаментине 1,5 миллиард сом бөлүнүп жатканын, ал эми алардын жылдык тапкан кирешеси 60 миллион гана […]

Аида Исмаилова, ЖК депутаты: «Улуттук энергохолдинг компаниясы мыйзамсыз түзүлгөн, иштиктүү аракеттерге жөндөмсүз ашыкча түзүм экени көрүнүп турат»

Эгерде чындап эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрөлү десек, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети менен Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюп, Энергетика жана отун ресурстары министрлигин түзүү зарыл. Ага энергокомпаниялардагы мамлекеттин […]

Кожобек Рыспаев, КСДПчы депутат: “ТЭЦке долбоору, ТЭОсу жок, тендер өткөрбөй ТВЕАны алып келишип, колду кайрышкан”

– Кожобек Жайчыбекович, Айбек Калиевдин адвокаты «ТЭЦ иши боюнча профилдик комитеттин төрагасы катары Кожобек Рыспаевди да суракка чакырыш керек» деди. Сиз буга кандай карайсыз? – Чакыра берсин! Тергөөчүлөр ансыз деле […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик каржы институттары 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берди

“2018 -жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди”, – деп […]

Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшкөн айыппулдар кимдерге кандайча бөлүштүрүлөрүн ачыктады

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн эсептелген айыппулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз […]

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 15,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 15,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, аталган мекемеде 2016-жылдагы бюджеттик жана […]

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү канча?

2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (сырткы жана ички) жалпы көлөмү $4 миллиард 464,35 миллион (311 миллиард 834,67 миллион сомду) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Алардын ичинен: -$3 миллиард […]

Кыргызстандын Европа биримдигине экспорту өстү

Кыргызстан «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган соңку үч жылдан бери Европа биримдигиндеги өлкөлөргө экспорту өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева билдирди. —Эгер алтынды эсепке албай, […]

2019-жылга карата Ош шаарынын бюджети бекитилди

Бүгүн, 19-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясында Ош шаарынын 2019-жылга карата бюджети бекитилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Сессиянын күн тартибине 8 маселе коюлуп, ага Ош […]

Өткөн жылы мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которду

2018-жылы мигранттар тарабынан өлкөгө 3 миллиардга жакын акча которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат. Маалыматка ылайык, 2018-жылы жеке жактардын өлкөгө которгон акчасы 2 миллиард 685 миллион 400 миң долларды […]

Орусия санкциялардан улам 6 миллиард доллардан ашуун зыян тартты

Орусиялык экспортчулар Батыштын экономикалык санкцияларынан улам 6 миллиард 300 миллион доллар жоготушту. Бул тууралуу “Интерфакс” Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин баяндамасына таянуу менен билдирди. Баяндамада орус товарларына 25 жолу чектөө киргизүү […]

Акылбек Жапаров: “Германиядан жардамга келген 542 миллион евро каякка коротулду?”

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Акылбек Жапаров Кыргызстанга Германиядан алынган гранттык каражат каякка жумшалгандыгына кызыкты. Аталган комитет буга чейин Германия Федералдык мамлекети менен Кыргыз […]

Германия Кыргызстанга  40 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат берет

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку […]

Видео – Эмил Токтошев, Атамекенчи депутат: “Биз кыргыздар мындай чоң акча менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу колубуздан келбейт экен, баары бир жеп кетишет”

“Биз кыргыздар мындай чоң акча менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу колубуздан келбейт экен. Кийинки долбоорлор да таза ишке ашат деп эч ким кепилдик бере албайт”, – деп билдирди депутат Эмил […]

Темир Сариев: «2016-жылы Хаменюк Атамбаевдин атына “Сарыгулов ай сайын менден 200 миң доллар талап кылып турчу” деп атайын кат жөнөткөн»

— Темир Аргенбаевич, сиз “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссияны жетектегенде бир топ маалыматтарды элден жашырбаса, Жогорку Кеңештин кабыл алган чечими Кыргызстандын пайдасында болмок деген Дастан Сарыгуловдун сөзүнө өз чындыгыңызды айтайын деп жатпайсызбы. […]

Видео – Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “2014-жылы биз АКШнын авиабазасын чыгарганда, Россия бизге берген $2 млрд акчага жардамды ким каякка жумшап жатат?”

“Бир чоң маселе, 2014-жылы Кыргызстан Американын авиабазасын чыгарганда Россия бизге 2 млрд долларга аскердик-техникалык жардам беребиз деп убада кылган”, – деп билдирди кечээ, 14-февралда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Бишкек […]

Орозбек Дүйшеев, тоо-кен инженери: “Менин да айтчу сөзүм бар”

Урматтуу «Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев! Сиздердин гезиттин 2019-жылдын 8-февралында жарык көргөн 04-номеринде Дастан Сарыгуловдун «Т.Сариев, Ш.Мамбетов, О.Дуйшеев жалгыз келип, жекеме-жеке мени менен чыксын, коркпосо келишсин» деген бизге […]

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП өсүшү 3,5 %ды түздү

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 557,1 млрд сом суммасында саналып, анын реалдуу өсүү темпи 3,5%ды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн  жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, экономикалык өсүш бардык […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү

Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Бул тууалуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт […]

2019-жылы Кыргызстандын экономикасы 4%га өсүшү күтүлүүдө

  2019-жылы Кыргызстандын экономикасы 4%га өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жыл 2018-жылга караганда ийгиликтүү болот. Эл аралык каржы инстутуттары өлкөгө […]

Тажикстан Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатат

Тажикстан жаз жана жай мезгилдеринде Өзбекстанга сатылып жаткан электр энергиясынын баасын жогорулатууну көздөп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Тажикстандын «Барки точик» мамлекеттик энергохолдингине шилтеме кылып жазышты. Маалыматка караганда, учурда […]

Акылбек Жапаров: “Кытайга кредит сурап барган биздин жетекчилер “Керек болсо суверенитеттен баш тартабыз, ТЭЦти алгыла, жолду алгыла!” деп өздөрү сунуш кылышкан”

“Мындан ары Бишкек ТЭЦиндей кыска убакытка – 20 жылга 2% менен кредит албашыбыз керек. Мындай ыңгайсыз кредиттерди алууга өкмөткө тыюу салышыбыз зарыл. Артынан киреше алып келе турган гана кредиттерди алышыбыз […]

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “2014-жылы биз АКШнын авиабазасын чыгарганда, Россия бизге берген $2 млрд акчага жардамды ким каякка жумшап жатат?”

“Бир чоң маселе, 2014-жылы Кыргызстан Американын авиабазасын чыгарганда Россия бизге 2 млрд долларга аскердик-техникалык жардам беребиз деп убада кылган”, – деп билдирди бүгүн, 14-февралда депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Бишкек […]

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Бизде эки рак оорусу бар – Транспорт министрлиги $2 млрд, Энергетика министрлиги $2 млрд кредит жеди”

“Биринчиден, биз Кытай биздин коңшу мамлекет экенин унутпасак, дагы 10 жылдан кийин Кытай дүйнөдөгү биринчи экономика болот. Кредит берген алар күнөөлүү эмес, ал кредитти уурдаган биздин чиновниктер күнөөлүү”, – деп […]

Фото – Кыргыз балчылары Япониядагы «Food Table in Japan» аттуу эң ири көргөзмөгө катышууда

13-15-февралда Япониянын Макухари Мессе көргөзмөлөр комплексинде (Тиба шаары), тамак-аш азыктарынын эӊ ири көргөзмөсү «Food Table in Japan» өтүп жатат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан «Нектар», «Нарын Уюк», «Aman Green Food», «Мол Түшүм» […]

Орусия Кыргызстандын эт азыктарын киргизүүгө койгон чектөөсүн алды

11-февралда Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2007-жылы  Кыргызстандан Орусияга эт алып кирүүгө койгон чектөөсүн алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспексиясынан кабарлашты. Анда 2007-жылы […]

Өкмөт жарык жана жылуулук тарифтерин көтөрүү маселесин караган жок

Кыргызстандын өкмөтү жарык жана жылуулук тарифтерин жогорулатуу маселесин караган жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Жаңы тарифтик саясат тууралуу маселени депутат Аида Исмаилова көтөрүп […]

Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттоп баштады

Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттоп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда КРнын Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы  Анаркүл Беккулиева маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, картошканы экспортоо боюнча Түркмөнстан жана Казакстан […]

Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 464 млн АКШ долларын түздү

Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 464 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыктын директорунун орун басары Марлен Амандыков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 4 млрд. […]

Товар алмашуу боюнча кыргыз жана өзбек тараптын маалыматтарынын ортосундагы айырма $145 млн түздү

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өткөн жылы Өзбекстан менен товар алмашуу 336,5 миллион долларды түзгөнүн билдирди. Буга чейин Кыргызстандагы өзбек элчиси бул көрсөткүч 481 миллион долларга жеткенин айткан. Статистика комитетинин маалыматына […]

Кыргызстан менен Өзбекстандын сырткы товар алмашуусундагы сандар эки башка болууда

Кыргызстан менен Өзбекстандын сырткы товар алмашуусу тууралуу маалыматтар жүздөгөн миллион долларга төп келишпей жатат. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети 2018-жылдын декабрь-январь айларында тышкы товар алмашуу 336,5 миллион долларды түзүп, 8,6 пайызга […]

Жанар Акаев: “Кошуна өлкөнүн жарандары бизде айына 500 же 1000 сомго патент алып иштеши керек”

Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик жарандар айына 500 же 1000 сомго патент алып иштеши керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  депутат Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, мындай […]

АКШнын мамлекеттик карызы алгачкы жолу 22 триллион доллардан ашты

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү тарыхта биринчи жолу 22 триллион доллардан ашты. Дональд Трамп президент болгондон кийин мамлекеттик карыз 2 триллион долларга көбөйгөн. Мамлекеттик карыздын көбөйүшү […]

Өткөн жылы инвестициянын көлөмү 31 пайызга азайган

Ушу тапта дүйнөдө түз инвестициялардын көлөмү түшүп жатат. Анын башкы себеби кирешелердин төмөндөшү менен айрым мамлекеттердин бири-бирине киргизген санкциялары болууда. Мисалы, өткөн жылы экономикасы өткөөл мезгилде турган өлкөлөргө инвестициялардын тартылышы […]

Былтыр Түркмөнстанда пахта жыйноо планы 50%, буудайдыкы 30% аткарылган

Өткөн жылы Түркмөнстанда пахта жана буудай боюнча мамлекеттик план аткарылган жок. «Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын маалыматына караганда, пахта бийлик тарабынан расмий жарыялангандан эки эсеге, буудай үч эсеге аз жыйналган. Басылма бул […]

ЭККМК Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 10 миллион сомдон көп акча которду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 10 миллион 626 миң 597 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу КРӨгө караштуу ЭККМК билдирди. […]

2018-жылы 33 миң чет элдик жаранга Кыргызстанга кирүү үчүн электрондук виза берилген

2018-жылы Кыргызстанга кирүү үчүн электрондук визаны 33 миң чет элдик жаран алган. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жайында Мамлекеттик миграция кызматынын паспорт-визалык бөлүмүнүн жетекчиси Бахтияр Шакиров билдирди. Анын айтымында, визаларды өлкөгө […]

Фото – Брюсселде өткөн «Brussels Holiday Fair» аттуу Европадагы эң чоң туристтик көргөзмөгө Кыргызстандын «Номадстан» туристтик компаниясы катышты

8-февралда Брюссель шаарында «Brussels Holiday Fair» аттуу Европадагы эң чоң туристтик көргөзмөлөрүнүн биринчи ачылышы болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Элчиликтин колдоосунун негизинде аталган көргөзмөгө биринчи жолу  […]

ЕӨРБ Каспий деңизинин түркмөн жээктеринде мунай иштетүүгө насыя бербейт

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) Каспий деңизинин жээктериндеги мунай кендерин иштетүү үчүн Түркмөнстанга насыя берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 7-февралда «Crude Accountability» укук коргоо уюму билдирди. Насыянын суммасы 21 […]

Дастан Сарыгулов, экс-Мамлекеттик катчы: «Темир Сариев жалгыз келип, жекеме-жекеге мени менен чыксын, коркпосо келсин»

— Дастан Исламович, 28-январь күнү өткөн жыйында “Кумтөр” келишимдерин денонсациялоо же болбосо улутташтыруу жөнүндө сөз болуп, аны А. Бекназаров, М. Шеримкулов, А. Матубраимов, О. Дүйшеев, Б. Мамбетов, М. Абылов жана башкалар колдошту. Сиз бөлөк жолду айтып, алардын […]

Эркинбек Чодуев, Айыл-чарба жана мелиорация министринин орун басары: “Өзбекстан менен Казакстан өздөрү картошканы көп өндүрүптүр”

Акыркы учурларда Айыл чарба министрлигине эң көп дооматтар айтылууда. Айрыкча дыйкандарыбыз өндүргөн картошкалардын арзан баасы сын-пикирге негизги фактор болду. «Чек ара ачылды, жакшы баада коңшу өлкөлөргө экспорттойбуз» деген сөздөргө ишенген […]

Тышкы карызды төлөөнүн көлөмү көбөйүүдө

Кыргызстандын тышкы карызы 4,7 млрд. доллардын тегерегинде экенин расмий булактар айтып эле келатат. Эгемендик алган жылдардан бери 9 млрд. долларга жакын карыз алганбыз. Кайтарымсыз карыздарыбыз деле бир топ болду. Кечип […]

Депутат Аалы Карашев: «Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттиги мамлекетти 7 эсе чыгашага учуратат экен, бизге ушундай түзүмдүн кереги барбы?»

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Аалы Карашев экономика министри Олег Панкратовду инвестиция тартуу көлөмүнүн кескин түшүп кетишине өз күнөөсүн моюнга алууга […]

“Кыргыз темир жолу” ишканасы Орусияга сатылбайт

Айрым массалык-маалымат каражаттары “Кыргыз темир жолу” ишканасы “Орусияга сатылат” деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберди. Бул маалымат жалган, такталбаган маалымат экендигин ишкананын маалымат катчысы Эркин Каимов билдирет. Анын айтымында 2019-жылдын […]

Фото – 2018-жылга карата республикалык бюджетти аткаруунун жыйынтыктары чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Мында 2018-жылга карата өлкөнүн республикалык бюджетин аткаруунун жыйынтыктары талкууланды. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Коллегиялык […]

2018-жылы бюджетке 6 млрд. сом аз түштү

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 4-февралдагы жыйынында 2018-жылы республикалык бюджет пландагыдан 6 млрд. сомго аткарылбай калгандыгы белгилүү болду. Мындай маалыматты депутаттарга билдирген каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтуусунда, жалпысынан […]