Жума, 22 Февраль, 2019 - 4:06
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Иса Өмүркулов деген өзү ким?

Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду  өз катарынан чыгарганын жарыя кылды. Партиянын саясый кеңеши өз отурумунда бул чечимди бир добуштан кабыл алышкан. Иса Өмүркуловдун “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрү менен болгон жолугушуусү […]

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стөлдүн ишине катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Мамлекеттик органдар ортосундагы балдарга карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселеси боюнча өз-ара аракеттешүү механизмдерин өркүндөтүү» аттуу тегерек стөлдүн ишине катышты. Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз […]

Укук коргоочу Нурбек Токтакуновду каралоо кампаниясына байланыштуу “Адилеттүүлүк үчүн” комитетинин билдирүүсү

Акыркы күндөрү укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакуновдун ар-намысына, жеке жашоосуна байланыштуу, адамдык жана саясий маданиятка туура келбеген, каралоочу макалалар жана видеолор социалдык түйүндөр аркылуу коомго таратыла баштады. Биз бул […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт

“Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул […]

Орточо айлык ойдогудайбы?..

2018-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлыктын өсүшү 3,8 пайызды түзүп, 16 миң 218 сом деп эсептелди. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдап чыкты. Былтыр ноябрь айында улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы […]

Кыргызстанда 85 миңден ашык баланын ата-энеси чет жерде иштеп жүрөт

Бүгүн, 21-февралда Бишкекте өткөн тегерек столдун алкагында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова Кыргызстанда 85 миңден ашык баланын ата-энеси чет жерде иштеп жүрөт деп […]

Ташкентке Казакстандын аймагы аркылуу газ жеткириле баштады

Казакстан өз аймагы аркылуу жаратылыш газын Ташкентке өткөрө баштады. Бул тууралуу 20-февралда Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди. Маалыматка караганда, жаратылыш газын Казакстан аркылуу берүү кышкы мезгилде Ташкенттеги энергетикалык балансты […]

Алты эсе жогору булганган аба

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда абанын булганышы нормасынан дээрлик алты эсеге ашып кетти. Мындай маалыматты «МувГрин» жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот. Ага ылайык, Бишкектин алты жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор […]

Видео – Түрк актёру Бурак Озчивит Ташкенттеги үй куруу долбоорунун «жүзү» катары тандалды

Белгилүү түрк актёру Бурак Озчивит Ташкенттеги бузулган үйлөрдүн ордуна курула турган «Olmazor city» долбоорунун жарнамасына тартылат. Бул тууралуу аталган долбоорду ишке ашыра турган «Bizning uylar» компаниясынын өкүлдөрү билдиришти. Долбоордуна 16-февралда […]

Тынчтык Шайназаров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Оштогу көйгөй… Одоно айтканда, акмакчылык!”

– Тынчтык мырза, Ош шаары менен Мады айылынын ортосунда суу маселеси боюнча пикир келишпестик болуп жатыптыр. Чырдын себеби эмнеде? – Бул мындай да. Мады айылында булактар көп. Союз мезгилинде үч […]

Видео – Алайда депутаттар Садык Шер-Нияз менен Жанар Акаев бири-бирин макташты

Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин көчмө жыйынынын алкагында бир канча депутаттар Ош облусунун Алай районунда иш сапарда жүрүшөт. Алайлыктар менен жолугушуу учурунда депутат Садык Шер-Нияз Алай районундагы Курманжан Датка музейине «Курманжан […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот

“Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот”, – деп белгиледи […]

Видео – Бишкектеги түрк лицейинин директору окуучуларга ыдык көрсөтүп келген

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Ирина Карамушкина Бишкектеги Жал кичи районунда жайгашкан түрк лицейинин окуучуларынын ата-энелери арыз менен кайрылышканын билдирди. Анын айтымында,  аталган лицейдин директору Амир Айдын окуучулардын […]

Видео – Айдар Халиков: “Ар бир адам өзүнүн улутун сүйөт, референдумсуз улут графасын алгандар чыккынчылар”

Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз Айдар Халиков  Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Тайырбек Сарпашовго каршы доо арыз менен сотко кайрылган. Ал өз арызында, соттон келтирилген […]

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы шайланды

Кечээ, 20-февралда Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абибилла ажы Кадырбердиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, анын орун басары болуп, Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин […]

Айжан: Абийирди сатып тапкан арам акча жукпайт экен. Күнөөм да тоодой болду

26 жаштагы Айжан бул окуяны башка кыздарга сабак болушу үчүн айтып берди. Анын айтымына караганда буга чейин өткөргөн турмушу көп эле жерде кайталанып, тилекке каршы мындай көрүнүштөр көп эле кездешип […]

Теңиз Төлөмүшов, Кемин районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы: “Атамбаев бийликке кан менен келип, элдин үмүтүн актабай, жеке кызыкчылыгын өлкө кызыкчылыгынан бийик койду”

“КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын кезексиз дагы бир конференциясы Чүй өрөөнүнүн Кемин  районунда 14-февралда болуп өттү. Конференцияга райондун бардык аймактарынын баштапкы партиялык уюмдарынан 300 делегат жана 66 коноктор катышты. Конференциянын ишин  КСДП […]

Фото – Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды

Бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралу президенттик аппараттын басма […]

Артур Медетбеков, генерал: “Өтө чоң суммада жазылган айып пулдар элдин кыжырдануусун жаратышы мүмкүн”

-Артур мырза,“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирер замат бир күндө эле бир канча миллиондорду чапчыган жол эрежесин бузган фактылар катталыптыр. Өкмөттүн бул долбоору айдоочуларды эреже сактап айдоого аргасыз кылабы же элдин […]

Таласта жашы жете элек эки бала ис газына ууланды

Талас облусунун бириккен ооруканасына ис газы менен ууланган эки жашы жете элек бала түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ууланган балдардын бири 4, экинчиси 12 жашта […]

Талдык айылы Кыргызстандагы анклавга айланды

Кара-Суу районунун Алай району менен чектешкен аймагында айтылуу Талдык айылы жайланышкан. Тогуз жолдун тоомунда жашап жатышкан элеттиктердин муң-зарын тыңдап, алардын арыз-датын зерикпестен эшитип, ичибиз, чындыгында, абдан эле эңшерилди. – Сооронбай […]

Эмомали Рахмон журналисттер менен жолугат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн журналисттер менен жолугат. Жолугушууга мамлекеттик маалымат каражаттардын башкы редакторлору менен журналисттери чакырылган. Анда расмий басылмалардын ишмердүүлүгү талкуулана турганы айтылууда. Эмомали Рахмон акыркы жолу журналисттер менен […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жаӊыдан өздөштүрүлчү жерлердин 46 пайызы Баткен областына тиешелүү

«Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жаӊыдан өздөштүрүлчү жалпы 65 миӊ гектар жердин 30 миӊ гектары, же 46 пайызы Баткен областына тиешелүү», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, […]

Видео – Илим Карыпбеков убадасына турган жок

КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылдын жайындагы акыркы пресс-конференциясында ага ыраазычылыгын билдирип, “жакында сиз дагы, мен дагы  кызматыбыздан өз ыктыярыбыз менен кетебиз”, – деп айткан эле. Убада […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын облустардын биринде өткөрүлүп турат

“Республикалык көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта ар жылы бир облуста Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун […]

“Коопсуз шаар” бизнес эмес, айдоочулардын эсебинен бюджетти толтуруудан баш тарткыла!”

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев өкмөткө “Коопсуз шаар” боюнча аныкталган жол коопсуздугунун эрежелерин бузгандарга биринчи катачылыгын кечирүүнү сунуштады. Пикиринде, өкмөт бул долбоорду бизнес катары карабашы керек. Ошондуктан, аткаминерлер жаңы реалдуулукка азырынча […]

Кыргызстан боюнча Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстанда 2019-жылга карата Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди. Каттоо 18-февралда башталып 4-апрелге чейин уланат. Негизги  жана ар бир предметтик тесттин баасы […]

Мамдума аскерлерге телефон колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Орусиянын Мамлекеттик Думасы шейшембиде аскер кызматкерлерине жана жоокерлерге кызмат өтөп жатканда телефон колдонууга, маалыматты жазып алууга, сактоого, Интернетке туташкан жабдыктарды пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Ошондой эле […]

Ашхабадда азык-түлүк кымбаттады

Түркмөнстан борборунда азык-түлүк үчүн өкмөт белгилеген нарк өзгөрбөгөнү менен иш жүзүндө баалар кескин кымбаттады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, эт, балык, сүт азыктары жана мөмө-жемиштердин наркы жогорулады. Учурда мамлекеттик түзүмдөр бекиткен […]

Казакстанда журналисттер митингге чыгышат

Казакстанда бир нече журналист ММКларды каттоо тартибине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы митингге чыгуу боюнча арыз беришти. Казакстан маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев нааразылык акциясы өтсө барып, өз пикирин ортого […]

Фото – Этникалык кыргыз Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашевди сотко берди

Бүгүн, 19-февралда Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз Айдар Халиков  Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Тайырбек Сарпашовго каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу  KyrgyzToday […]

“Коопсуз шаар”: Бишкектин дагы кайсы көчөлөрүнө камералар орнотулат?

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 12-мартка чейин дагы 11 көчөнүн кесилишине камералар орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабынын […]

Кыргызстандык Курман Жолдошевдин Youtubе каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди

Кыргызстандык Курман Жолдошевдин Youtube социалдык тармагындагы каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда  өзүнүн фейсбуктагы баракчасына “Сенин каналың дүйнөнүн ТОП 10 рейтингине киргендеги сезимдер” […]

10 күн аралыгында эреже бузганың аныкталат

Жол кыймыл эрежеси бузулган-бузулбаганы 10 күн аралыгында гана билинет. Бул тууралуу 18-февралда Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Оторовдун айтымында, маалыматтар «Инфокомдун» базасына, андан соң […]

Кыргызстанда 1,5  миң көчөгө ысым бериле элек

Бүгүн, 19-февралда Калкты жана турак-жайды каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында Кыргызстанда 1,5  миң көчөнүн аталышы жок экендиги маалым болду. Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 29 миң көчө бар. Анын 5,3%нын аталышы жок. Бишкек шаарындагы […]

Ысык-Көлдүн аймагына желим баштык алып кирүүгө тыюу салуу сунушталууда

Ысык-Көлдүн аймагына желим баштык жана идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулар өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин кыргыз өкмөтү полиэтилен […]

Калысбек Жумаканов: “Кыргызстанга Кытайдан тоок жумурткасы алынып келинбейт”

Ош шаарынын базарынан жасалма жумуртка табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, видеону таркаткан жаран табылып, […]

Бишкекте Тиматинин “Black Star Burger” тез татым ашканасы ачылат

Жакында Бишкектин “Азия Мол” соода борборунда Россиялык белгилүү жылдыз Тимати негиздеген “Black Star Burger” аталышындагы тез тамактана турган ашкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда аталган соода борбордун маалымат кызматы билдирди. […]

Түркияда жумушсуздардын саны 4 миллионго жетти

Түркияда расмий түрдө жумушсуздардын саны 2019-жыддын январь айына карата 3 миллион 776 миңди түздү. Бул тууралуу Иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик «Ишкур» башкармалыгы жарыялады. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул айынан […]

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 111-орунду ээледи

Ирландиялык “Ookla” компаниясынын “Speedtest.net” сервиси “Speedtest Global index” дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө мобилдик жана зымдуу интернеттин ылдамдыгын текшерген изилдөө жүргүзгөн. Анда 2019-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мобилдик интернет боюнча 111-орунду […]

Бишкекте көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат

Келечекте Бишкек шаарында көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат. Бул тууралуу Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев ММКларга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр бак-дарак, гүлдөр […]

Бишкекте быйыл 2 миллиондон ашык гүл отургузулат

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жашылдандыруу боюнча планын талкуулашты. Бул тууралуу шаардык мунициапалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 18-февралда шаардык кызматтар жана структуралык бөлүмдөр менен жыйын өтүп, анын алкагында […]

Кыргызстанда талаптагыдай логистикалык борборлордун саны 11ге жетти

Кыргызстандын аймактарында эл аралык стандарттарга жооп бере турган, айыл чарба азыктарын сактоочу 11 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, […]

Фото – 2019-жылы ажылардын кийимин мурдагы белгилүү модель Айкөл Аликжанова тигет

2019-жылдагы ажылардын кийимин тигүүчү ишкана аныкталды. Сынакка 13 талапкер катышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Конкурстун алкагында ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын мүчөлөрү ажылардын кийиминин […]

30 жылдыкка карата ооганчыларга беш миң сомдон берилди

Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганынын отуз жылдыгына карата Кыргызстандагы ар бир ооганчы ардагерге беш миң сомдон берилди. Бул үчүн мамлекет тарабынан 28 млн. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан […]

Эки күндө кызамыктан күмөн санаткан 23 киши ооруканага түштү

Эки күндө кызамыктан күмөн санаткан 23 киши ооруканага түштү. Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев “Азаттык” радиосуна билдирди: -Ишемби, жекшемби күндөрү медициналык мекемелерге жалпысынан 31 киши […]

Видео – Мавлян Аскарбеков: “Автобекеттерди шаардын сыртына чыгаруу керек”

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде Ленин райондук администрациясы, Батыш автобекети, жана Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясы менен шаар ичинде тыгынды азайтуу максатында автобекеттерди шаар сыртына чыгаруу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу […]

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда

Өзбекстандын Наманган облустук акимчилиги өлкөнүн Үй-бүлөлүк кодексине «Милдеттүү нике килишимин киргизүү» беренесин кошууну сунуштады. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги Telegram-каналы аркылуу билдирди. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, ортодо нике келишимин түзбөгөн жуптар […]

The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады

Орусиянын мурдагы Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) полковниги жана британ тыңчысы Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлап, дарыгерлер ага жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу 17-февралда The Sunday Times британ басылмасы өлкөнүн атайын кызматтарындагы […]

Немис эксперттери «Түркмөн аба жолдорунун» эл аралык деңгээлге чыгуусуна жардам берет

«Түркмөн аба жолдору» Европанын авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) талаптарына жооп берүүдөгү кемчиликтерин жоюу үчүн «Lufthansa Consulting» компаниясын жалдады. Бул тууралуу түркмөн авиакомпаниясынан билдиришти. «Жакында авиакомпания EASA талаптарына жооп берүүдө кыйынчылыктарга […]