Жума, 22 Февраль, 2019 - 3:44
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Кызмат-мансап

Нурида Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Байзакова Нурида Асановна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын […]

Иши начар Калиев кызматтан кетет

Медицианалык милдеттүү камсыздандыруу фондун 2015-жылдан бери жетектеп келаткан Марат Калиевдин кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалым болду. Марат мырза, аталган фондду 2009-2012-жылдары да жетектеген. Андан кийин министрдин орун басары болду. […]

Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды

Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилүү болгондой, Ажигулов бул кызматка […]

Нуран Ниязалиев Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Ниязалиев Нуран Садырович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. […]

Нуран Ниязалиев Кыргызстандын Катардагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Ниязалиев Нуран Садырович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма […]

КТРКнын Башкы директорлук кызматына сынактын экинчи айлампасына 19 талапкер өттү

Бүгүн, 18-февралда КТРКнын Байкоочу кеңеши 14-мартта өтө турган КТРКнын Башкы директордук кызматына шайлоого талапкер катары арыз жөнөткөн 22 талапкердин документтерин текшерип, 3 талапкердин документтери толук болбогондуктан аларды экинчи айлампага өткөргөн […]

КТРКнын Башкы директорлук кызматына 22 талапкер арыз берди

Бүгүн, 18-февралда КТРКнын Байкоочу кеңеши КТРКнын генералдык директору кызматына жарыяланган сынакка келип түшкөн арыздарды ачыкка чыгарды. Баары болуп сынакка 22 талапкер арыз берген. Алардын тизмесин жарыялайбыз: 1. Элдар Аттокуров 2. […]

Ибраим Нуракун уулу: “Көп жылдардан бери сыйлап, урматтап жүргөн инсаным жигиттик сөзүнөн тайганына байланыштуу мен дагы КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигимди коюуну чечтим”

Көп жылдардан бери сыйлап, урматтап жүргөн инсаным жигиттик сөзүнөн тайганына байланыштуу, соңку эки күн ичинде терең ойлонуп, мен дагы КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигимди коюуну чечтим. Жаңы эле ишенимдүү адамым тиешелүү […]

Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Асел Куламбаева өз каалоосу менен кызматтан кетти

Бишкектин вице-мэри Асел Куламбаева өз каалосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу бир катар маалымат булактары жазып чыгышты. Азырынча анын милдеттери мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевге жүктөлдү. Буга чейин Бишкек шаардык […]

Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын алты акими кызматтан алынат

Алты райондук администрациялардын жетекчилери кызматтан алынат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн отурумунда айтылды. Чүй облусунун эки акими- Москва районунун администрация жетекчиси Азамат Эсенбеков менен Кемин районунун жетекчиси Жумгалбек Дүйшөбаевдер кызматтан бошотулат. […]

Карыпбековдун канча “бети” бар…

Катуу айтылып кетсе, Карыпбеков өзүнөн эле көрсүн. Алакандай КТРдин жамаатынын алдында эмес, калдайган кыргыз элинин алдында “мен КТРге экинчи жолу жетекчи болуп барбайм, эптеп ушул жылдарымды ийгиликтүү аяктап, өткөрүп берсем […]

Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилигине экинчи мөөнөткө барат

Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков экинчи мөөнөткө жетекчиликке барууга даярданып жатат.  Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, сынакка катышууну ойлогон эмес, бирок ал телеканалдын жамаатынын өтүнүчү […]

КТРКнын жетекчиси Адил Турдукулов болобу?

Коомдук активист Адил Турдукулов КТРКнын жетекчилик кызматына өз талапкерлигин коёрун журналисттерге билдирди. Ал бул кызматта өзүн сынап көргүсү келгенин, 17-февралга, дедлайнга (документтерди тапшыруунун акыркы күнү – ред.) бир күн калганда […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар […]

Казакстандын ИИМ башчысы алмашты

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Ерлан Тургумбаев өлкөнүн ички иштер министри кызматына дайындалды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрин буга чейин жетектеп келген Калмуханбет Касымов […]

Улан Абилов КР Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  ээлеген кызматынан бошотулду. Бул […]

Кызматтан кетет десе дароо ооруп калган Аманбай Кайыпов Нарындан кире беришин да оңдой алган жок…

Базарда жүрүп эле «бакандай» губернаторго айланып кеткен Аманбай Кайыпов Нарын областынын башына келгени эмне ишти кыйратканын биле албадык. Нарын калаасына кире бериштеги «эки илбирстин» сөлөкөтү түшүрүлгөн ташкуйманы жаңылап койгонго алы […]

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы кызматтан кетти

Ихтиёр Абдуллаев. Өзбекстадын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагасы Ихтиёр Абдуллаев кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Gazeta.uz басылмасынын билдиришинче, Абдуллаев кызматтан ден соолугуна байланыштуу кетти. Акыркы жылдары ал […]

Чуулгандуу Болот Сүйүнбаевдин жакын кишиси Канат Жумагазиев Бишкек милициясына начальник болуп дайындалды

Мындан үч күн мурун, 7-февралда Бишкек шаардык милициясынын начальниги болуп Канат Жумагазиев дайындалды.  Биздин жеке булактар кабарлагандай, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөнүн жогорку саясый жетекчилигинин алдында “Мен бир гана […]

Канатбек Маматов Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды

Бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын Футбол федерациясы жаңы президентин шайлады. Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановдун ордуна бул кызматка Канатбек Маматов дайындалды. Бул тууралуу чечим федерациянын бүгүнкү кезексиз отурумунда кабыл алынды. Федерациянын сайтындагы […]

Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына төрага болуп дайындалды

Бүгүн, 8-февралда экс-Ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалганын журналисттерге өзү билдирди. Анын айтымында, бул кызматка аны дайындоо тууралу буйрук бүгүн чыкты, бирок али […]

ИИМде орун алмашты, эми сумма өзгөрөбү?

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына буга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жетектеп келген полковник Канат Жумагазиев дайындалды. Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы жетекчи болуп […]

Космосбек кызматтан кетеби?

Абылгазиевдин мактаган менеджери Космос Чолпонбаев депутаттардын тепкисинде калды. Дегеним 6-февралдагы ЖКнын жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков саламаттык сактоо министри Космос Чолпонбаевге суроо бербей, ыңгайсыз сунуш берип бурчка такады. Депутат министрге […]

Жаңы келген келинче созулган Түлөбердиев

Ренат Түлөбердиев деген «мадырабаштын» тажрыйбасы жетишсиз экени кол алдындагыларга маалым болгондон бери ишти жөндөп кетээрине ишене албай калдык. Олтурат, жаңы келген келиндин образында. Аны созолонтуп отургузуп койгондон не пайда? Тармакты […]

Генерал Суваналиевдин Акүйгө келиши – жаздагы “бороонго” даярдык

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын орун басарлыгына Өмүрбек Суваналиевдин дайындалышы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Эске салсак, Өмүрбек мырза Бабановдун эл көзүндөгү таянычы катары жүргөн, шайлоодо кызмат кылган, бирок, ал качып кеткенден […]

Фото – ИИМ системасында жаңы жетекчилер дайындалды

ИИМ: ИИМдин Борбордук аппаратынын бөлүмүнүн жана Бишкек ШИИББдин  жетекчилигине өз кесибинин кесипкөйлөрү катары белгилүү болгон адамдар  дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын ички […]

Кошой Исалиев Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кошой Исалиев Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Исалиев Кошой Овосбекович […]

Люксина Текеева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Люксина Текеева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук […]

Өмүрбек Субаналиев толгон генералдардын ичинен ошол наамга татыктуу адам

Өмүрбек Субаналиев Коопсуздук кеңешинин секретарынын орун басары болуп дайындалды. Билгендердин айтымында Субаналиев орун басар эмес, дал өзү болсо болмок дешет. Биз билгенден Өмүрбек Субаналиев жигит катары да, генерал катары да, […]

Күч органдарынын жетекчилери алмашабы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишенимди актай албай жатканы боюнча сын-пикирлер арбын. Коррупция менен күрөштүн алкагында Өткүрбек мырза өткүрлүгүн көрсөтө алган жок. Эт эмес же чел эмес позицияны карманды. Бийлик башкы […]

Булак: Мирзиёев кудасын Коопсуздук кызматынын төрага орун басары кылып дайындады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-февралда кудасы Батыр Турсуновду өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары кызматына дайындады. Өз булактардын кабарлашынча, Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Жахангир Эгамов 25-декабрдагы жыйын маалында Мирзиёев […]

Суваналиевдин кызматка келиши суктанарлык иш болду

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ чыгарган буйругу менен мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиевди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кылып дайындады. Ажонун бул кадамы бүткүл коомчулук тарабынан колдоого алынып, […]

Эски шыпыргынын эскиче шыпырындысы

Ажобуз Сооронбай Шарипович коопсуздук кеңештин жыйынында аткаруу бийлигинин тоо-кен тармагындагы алсыз аракеттерин ачуу сынга алды. Атургай, тармактык комитеттин башчысы Эмиль Осмонбетовду «колуңан келбесе кетпейсиңби» таризинде зекип кетти. Бул жигитти ушул […]

Өзбекстан: Транспорт министрлигин түзүүгө каршы болгон аткаминер ал мекеменин башчылыгына дайындалды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 28-январдагы жарлыгы менен өлкөнүн премьер-министринин биринчи орун басары Ачилбай Раматовду транспорт министри кызматына дайындады. Мамлекет башчы былтыр ноябрда премьер-министр Абдулла Арипов башында турган өкмөттүк комиссияга 15-январга […]

Биография – Суваналиев Өмүрбек Исакович

1960-жылы 31-июлда Талас облусунун Талас шаарында туулган. Жогорку билимдүү: 1981-жылы СССР ИИМинин Караганда Жогорку мектебин аяктаган. Укук таануучу адис. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Милициянын генерал-майору. Эмгек таржымалы: 1977 — 1981-ж.ж. — СССР […]

Фото – КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жамаатына Өмүрбек Суваналиевди КР Президентинин Аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев тааныштырды

Бүгүн, 4-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары кызматына дайындалды. Катчылыктын жамаатына Өмүрбек Суваналиевди КР Президентинин Аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев тааныштырды.

Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тиешелүү буйрукка кол койду.

Асылбек Кожобеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Асылбек Кожобеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кожобеков Асылбек […]

КТРКга «алтын баштуу» адам келсе да Илим Карыпбековдой иштей албайт

КТРК жетекчисинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу келе жаткан март айында жетекчилик кызмат үчүн жаңы шайлоо өткөнү турат. КТРКнын башчысы болом дегендердин эки көзү төрт болуп чуркап жүрүшөт. Кайсы бир кызыкдар адамдар […]

Каримберди Турапов А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды

Турапов Каримберди Ырысалиевич А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри […]

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Осмонов Болот Салбарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Болот […]

Канат Аманкулов кызматтан алынат

Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти 2016-жылдан бери жетектеп келаткан Канат Аманкулов жакын арада кызматын тапшыра турганы айтылууда. Буга анын ишмердүүлүгүндөгү айрым кемчиликтери жана башка […]

Жанат Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бейшенов Жанат Саматович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, […]

Чиренген Алимбаевдин “крышасы” ким?

Чек ара кызматындагы алешемдиктер арбын экени баарыбызга эле маалым. Бул кызматты 2017-жылдан бери жетектеп жаткан Уларбек Шаршеевдин тажрыйбасы жетиштүү эмес окшобойбу, айтор ага карата деле көп сындар айтылууда. Ал эми […]

Кыргызстандын Индиядагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматына Асеин Исаевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Асеин Исаевди Кыргызстандын Индиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо сунушун жактырды. Чечим бүгүн кабыл алынды. Асеин Исаев 55 жашта, ал  Урал мамлекеттик университетин […]

Свердлов районунун акими болуп Мурат Осмонов дайындалды

Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын жетекчиси болуп Мурат Осмонов дайындалды. Бул тууралуу  шаардын мэриясы кабарлады. Маалыматка караганда,  аталган жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду. Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер. Анын экинчи […]

Нурлан Кирешеев КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кирешеев Нурлан Исабекович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу презитенттик аппараттын басма сөз […]

Талантбек Эргешов КР КК Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Эргешов Талантбек Токтогулович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды. Бул тууралу  президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү […]

Алмазбек Карасартов Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин командачысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кирешеев Нурлан Исабекович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин командачысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдайт. Кыргыз […]

Футбол боюнча Казакстан курамасынын машыктыруучусу кызматтан кетти

Казакстандын футбол федерациясы болгариялык адис Станимир Стоилов улуттук кураманын башкы машыктыруучулугунан кеткенин билдирди. Мекеменин сайтында жарыяланган билдирүүдө бул эки тарап биргеликте кабыл алган чечи экени жазылган. 51 жаштагы болгариялык адис […]