Жума, 22 Февраль, 2019 - 3:44
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Шоу-бизнес

Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: “500 сомго ырдаган ырчылар көбөйдү”

Учурда жаштар арасында Гүлсүн Бостонкулованын ырлары аз-аздап хитке айланып келе жатат. Күйөрмандары көбөйүп, өзү таанылып келе жаткан ырчы менен күйөрмандарына кененирээк тааныштыруу максатында маекке тарттык. —Гүлсүн айым, учурда Гүлжигит Сатибеков менен […]

Айпери Суранчиева, алып баруучу: “Жолдошум сенин ордуң теледе деп колдоп турат”

Балдарга эне, жубайынын жаркыраган сүйүктүү жары, коомдо өзүнүн орду бар, колунан көөрү төгүлгөн уз, назик айымдарды көргөндө суктанбай кое албайсың. Мына ушундай сапаттардын бардыгы бар, төгөрөгү төп келишкен алып баруучу […]

Фото – Алып баруучу Урмат Борченов үйлөндү

Кечээ, 17-февралда телеалыпбаруучу Урмат Борченов үйлөндү. Бул тууралуу ал өзүнүн “Instagram” баракчасына билдирүү калтырган. Ал борбор калаадагы той каналардын биринде жакшылыгын белгилеген. Ага кыргыз шоу дүйнөсүнүн жылдыздары катышкан. Эске сала […]

Видео – Бек Борбиев англис тилинде ырдай баштады

Кыргыздын белгилүү эстрада ырчысы Бек Борбиев англис тилинде ырдай баштады. Бул тууралу ал өзү Facebook баракчасына жазып, видеотасмасын кошо жүктөдү. Биринчи ыры катары ал немистердин Bad Boys Blue диско-тобу ырдап, […]

Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады

Кыргыз эстрадасында дагы бир түгөй пайда болду. Белгилүү ырчы Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады. Кечээ, 14-февралда сүйүшкөндөр күнүнө карата Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Аваз Акимов менен Айдана […]

Белгилүү балерина Анастасия Волочкова турмушка чыгабы?

Оруссиялык белгилүү балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Instagram социалдык баракчасына калтырган билдирүүсүндө,   турмушка чыга тургандыгы тууралуу кыйытып айтып өттү. Аталган билдирүүдөн кийин Волочкованын көпчүлүк күйөрмандарынын кызуусу артып, бул жолу ал […]

Ырчылар “дүңүнөн” эс алуудабы?

Жыргал кимдики, жыргал артисттердики. Ар бир баскан-турганын интернетке жүктөп турган ырчы-чоорчулар эми кыштын суугунда ар кимиси ар кайда эс алууда. Алардын катарында Самара Каримова, Сыймык Бейшекеев, Сайкал Садыбакасова, Гүлжайна Атаканова […]

Айгерим Расул кызы, ырчы: “Ыймандуу келин, татыктуу кыз болууга аракет кылып келем”

– Айгерим, бешик боо бек болсун, аялдын жашоосунун маңызы бала дейт, сенин жашооңдун маңызы эмнеде? – Рахмат, ооба, бала бакыт. Бул талашсыз нерсе. Адамдын жашоодогу эң башкы вазийпасы артында туяк […]

Ырчы Максат Садырбеков модель Айсулуунун колун сурады

Бойдокчулук менен коштошуу кезеги «Нон-Стоп» дуэтинин мурунку солисти, ырчы Максат Садырбековго келген өңдүү. Себеби ал 31-январда Айсулуу Молдалиеванын туулган күнүндө сүйүктүүсүнө тизе бүгүп, чыгармачылыктагы досторунун жана жакындарынын курчоосунда сүйүү сөздөрүн […]

Мыкы күйөрмандарынан кечирим сурайт

Өткөн жумада интернет булактарына тамашоучу Мыкыга окшогон жигиттин аты аталган видео тараган. Видео чыгаары менен коомчулуктун катуу талкуусуна калган. Айрымдар «бул Мыкы эмес» деген пикирлерин билдиришсе, интернет колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү […]

Аскат Мусабеков, ырчы: “Жүрөккө чок салган сулуулар тууралуу азыр айтуу оор”

«Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт» дегендей, учурда обон созуп, ырчы катары калың журттун катмарына аты таанылып калган улан-кыздарыбыздан уучубуз кур эмес. Баары жипке тизгендей мыкты деп айтуудан алыспыз. Дегенибиз, […]

Арина Сулайманова, “Кыргызстан сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү: “Сынакка катышууга ырчы айым Анжелика чакырды”

Болочокто моделдик бизнес менен ийгиликтерди жараткысы келген сулуу кызыбыз Арина Сулайманова биздин бүгүнкү коногубуз. – Арина, канча жаштасың? Ийгиликтериң тууралуу ой бөлүшсөң? -16 жаштамын. Жакында эле болуп өткөн «Кыргызстан сулуусу-2018» […]

Дайыр Исмадияров, ырчы: “Сүйүү бар экенине ишенбейм”

Бир учурда жагымдуу ырлары менен элге таанылып, далай селкилердин жүрөк оорусуна айланган Дайыр Исмадияровдун азыр да ырларын сүйүп уккандар четтен табылат. Ырчы мырза менен быйылкы жылга койгон пландары, сүйүүсү тууралуу […]

Робин Жээнтаев, жеке ырчы: “Менин ысымым “Робин Гуд” тасмасынын негизинде коюлган”

-Адегенде, жаңырган жылыңыз менен куттуктап, маекке өтөлүк. Ит жылында жетишкен ийгиликтериңиз менен кетирген кемчилдиктериңиз кайсылар болду? -Чоң рахмат, бирге болсун! Сиздерди да Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Мен үчүн ит жылы […]

Фото – Ишкер Аскар Салымбеков Гүлзат Мамытбектин өкүл атасы болду

Кечээ, 28-декабрда тренер жана дем берүүчү оратор Гүлзат Мамытбек, америкалык режиссер Хуана Буэндиа менен нике кыюусунда Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарындагы бизнесмен Аскар Салымбеков алардын өкүл атасы болгондугун кабарлады. Бул […]

Видео – Айзада Жамгырчиева, алып баруучу: “Журналист болбосом, UFC мушкери болмокмун”

Каарманыбыз Айзада Жамгырчиева экран артынан эркек мүнөз, адамды оңой менен жактырбаган, өзү айткандай “стерва” көрүнгөнү менен, чыныгы жашоодо сезимтал жана назик экен. Анын айтымында, эгерде ал журналистика тармагына аралашпаганда, UFC […]

Видео – Аваз Акимов, ырчы: “Урушкан эмеспиз, мен жөн гана тамашалап, Назира Жетигенова эженин кыжырына тийип койгом”

Шоу бизнестин өкүлдөрү Назира Жетигенова менен Аваз Акимовдун урушу тартылган тасма интернет мейкиндигине тарады. Тасмадан куудул айым Назира Жетигенова ырчы Аваз Акимовдон алар чоогу түшүшкөн, кийин Акимов Инстаграмда жарыялаган сүрөттү […]

Нурмат Садыров, ырчы: “Эч кимди атаандаш катары көрбөйм…”

“Көздөрүңдөн жылдыз жанат”, “Менин сүйүүм бир ашыгат сага” – деп ырдап, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы быйыл жемиштүү иштеди. Ырлары хит болду, өзүнүн айтымына караганда жакшылыктарга да көп чакырылат. […]

Гүлзат Мамытбектин болочок жолдошу Кыргызстанда

Кечээ, 22-декабрда өзүн бүтүндөй планетанын “деми” деп эсептеген Гүлзат Мамытбек Испаниялык “сүйүктүүсүнүн” Кыргызстанга келгендигин кабарлады. Ал бул тууралуу өзүнүн Instagram социалдык тармагына бөлүштү. Айта кетсек, ал буга чейин жакында турмушка […]

Өзбекстанда «Менин президентим менен селфи» ырынын клибин көрсөтүүгө уруксат берилген жок

«Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемесинин алдындагы көркөм кеңеш «Божалар» тобунун аткаруучусу Жахангир Позилжоновдун «Менин президентим менен селфи» деген ырынын клибин көрсөтүүгө расмий уруксат берген жок. Бирок буга карабастан клип 19-декабрдан бери ZO’R-TV […]

Алина Пирматова, «Дүйнөнүн жаш сулуусу» титулунун ээси: “Колумду сурагандар көп, бирок турмуш курууга шашылбайм”

Чет өлкөлөрдөгү ар кандай масштабдагы сынактарда дагы кыргызстандык сулуулар алдыңкы орундарды алып, жеңиштүү кайтып келгендери бар. Айчырайлуу модель жана актриса кызыбыз Алина Пирматова  Ливанда өткөн эл аралык «Мiss Аziа World» […]

Борончу Кудайбергенов: “Жаңы бийлик тамашага түшүнөт экен”

-НТС телеканалында “Борончу шоу” долбоорун түптөп, бир жыл мурда ишке ашыра баштадыңыз эле, быйыл бир жылдыгын белгилейин деп турасыз. Бир жыл ичинде кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер? – Былтыр 2-январда баштагам, ошонун […]

Бегимай Ивакова, 1-вице-Мисс: “Элдин жүрөгүнөн орун алган алып баруучу болгум келет”

Жакында өткөн сулуулар сынагында вице-мисс наамын татыктуу жеңип алган кыргыздын кымча бел сулуусу Бегимай Ивакова болду. Эл арасында борбор калаабызда байма-бай өтүп жаткан сулуулар сынактарынын жеңүүчүлөрүн ич ара сынга алышып, […]

Видео – Гүлзат Мамытбектин Америкага дем берген “Эквадор” деген клиби чыкты

Бүгүн, 14-декабрда “планетанын дем берүүчүсү”, мотивациялык оратор, ырчы Гүлзат Мамытбек “Эквадор” аттуу жаны ырынын клибин жарыялады. Бул тууралуу ал АКИpress маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Клип анын YouTube каналында жайгашкан. […]

Видео – Бангкоктогу сулуулар сынагында Бегимай Карыбекова купальникчен чыкты

Кечээ, 13-декабрда Бангкокто “Аалам сулуусу — 2018” эл аралык сулуулук конкурсунда купальник жана кечки кийимдер боюнча таймаш өттү. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, “IMPACT” көргөзмө-спорт комплексинде […]

Үмүтай Абдышова, ырчы: “Концерттерде ырдап жүрүп, мугалимдеримден тил укчумун”

Бүгүн, 14-декабрда Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белгини тагынган, мукам үндүү ырчы Үмүтай Абдышева бизде конокто болду. Ырчы чыгармачылыгы жөнүндө айтып берип, кызыктуу учурлардан кеп салды. Комузду 7-классынан тарта колуна алган […]

Ырчы Самара Каримова “YouTube” каналынын “Күмүш баскычын” алды

Бүгүн, 14-декабрда ырчы, актриса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова “YouTube” каналынын “Күмүш баскычын” алды. Бул тууралуу ал өзүнүн “Инстаграм” баракчасына жазып чыкты. “Менин чыгармачылыгымдагы дагы бир жетишкендик. Ырчылардын […]

Актер Леонардо Ди Каприо “Оскарынан” айрылды

Кино “жылдыз” Леонардо ди Каприого качандыр бир кезде актер Марлон Брандого таандык “Оскар” сыйлыгын миллиардер досу Джон Лоу белек кылган. Бул тууралуу The Wrap басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, актердун досу […]

Видео – Айнура Кыдыралиева, “Береке” бий ансамблинин көркөм жетекчиси: “Бийди сүйгөндүгүм үчүн эч чарчабайм…”

Бүгүн Кыргызстандын эң белгилүү бий ансамблдеринин бири, көптөгөн иш-чараларда калың журттун назарына созулган кыздар,  жалындуу жигиттер, жагымдуу бөбөктөрдүн аткаруусундагы элдик бийлери менен элге таанылган “Береке” элдик бий ансамблинин көркөм жетекчиси […]

Видео -Абдыманап Төрөбеков, КР эмгек сиңирген артисти: “Рыспай Абдыкадыровдун ырларын укканда радионун жанынан чыга албай калчумун”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Кетесиңби, сулуу кыз, мени менен”, “Бир келип кетчи, Ош жакка”, “5- “б” класста” сыяктуу элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ондогон мукам […]

Фото – Гүлзат Мамытбек болочок күйөөсүнүн сүрөтүн жарыялады

Мотивациялык тренер жана видеоблогер Гүлзат Мамытбек болочок жолдошунун сүрөтүн жарыялады. Ал Хуан Буэндиа аттуу АКШлык кинорежиссер. 35 жашта, Эквадордо туулган. Анын атасы испан, апасы эквадорлук. Ошондой эле, ал Гүлзат Мамытбек […]

Видео – Закирбек Дүйшөнбек уулу: “Сынакка барып адашып кеткеним эсимден кетпейт…”

Кыргыздын кылымдарды карыткан өнөрүн өркүндөтүп, комузун колго алып, сөзгө салып, калың журтка таанылган чыгармачыл адамдар кыргыз элинде аз эмес. Алардын ичинен суурулуп чыгып, көпчүлүктүн көңүлүнө бата алгандар тандалуу гана. Дал […]

Видео – Санжар Мыкыев: “Чыпалак батыр бизге тескерисинче ыраазы болгон”

Шоумен Санжар Мыкыев “Салам Кыргызстан” долбооруна кантип аралашып калгандыгы, эмне себептен келечеги кенен IT технология тармагынын ордуна шоу чөйрөнү тандаганы тууралуу жана көпчүлүктүн көңүл чордонуна түшкөн Чыпалак батыр менен болгон […]

Видео – Гүлзат Мамытбек: “Турмушка чыгам. Тандаган жолдошум испан тектүү, Америкада өсүп чоңойгон, кинорежиссер”

“Кыргыздын деми” Гүлзат Мамытбек жакында турмушка чыгат. Бул тууралуу ал кечээ, 6-декабрда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында,  болочок жары кинорежиссер. Ал испан тектүү, Америкада өскөн адам. Жакында турмуш курганы […]

Айгерим Абдразакова, ырчы: “Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов өтпөй калганына ичим аябай ачышты”

«Энекем менин байлыгым», «Асыл кымбат ата-эне», «Таене», «Атама», «Кыргыз жигиттери» ж.б. ырларды катыра ырдаган ырчы айым Айгерим Абдразакова менен маек курдук. Кошумча жумушу да көп окшойт. Кыздарды сулуулап, каш-кирпигин жасап, […]

Видео – “Кыргыз деми” Гүлзат Мамытбек 33 соболго жооп берди

“Кыргыздын деми”, ырчы, мотивациялык оратор, “High Time” чет тилдер мектебинин жана “Mиллионер BALL” долбоорунун негиздөөчүсү жана алып баруучусу, ажарлуу апа жана чыныгы патриот Гүлзат Мамытбек бизде конокто. Бул маектен көрөрман […]

Видео – Замир Арыкбаев чыгармачылыгы жөнүндө…

“Чыгармачылыктын жолунда белгилүү болом деп ойлогон деле эмесмин”  – дейт Замир Арыкбаев. Ырчы болууга бала кезинен эле кызыгуусу арткан, кийин жөн гана ырчы-аткаруучу болуп чектелбестен, репертуарындагы ырларынын сөзү, обонун да […]

Видео – Замир Арыкбаев: “Шоктугумдун айынан таяк жегем…”

Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, көптөгөн жагымдуу ырлардын автору, кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, жубайынын сүйүктүү жолдошу, балдарынын мээримдүү атасы жана жөн гана өлкөбүздүн патриот жараны […]

Видео – Бактияр Токторовдун “Буй – буйу” орусча… өзбекче жаңырды

Легендарлуу “Биз” тобунун солисти Бактияр Токторовдун “Буй-буй” деген популярдуу ырын Орусиянын “Сборная союза” эстрадалык тобу  “Я однолюб” деген аталышта ырдап чыкты. Ал эми ырдын сөзү жана обону Виталий Циницынга таандык […]

Санжар Мыкыев: “КВНчилердин атактуулугуна кызыгып жүрүп эле шоу-бизнеске аралашып кеткем”…

Санжар Мыкыев мектепте жакшы окуп, көптөгөн сынактарга катышып, информатика боюнча олимпиадаларда  алдынкы орундарды ээлеп келген. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайда окуган кезинде дагы өзүнүн мыкты билим деңгээлин көрсөтө алган. Каарманыбыздын […]

Видео – “Баатыр болом” деп, эшектен жыгылса да ыйлабаган Санжар Мыкыев

Шоу-бизнестин  белгилүү өкүлү: алып баруучу, тамашачы, продюсер, актер, сценарист, тамада, полиглот жана жөн гана мыкты жигит Санжар Мыкыев бизде конокто. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, биздин каармандын  балалык  кези да айтылуу […]

Видео – Аскат Мусабеков: “Өнөрүн өз баласындай бооруна калкалай алган адам гана өнөргө чыйыр сала алат”

Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди. Ал репертуарындагы ырларды кантип тандап, ишмердүүлүгүндөгү жаңы саамалыктары жана пландары менен бөлүштү. Чыгармачылыктагы алгачкы кадамдары, тоскоолдуктары, учурдагы шоу-бизнеске болгон көз карашы […]

Видео – Аскат Мусабеков: “Жашоодо атамды кумир тутам”

Кыргыздын чыгаан таланттарынын бири,  көпчүлүктүн жүрөгүнөн жан эргиткен ырлары менен түнөк тапкан ырчы Аскат Мусабеков бизде конокто. Чыгармачылык – татаал, оор, чырмалышкан жол эмеспи. Бул жолдо өзүнүн ордун таап, кыйынчылыктарга […]

19 жаштагы орусиялык Халимат Айбазова “дүйнө сулуусу” болду

1-3-декабрь күндөрү Орусиянын борбор шаары Москвада өткөн “Мисс мировая красавица – 2018” конкурсунун таажысын Ростов-на-Дону шаарынын сулуусу Халимат Айбазова тагынды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Ошондой эле, конкурска 20 […]

Шахрезада Аскарова, КРнын эмгек сиңирген артисти:”Сыйлыктан кийин ырчы экенимди билдим”

Көптөгөн улуу-кичүү муундун жүрөгүнөн орун тапкан Шахрезада Аскарованы ким билбесин? Кубулжуган үнү менен далайларды тамшандырган талант дагы деле ташыркабай келет. Кечээ жакында гана сыйлыгын алып, терисине батпай кубанып турган ырчы […]

Динара Тилекеева: Элдин сүйүүсү менен жашап келе жатам…

Эл сүйгөн, көптөр суранып ырдаткан ырчы Динара Тилекееваны кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык. -Динара Тилекеева деген мыкты ырчы болушуңузга кимдердин салымы бар? -Менин ырчы болушума, ырчы болуп калыптанышыма көп […]

Миллиарддаган көрүүчүсү бар “Мисс Мира-2018” конкурсунда Димаш Кудайберген ырдайт

8-декабрда Кытайдын Хайнань деген аралында өтө турган “Мисс Мира-2018” конкурсунда казак ырчысы Димаш Кудайберген ырдайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты. “8-декабрда “Мисс Мира-2018” конкурсунда көрүшкөнгө чейин!”, – […]

Видео – Теле алып баруучу Назира Айтбекова: “Кичинекейимде түнт, коркок, энемдин колтугунан чыкпаган жапайы кыз элем”

Бүгүн, 23-ноябрда теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Kyrgyztoday.kg маалымат порталына кызыктуу маек куруп берди. Ал бала чагынан тарта университетте өткөргөн студенттик күндөрүнүн кызыктуу учурлары, ушул тапта эмне менен алек […]

Видео – Куудул Жамбыл Камчиев мушкер Конор Макгрегорду туурап чыкты

21-ноябрда Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Рустам Чотонов кыргыздын белгилүү куудулу Жамбыл Камчиевдин UFCнин ирландиялык жеңил салмактагы мушкери Конор Макгрегорду туураган видеосун жарыялады. Анда куудул Жамбыл Камчиев жылаңачтанып алып Макгрегордун кылыгын […]

Дилкумар Жолдошева, ырчы: Түгөлбай Казаковдун “Насыйкат” деген ыры элге көбүрөөк таанытты

Дилкумар Жолдошева Сузак районундагы Багыш айылында 1979-жылы 6-майда төрөлгөн. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктаган. Окуучулук мезгилинде Октябрь айылындагы музыкалык мектептен белгилүү комузчу Токтомат Осмоналиевдин колунда 5 жылкомуздан билим алган. ЖАГУнун чет […]