Жума, 22 Февраль, 2019 - 3:38
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ММК ДАЙДЖЕСТ

Мадумаров, Мырзакматов,Ташиев, Жапаров, Түлеев жана Бабановдун биригүүсү парламенттен 65 мандатты камсыздайбы?..

Ооба, Жогорку Кеңештин шайлоосуна бийлик башындагылар өздөрүнө тиешелүү бир-эки партияны алып чыгышат. Бирөө менен Асылбек Жээнбеков барса, экинчиси менен саясый тандоодон өткөн ишенимдүү талапкерлер аттанышат. Ошентип, эки партия менен парламентке […]

Орточо айлык ойдогудайбы?..

2018-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлыктын өсүшү 3,8 пайызды түзүп, 16 миң 218 сом деп эсептелди. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдап чыкты. Былтыр ноябрь айында улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы […]

Кошоматчылардын жүзү курусун

Минтип айтканыбыздын жөнү бар. Кечээ күнү эле Икрамжан Илмияновдун артынан калбай ээрчип жүргөндөр эми актана баштаганын көрүп, угуп ээгибиз тизеге тийди. Ошол эле жактык “жигаримин” деп ээликкендер бүгүн болсо тескери […]

Ибраим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы: “Аксы окуясы менен “Белизгейт” КТРКнын аброюна көлөкө түшүрдү”

КТРК башчысын шайлооо кызык окуялар менен өтчүдөй болуп калды. «Чү» дегенде эле талапкерлердин документтерин караган байкоочу кеңеш жыйынында талаш-тартыштар орун алды. Жыйынтыгында, 22 талапкердин 19у тандалды, үчөө четтетилди. Ал эми […]

Артыкбаев актана баштаса, Сатыбалдиев духунун күчтүүлүгүн көрсөтүүдө

Азырынча коррупцияга айыпталып аткан чиновниктердин иштери боюнча таккесе бүтүм чыгара албайбыз. Сот гана баа берет. Эгерде сот адилетсиз болсо, анда мезгил таразалайт. Эмнеси болсо да, «ак» менен «караны» ажыратууга убакыт […]

Тынчтык Шайназаров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Оштогу көйгөй… Одоно айтканда, акмакчылык!”

– Тынчтык мырза, Ош шаары менен Мады айылынын ортосунда суу маселеси боюнча пикир келишпестик болуп жатыптыр. Чырдын себеби эмнеде? – Бул мындай да. Мады айылында булактар көп. Союз мезгилинде үч […]

Рада Туманбаева, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Кредит алган министрликтерди азыртан текшерип чыгуу шарт”

– Рада Мураталыевна, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦине алынган кредиттер маселеси талкууланып жатканда, сиз ратификацияланган баардык кредиттик келишимдерди инвентаризация кылып чыгууну сунуштадыңыз. Ошондой зарылчылык бар деп эсептейсизби? – Төрт жылдын ичинде […]

Кожобек Рыспаев, КСДПчы депутат: “ТЭЦке долбоору, ТЭОсу жок, тендер өткөрбөй ТВЕАны алып келишип, колду кайрышкан”

– Кожобек Жайчыбекович, Айбек Калиевдин адвокаты «ТЭЦ иши боюнча профилдик комитеттин төрагасы катары Кожобек Рыспаевди да суракка чакырыш керек» деди. Сиз буга кандай карайсыз? – Чакыра берсин! Тергөөчүлөр ансыз деле […]

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Мага асылуулар президент тараптан эмес, анын айланасындагы кайсы бир топтордон болууда”

– Равшан мырза, сиз кызматтан кеткениңизге бир топ жыл болду. Соцтармактарда, айрым массалык маалымат каражаттарында «Равшан Жээнбеков коррупционер, вор» дегендей асылуулар орун алууда. Артында кимдер турат? – Бул асылуулар президент […]

Акушер жаңы төрөлгөн баланы каналга ыргыткан

Бишкекте акушер-гинеколог жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүп алып, сөөгүн каналга ыргытып салган. Бул тууралуу Биринчи Май районунун сотунда прокуратуранын өкүлү билдирди. Маалыматка ылайык, төрөткө ылайыкташпаган «Ирида Мед» деген жеке менчик медидиналык […]

Расул Үмбөталиев, отун-энергетика тармагы боюнча эксперт: “Миллиарддаган сомдорго чейин коррупциялык талап-тоноолор болууда”

– Расул мырза, ТЭЦтен сырткары коррупцияга белчесинен баткан ири долбоорлор жокпу, же коомчулук билбейби, ушу жөнүндө айтып берсеңиз? – Кантип жок, толтура. Кайсы бирин айталы, «Камбар-Ата II» ГЭСинен баштайлы. Бул […]

Азизбек Турсунбаев, “Кыргызстан” фракциясынан ЖК депутаты: “Суу сактагыч боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарыл”

– Азизбек Атакозуевич, Орто-Токой суу сактагычы боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Маселени чечүүгө эмне тоскоол болуп жатат? – Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына өткөн. Бирок, тилекке каршы, […]

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер: “Мен өзүмдүн идеяларымдан, ой-максаттарымдан эч качан баш тарткан эмесмин”

2019-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Манас жана Чыңгыз Айтматов Академиясын түзүү жөнүндө чыгарган Жарлыгына байланыштуу калыстык сөзгө келгенде “кызыл тилин кайраган калк ичинде сайраган…” Манас таануу институтунун директору белгилилүү […]

Айжан: Абийирди сатып тапкан арам акча жукпайт экен. Күнөөм да тоодой болду

26 жаштагы Айжан бул окуяны башка кыздарга сабак болушу үчүн айтып берди. Анын айтымына караганда буга чейин өткөргөн турмушу көп эле жерде кайталанып, тилекке каршы мындай көрүнүштөр көп эле кездешип […]

Артур Медетбеков, генерал: “Өтө чоң суммада жазылган айып пулдар элдин кыжырдануусун жаратышы мүмкүн”

-Артур мырза,“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирер замат бир күндө эле бир канча миллиондорду чапчыган жол эрежесин бузган фактылар катталыптыр. Өкмөттүн бул долбоору айдоочуларды эреже сактап айдоого аргасыз кылабы же элдин […]

Айбек Дайырбеков, Кинематографисттер союзунун төрагасы: “Улуу муун менен иштешүүнү жандантып, эл аралык карым-катнашты бекемдөөгө аракет кылам”

Өткөн жумада Кинематографисттер союзунун курултайы өтүп, жаңы төраганы шайлашты. Аталган союздун төрагалыгына кинорежиссёр Айбек Дайырбеков менен Марат Сарулу талапкерлигин коюшкан. Жыйынтыгында көпчүлүктүн ишенимине ээ болгон Айбек Дайырбеков төрага болуп шайланды. […]

Талдык айылы Кыргызстандагы анклавга айланды

Кара-Суу районунун Алай району менен чектешкен аймагында айтылуу Талдык айылы жайланышкан. Тогуз жолдун тоомунда жашап жатышкан элеттиктердин муң-зарын тыңдап, алардын арыз-датын зерикпестен эшитип, ичибиз, чындыгында, абдан эле эңшерилди. – Сооронбай […]

Карыпбеков ордуна калуу үчүн аракеттенет

Кыргыз телерадиоуктуруу корпорациясынын башкы деректири Илим Карыпбековдун мөөнөтү бүтүп, эми жаңы деректир шайланат экен… Илгери мен дагы телерадиодо иштеп калдым, бир убагында адабий-драмалык көрсөтүүлөрдүн башкы редактору да болдум. Ошол ишимде […]

Турапов кайрадан туурга конду

Кыргыз эл артисти Керим Турапов Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Атпай кыргыз элине белгилүү инсан менен жолугушуп, маектешип, алдыдагы ой-максаттарын билдик. Маектешибиз туурасында көп […]

Галина Байтерек, КТРКнын гендиректорлугуна талапкер: “КТРКны өзгөртүү керек. Колумдан келет!”

КТРКнын башкы директорлугуна ат салышкандардын саны да, кимдер экени да аныкталып калды. Мына ошол кызматка ат салышкандардын арасында “болгон мүмкүнчүлүгүмду КТРКны көтөрүүгө жумшайм, болгон тажрыйбамды коомдук каналдын өнүгүшүнө колдоном” деген […]

Иши начар Калиев кызматтан кетет

Медицианалык милдеттүү камсыздандыруу фондун 2015-жылдан бери жетектеп келаткан Марат Калиевдин кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалым болду. Марат мырза, аталган фондду 2009-2012-жылдары да жетектеген. Андан кийин министрдин орун басары болду. […]

Адилбек Бакиев, экс-президенттин иниси: “Тогуз жылдын ичинде колдорунан келишинче жамандашты, унчукпадык. Эми чындыкты айтууга убакыт келди!”

Өткөн жумада маалымат сапардын биринде “Клан Бакиевых рвется в Кыргызстан” деген аталышта макала жарык көрүп, анда 2010-жылдагы окуялардан кийин четке чыгып кетүүгө мажбур болушкан экс-президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары ата-журтуна […]

Атамбаев эмнеге кээ бирлерди эл душманы атаган?

Эсибизде, Атамбаев бийликте турганда айрым адамдардын дарегине катуу сөздөрдү айтып, аларды эл душманы атаганды жакшы керчү. Бир ирет ЖК депутаты Зиядин Жамалдиновду да эл душманы атаган. Ага депутаттын Бишкек ЖЗБин […]

Тургуналиевдин туйлаганы кызматпы?

Түбөлүк оппозиционер деген каймана аты бар Топчубек Тургуналиев акыркы жылдары саясаттан четтеп, Арабаев окуу жайында иштеп калганын билебиз. Кыскасы, кыргыздын аксакалы көп эле дүжүр болбой жакшы карып, жаштарга үлгү болуу […]

Эне тилде “Сайдулла кошомат” деген жаңы сөз кирди

Кыргыздын мансапкор, жеткен кошоматчыларынын эң алдында депутат Сайдулла Нышанов чыкты десек жаңылышпайбыз. Бул адамга айла жок экен. Чынында: “Мага десе, көчүгүмдү бөрү жесин, иши кылып бийликте туруп, элге акыл үйрөтүп, […]

Министр эми паракорлор менен иштешеби?

Ажонун амири менен Транспорт жана коммуникация министри болгон Жанат Бейшенов мыйзамды сыйлайбы, же уруп ойнобойбу? Себеби, ал өзүнөн мурунку жетекчиликке 70 чакырым жолду салуу боюнча тендерде утуп чыгуу үчүн 520 […]

Элдар Аттокуров, КТРК башдиректорлугуна талапкер: “Жыпар Жекшеев отставкага кетиши керек!”

Кечээ “Акипресс” маалымат борборунда КТРКнын башкы директорлугуна талапкер Элдар Аттокуров (Добулбас) маалымат жыйынын өткөрдү. Элдар Аттокуровтун (Добулбастын) айтуусу боюнча КТРКнын Башкы директорлугу үчүн кабыл алынган документтерди кабыл алууда уюштуруучулук жактан […]

Калыгул Бай уулу – XIX кылымдын олуясы

Дүйнөдө турмуштун талуун жана татаал маселелерин талдай билип, башкалар көрбөгөндү көрө билген, доордун добушун тыңшап, тамырын кармаган нечен бир акылгөйлөр өткөн. Бирок ошол орошон ойчулдар менен даркан даанышмандардын арасында да […]

Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: “500 сомго ырдаган ырчылар көбөйдү”

Учурда жаштар арасында Гүлсүн Бостонкулованын ырлары аз-аздап хитке айланып келе жатат. Күйөрмандары көбөйүп, өзү таанылып келе жаткан ырчы менен күйөрмандарына кененирээк тааныштыруу максатында маекке тарттык. —Гүлсүн айым, учурда Гүлжигит Сатибеков менен […]

Бишкектик «Алга» футболдук клубунун курамасына украиналык футболчу кошулду

Бишкектик «Алга» футболдук клубу украиналык футболчу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун маалымат катчысы кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы сезондо «Алга» клубунда украиналык жарым коргоочу Влад Павленко ойнойт. Футоблчу […]

10 күн аралыгында эреже бузганың аныкталат

Жол кыймыл эрежеси бузулган-бузулбаганы 10 күн аралыгында гана билинет. Бул тууралуу 18-февралда Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Оторовдун айтымында, маалыматтар «Инфокомдун» базасына, андан соң […]

Болот Бейшеналиевдин Голливудга барышына кимдер бут тоскон?

Маңдайына жазылган тагдыры жана арманы Болот Бейшеналиев бир сырдуу инсан эле. Өмүрүнүн акыркы жылдарында аны менен болгон мамилем өтө жакын болуп, бир нече күн жолукпай жүрүп мен же ал киши […]

Улут аралык мамилеге маани бербеген «7-канал» эки өлкөнүн ортосуна доо кетирбейби?

Башын ар кайсы саясатчыга байлаган «7-канал» АКШнын «Голос Америки» жана «Азаттыктын» өзбек кызматынын көмөгү менен өзбек тилинде «Кабар» деп аталган жаңылыктар чыгарылышын баштады. Биз буга түшүнбөй турабыз, көмүскөдөгү түпкү максаты […]

Ысык-Көлдүн аймагына желим баштык алып кирүүгө тыюу салуу сунушталууда

Ысык-Көлдүн аймагына желим баштык жана идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулар өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин кыргыз өкмөтү полиэтилен […]

Кыргызстан көк бөрү боюнча Дүйнө биринчилигин өткөрөт

Жакынкы жылдары Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө жана Азия биринчилигин өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, […]

Бишкекте көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат

Келечекте Бишкек шаарында көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат. Бул тууралуу Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев ММКларга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр бак-дарак, гүлдөр […]

Өткөн жылы 80 билим берүү мекеме курулду

Кыргызстанда 2018-жылы 80 билим берүү мекемеси курулган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында экономика министри Олег Панкратов маалымдады. Анын айтымында, алардын ичинен 49 мектеп, 25 спортзал, 4 бала бакча жана 2 […]

“Көк бөрү” оюнунун эрежелери өзгөрдүбү?

Өткөн жуманын этегинде кыргызды кабатыр кылган окуянын бири катталып, Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) ассоциациясынын жыйыны өткөнү, ага катышкан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, […]

Кыргызстанда талаптагыдай логистикалык борборлордун саны 11ге жетти

Кыргызстандын аймактарында эл аралык стандарттарга жооп бере турган, айыл чарба азыктарын сактоочу 11 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, […]

Электр энергиясынын тарифи өзгөрбөйт

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф азырынча өзгөрбөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу маселе каралып жатканда айрым депутаттар жарыкка болгон тариф тууралуу сөз […]

Өткөн жылы мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которду

2018-жылы мигранттар тарабынан өлкөгө 3 миллиардга жакын акча которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат. Маалыматка ылайык, 2018-жылы жеке жактардын өлкөгө которгон акчасы 2 миллиард 685 миллион 400 миң долларды […]

Сапар Исаков экс-президентти ала жатканы калдыбы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштер боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берип, 386 миллион долларды сугунган «коррупциялык иште уюштуруучу» катары президенттик аппараттын мурдагы бөлүм […]

Өлкөдө ЖЭБден башка ири долбоорлор да текшерилүүдө

Кыргызстанда ири долбоорлордо мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Мындай пикирди депутат Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында билдирди. Эл өкүлү жыйында Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон […]

Гүлзат Мамытбек: “Мен сынбайм, тескерисинче экинчи демим ачылып жатат”

Акыркы жылдары интернет айдыңында өзүн-өзү кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбектин элге дем берген видеолору тынымсыз жарыяланып келет. Элге мотивация берип, ар дайым позитивдүү жүргөн Гүлзат айым акыркы күндөрү жеке турмушундагы […]

Айпери Суранчиева, алып баруучу: “Жолдошум сенин ордуң теледе деп колдоп турат”

Балдарга эне, жубайынын жаркыраган сүйүктүү жары, коомдо өзүнүн орду бар, колунан көөрү төгүлгөн уз, назик айымдарды көргөндө суктанбай кое албайсың. Мына ушундай сапаттардын бардыгы бар, төгөрөгү төп келишкен алып баруучу […]

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептер

Технология өнүккөнү адам баласынын күнүмдүк түйшүктөрү жеңилдеп, алыс жол жакындап, дүйнөнү чөнтөгүңө салып алып жүргөндөй мумкүнчүлүктөр түзүлгөнү менен биз виртуалдуу дүйнөнүн кумарына өтө эле батып кеткендейбиз. Дегеним, бешиктеги баладан тартып, […]

Жерүйдөн “желбектеген” Андрей Румянцев деген ким?

“Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Востокгеодобыча” жоопкерчилиги чектелген коому курамына кирген “Орус Платинасы” компаниялар тобунун пресс-кызматынын жетекчиси катары өзүн тааныштырып жүргөн Андрей Румянцев деген эргул пайда болду. […]

“Кыргыз темир жолу” ишканасын сатканга шашылбай, акционердик коомго айландыруу абзел

Соңку убакта “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы бара-бара сатылаары такталбаган күбүр-шыбыр кептер эл ичине желдей тарап кеткенинен улам биз бул маселеге кайрылып көрдүк. Анткени мамлекеттик кирешелүү ишкананы дароо эле “кызыл […]

Курманкул Зулушев, ЖКнын депутаты: “Мен кимдир бирөөнүн заказын аткарып мыйзам жазган эмесмин”

-Курманкул мырза, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы түп тамырынан бери өзгөрүп кеткени үчүн аталган мыйзам долбоордун дагы бир автору Исхак Масалиев  каршы добуш бергенин айтты. Депутаттардын сунушунан кийин сиздин да […]

Мадина Талипбекова, актриса, модель: “Моделдик карьерам 14 жашымда башталып, 18 жашымда бүттү”

Кыргыз киносу жана театры жаңы актер-актрисалар менен толукталып, жаңы муун бийиктиктерди багындырып жатканы жүрөк жылытат. Буга мисал Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде кыргыз-өзбек кино жаратуучулары […]