Жума, 22 Февраль, 2019 - 4:34
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РАСМИЙ КАБАРЛАР

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек стөлдүн ишине катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Мамлекеттик органдар ортосундагы балдарга карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселеси боюнча өз-ара аракеттешүү механизмдерин өркүндөтүү» аттуу тегерек стөлдүн ишине катышты. Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз […]

Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында түшкөн айыппулдар кимдерге кандайча бөлүштүрүлөрүн ачыктады

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн эсептелген айыппулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз […]

Фото – Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды

Бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралу президенттик аппараттын басма […]

Көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана тариздөө боюнча иштер улантылат

Көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана тариздөө боюнча иштер улантылат. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн […]

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан Будапешт Процессинин Алтынчы министрлер конференциясына катышууда

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин  2019-жылдын 19-21-февралында Турциянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Будапешт Процессинин Алтынчы министрлер  конференциясында катышууда.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чарага Европанын, […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Ош – Баткен – Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен жана Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратнын басма […]

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө   Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Анын ичинен Кыргыз […]

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен өлкөнүн Баткен жана Жалал-Абад облустарына барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 20-февралда Мамлекет башчысы иш сапары менен Баткен облусуна, эртең, 21-февралда Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов менен алдыда өтүүчү калкты жана турак-жай фондун каттоо маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Анда 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдык маселеси, республиканын каттоо системасын […]

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу […]

Нуран Ниязалиев Кыргызстандын Катардагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Ниязалиев Нуран Садырович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жол кыймылын терең талдап чыгуу жана жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу зарыл

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет. Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ащыруу боюнча аткарылып жаткан […]

Фото — Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чарага катышты. Президент Ооган согушунун ардагерлеринин  аскердик милдетин аткаруудагы эрдигине таазим […]

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Гүлмира Кудайбердиева менен өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Өлкөдөгү жалпы, баштапкы, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар […]

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Жанат Бейшенов менен өлкөнүн жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөткө өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда өлкөнүн транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Жанат Бейшенов Министрликтин 2018-жылдын жыйынтыктары, транспорт […]

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак тууралуу жарыя

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы/учурдагы курамына коомчулук өкүлдөрүн, […]

Улан Абилов КР Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  ээлеген кызматынан бошотулду. Бул […]

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. «Кыргызстан элинин атынан жана […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет. Мамлекет […]

Фото – Министр Чынгыз Айдарбеков АКШнын элчиси Дональд Лу менен жолугушту

Кечээ, 8-февралда Бишкекте КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жолугушту. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет. Жолугушууда министр жана элчи […]

Жаңы кодекстердеги кемчиликтерди жана коллизияларды жоюу боюнча кезектеги талкуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексиндеги, Жазык кодексиндеги жана Жазык–процессуалдык кодексиндеги кемчиликтерди жана коллизияларды жоюу боюнча ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо боюнча тегерек үстөлдүн ишине катышты. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков ТүркПАнын Башкы катчысын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Сооронбай Жээнбеков Алтынбек Мамаюсуповду […]

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Шанхай кызматташуу уюмунун Башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Владимир Норовду ШКУнун Башкы […]

Кошой Исалиев Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кошой Исалиев Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Исалиев Кошой Овосбекович […]

“”Биз акыл-эстин, билимдин эсебинен жаркын келечек кура турган өлкөбүз”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда борбор шаардагы эки орто мектепте болгондон кийин, Бишкектеги жогорку жана атайын орто окуу жайлардын, кесиптик-техникалык лицейлердин жетекчилери, окутуучулары, студенттери, окуучулары менен жолугушту. Жолугушуу Жусуп Баласагын атындагы […]

Люксина Текеева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Люксина Текеева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук […]

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги эки мектепти кыдырды

Бүгүн, 6-февралда президент Сооронбай Жээнбеков  Бишкек шаарындагы № 69- жана № 12-мектептерге барып, класстарга кирип, сабактарга катышып, окуучулар менен маектешти. Мугалимдер география, математика, немис тили, музыка жана сүрөт тартуу сабактары боюнча көрсөтмө […]

Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын Президенти Паллеуатте Гамаралаге Майтрипала Япа Сирисенаны Шри-Ланканын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Паллеуатте Гамаралаге Майтрипала Япа Сирисенаны Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — Улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз […]

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы […]

Фото – КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жамаатына Өмүрбек Суваналиевди КР Президентинин Аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев тааныштырды

Бүгүн, 4-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары кызматына дайындалды. Катчылыктын жамаатына Өмүрбек Суваналиевди КР Президентинин Аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев тааныштырды.

Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тиешелүү буйрукка кол койду.

Фото – Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарынын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өттү. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Коштошуу зыйнатына […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет

«Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду […]

2019-2023-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет. Программада […]

Некролог – Корчубек Акназаров

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Элибиздин татыктуу уулу, көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагындадүйнөдөн кайтты. Корчубек Акназаров […]

Туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө.  Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев […]

Асылбек Кожобеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Асылбек Кожобеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кожобеков Асылбек […]

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. “Манас” эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз […]

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Осмонов Болот Салбарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Болот […]

Эркинбек уулу Эмилбек Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотулду

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеӊеш жыйынында Эркинбек уулу Эмилбекти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди. Аталган маселе боюнча Бюджет […]

Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишим ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол […]

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам […]

«Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин  аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы ишмердигинин […]

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Жогорку […]

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. […]

ИИМ:  Милицияга зор салымдарын кошкон коомдук уюмдардын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда кошкон салымы үчүн, « Мыкты коомдук алдын алуу борбору»,  «Мыкты Аксакалдар соту», […]