Мындай пикирин бүгүн Kyrgyztodayге КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов билдирди. Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу мындай көйгөйдүн аягына жыйырма жылдан бери чекит коюлбай келе жаткандыгын айткан депутат, бул маселе эки мамлекеттин ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек экендигин билдирди.
“Бул маселе боюнча бийликти күнөөлөгөнгө негиз жок. Анткени өкмөт чек араны бекемдөө үчүн колунан келген аракетин жасап жатат. Чарбак айылындагы Кыргызстандын чек ара тосмосу дал ушундай максатта ачылган. Андыктан бул жерде бийлик эч кандай кемчилик кетирген эмес”,- дейт ал.
Эскерте кетсек, ЖКнын басма сөз кызматы, депутат Эгемберди Эрматов Өзбекстандын Сох анклавы менен Кыргызстандын Чарбак айылында болгон коогалаңдуу окуя, ага карата көрүлүп жаткан чаралардын жүрүшү менен жеринде таанышуу максатында Баткен облусуна жөнөп кеткендигин маалымдаган. Бирок, эл өкүлүнө байланышка чыкканыбызда ал башка аймактарда шайлоочулар менен жолугуп жүргөндүктөн окуя болгон жерге барууга мүмкүнчүлүгү болбой кала тургандыгын айтты. (В.О)
