7-январь күнү ИИМ жетекчиси Шамил Атаханов өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбадиевдин тапшырмасы менен Баткен облусуна барып, Сох анклавында барымтага алынган кыргыз жарандарын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок, барымтадагылар бошотулгандан кийин Атаханов Чарбак айылынын тургундары күтүп жатканына карабай кетип калыптыр.
“ИИМ жетекчисине абалды түшүндүрүп берели деп Чарбак айылында бир топ адамдар чогулган эле. Алар биринчиден барымтадагылардын бошотулганына ыраазычылык билдирип, экинчиден ал жердеги көйгөйлөр тууралуу айталы дешкен. Бирок, Атаханов Чарбакка келбей облустук администрациядан ары кетип калды. Элдер буга абдан нааразы болуп жатышат. Бийлик тараптан бир адам басып келип, абалды сурган жок”, - дейт өзүн Таалай деп тааныштырган Баткендин тургуну. (Б.Э)
