Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жетекчилик кызматы кайрадан талашка түштү. Мекеменин профсоюз уюму тарабынан алынган маалымат боюнча, 2012-жылдын 31-октябрында Түгөй Чекиев Жогорку соттун чечимине жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаевдин чечимине таянып, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жетекчиси Тынарбек Мүсүралиевди эмгек өргүүдө жүргөн учурда белгисиз адамдар менен келип, кабинеттин эшигин бузуп, ордуна мыйзамсыз отуруп алган. Бирок, эмгек жамааты Т.Чекиевди кабыл албай, нааразылыгын билдирип, атайын профсоюз уюмунун демилгеси менен анын төрагасы Адыл Юлдашевдин жетекчилигинде эмгек жамаатынын жыйыны өткөрүлүп, Т.Чекиевдин дайындалышына каршы экендигин билдиришип, атайын билдирүү таратышкан. Профсоюз уюмунун маалыматы боюнча, 2010-жылы июнь айында да Т.Чекиев жетекчилик кызматка дайыналып, бирок эмгек жамааты кабыл албай, иш таштоо уюштуруп аргасыздан 5-6 күн иштеп, кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин бул кызматка буга чейин орун басар болуп иштеп жаткан Өскөн Абдуллаев 1 жылга жетекчи болуп иштеген. Ал эми кызматынан бошогон Т.Мүсүралиев бир жылга жакын соттошуп жүрүп 2011-жылы соттун чечими менен кайра ордуна отурган. Ал 2012-жылдын 21-декабрынан баштап эмгек өргүүгө чыккан.
Эмгек өргүүдө жүргөн Т.Мүсүралиев өз кызматынан негизсиз бошотулганы үчүн соттошуп жүрүп кызматка кайра келип иштеп жатканын, анын кызматы орду мыйзамдуу экенин билдирди. Ал эми Т.Чекивдин мыйзамсыз аракеттери боюнча прокуратура органына кайрылаарын маалымдады. Анткени Т.Мүсүралиевдин айтымында, эмгек өргүүдө жүргөн учурда эч качан мыйзам боюнча кызматтан алынбайт. Профсоюз уюмунун маалыматы боюнча, эмгек жамаатынын ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканынын себеби - ал бир учурда Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасында иштей албай четтетилген, Ош-Жалал-Абад дирекциясында Жалал-Абад шаары боюнча күйгөн үйлөргө жардам берүү боюнча каржы координатору болуп, бир топ жарандардын нааразычылыгын пайда кылган.
“Т.Мүсүралиевди дайындоо боюнча соттун чечимин жокко чыгарбай, экинчи адамга да чечим чыгарган соттордун ишине таң калуудабыз. Биз эмгек жамааттын жыйынынын протоколун Жогорку жетекчиликке жөнөттүк. Эгер тиешелүү чечим кабыл албаса иш таштоого чейин барабыз», - дешти эмгек жамаатынын мүчөлөрү. Алар эмгек жамааты менен эсептешпей мыйзамдуу аракеттерди жасабай кабыл алуу жолун мыйзамдуу өткөрбөй өзүм билемдик кылып жатканына нааразы болушууда. Ал эми учурда иштеп жаткан жтекчи Т.Мүсүралиевдин өзүнүн айтымында, эмгек өргүүсү 2-февралда бүтөт.
Булак: “Айбат”. (N.J)
