155 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды

Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусунан чала тааныш болгон “Акылбек” аттуу жаранга карата чара көрүп берүү боюнча арыз келип түшкөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын июнь айында Акылбек арыз ээсине “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаасын болжол менен 155 миң сомго саткан. Көп өтпөй, жабырлануучу автоунаанын камоодо экенин билген. Биринчи май РИИБдин ыкчам-иликтөө кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү 48 жаштагы С.А. аттуу кармалган. Кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *