Алым Токтомушев: “Аракты таштаганга караганда ыр жазганды таштоо жеңил экен”

Кубаныч Зайнидинов: Кыргыз журналистикасына барандуу салым кошкон, ошол эле маалда акын, котормочу, эң негизгиси жөпжөнөкөй адам деген атка татыктуу инсан маркум Алым Токтомушев менен кезинде «Кереге» гезитин чыгарып жүргөн маалда поэзия, журналистика туурасында азыноолак кеп салыштык эле. Асыл адамдар качан болбосун тирүү бойдон жашай берет деген сөздө калет жок. Бүгүн ал маекти окуп калып, Алыкемдин өзү менен сүйлөшкөндөй болдум. Асыресе, Алым байке сөздү гезит бетинде гана саймедиребесе, сүйлөшө келгенде маекке чоркок, сөзгө сараң жан эле. Балким, бизчилеп баары жокту бажырай бербегенинен улам улуулукка, тазалыкка баш малгандыр. Арийне, мындай адамдардын айткан дегенине азыноолак көңүл салып турсак ашыкча деле болбос деген максатта ошол маекти сунуштагым келди.

—Алым агай, сизди мыкты журналист катары жакшы билебиз. Ошол эле маалда акынсыз. Деги эле поэзия деген сөзгө кандай аныктама берет элеңиз?

—Мыкты журналист экендигимди билчү эмесмин. Жөн эле журналистмин деп ойлочу элем. Силер айтып аткан соң мүмкүн ошондойдурмуң. Акын болоюн деп аракет жасагам. Бирок болалбай калдым. Поэзия? Бул эми аба деген аба, суу деген суу дегендей эле сөз.

—Чыгармачылыкта кандай түшүм жыюудасыз?

—Бир ирет Эл акыны Омор Султанов: «Жакшы ырларың бар эле, жазып атасыңбы?» – дейт. Мен: «Омоке, таштап койгом, аракты таштаганга караганда ыр жазганды таштоо жеңил экен» – дедим. «А, кашайгыр!» – деди Омоке.

—Учурда көпчүлүк ыр жаратуучуларга «начар» деген баа берилет. Поэзиянын абалы сизди канааттандырабы?

—Поэзиянын абалына канагаттанган мезгил же коомдук пикир тарыхта жок. Пушкин плеядасы менен чыкканда деле «Азыркы поэзия өлдү» маанисинде «өкүрүп» турушкан.

—Деңгээли төмөн ырлардын көбөйүүсү эмнеден улам?

—Анткени акындардын канаты жок. Канаты жок поэзия адам рухун көтөрмөлөбөйт, бир окутуп же бир ыраазы кылып тим болот.

Пастернак бир кезде: «Талантов много – духа нет» деп өкүнүп жазганы бар.

—Чабал, дарамети пас китептер коомго терс таасирин тийгизбейби?

—Начар китептер албетте табитти бузат. Тилекке жараша коомчулук азыр китеп окубай калды.

—Бүгүнкү күндө китептер оголе көп басылууда. Басылган китептер менен таанышсызбы?

—Тааныш эмесмин. Жаш өткөн сайын ар дайым окуй турган саналуу китептер калат экен.

—Кыргыз журналистикасына кандай сын айтат элеңиз?

—Кыргыз журналисттери өтө сабатсыз.

—Кыргыз басма сөзү эмнеден аксап, эмнеден алдыда бара жатат?

—Басма сөз изилдөөдөн, анализден аксап, ушак, имиш-имиштерден илгерилеп баратыр.

—Журналисттик ишмердүүлүктү кантип өргө сүйрөө керек?

—Жакшы, курч макала жазып, окурмандарды тартса болот. Андан да башкасы таланттуу адам акча табам, аялга жагам, атак алам деп жазат. Ушул үч мудөөнү акыйкат сүйгүч принциби коштосо, менимче, журналисттик ишмердиктин «ити чөп жейт».

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *