“Ата-Мекен” партиясы эртең Акүйдүн алдына митингге чакырат

Эртең, 27-февралда саат 13.00.дө Акүйдүн алдында бүгүн УКМКнын алдында өткөн депутат Текебаевди колдоо боюнча оппозициянын митингинин уландысы болот. Бул тууралу “Ата-Мекен” партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эртеңки митинг боюнча партиянын атынан Бишкек мэриясына кат жолдонгону кошумчаланды.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 26-февралда түнкү саат 03.00.дөрдө Австриядан, эл аралык парламенттик жыйындан кайтып учуп келген КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Манас” аэропортунда укук коргоо органдары тарабынан кармалып, УКМКга алынып кеткен.

Кечээ, 25-февралда КР Генералдык прокуратурасы Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевге каршы КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-алдамчылык жана 303-коррупция беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *