Атайын оорукананы Сагымбаев сатып алганбы?

Өткөн сандарыбыздын биринде борбор калаадагы «спецбольница» деп аталып келчү оорукананын директору Сагымбаев Марат тууралуу азыноолак кеп кылдык эле. Албетте, кызылдай каралоо максатында эмес, айрым айтылып жаткан кептердин чын-бышыгын тактоо ирээтинде собол узатып. Башы катуу эме окшобойбу, гезит чыкканы ак же көк деген пикирин билдирип койгонго жараган жок. Демек унчукпаганы – макул дегениби? Балким таянган тоосу күчтүү окшойт. Бир канча жылдан бери «атасынан менчикке калгансыган» бул орунду кучактап олтурса дагы бир карыш жылыш кыла албаган жетекчиден эмнени күтсөк болот? Үлкөндөр менен чиновниктерге ар кыл жагдайларды шылтоолоп «справка» жазып бергенден башка иш колунан келе элек. Башкага жооп бербесе да былтыр операция жасалган эки адамдын өмүрү өлүм менен аяктаганын Марат мырза эмнеге жашырып келет? Балким күнөөсү болуп жүрбөсүн? Каза болгон жарандардын жакындары бизге байланышка чыгып, Сагымбаевдин бет чүмбөтүн сыйрышты. Бул боюнча журналисттик иликтөөбүздү баштадык, жакынкы сандарда жарыялайбыз. Аны менен катар өткөн чыгарылышыбыз чыккандан кийин тиешелүү органдар бизге байланышка чыгып, каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча кайрадан иликтөөгө алышаарын кабарлашты. Албетте, бул боюнча кенен сөз кылабыз. Ооруканын ичинде бюрократияны жогорку деңгээлде орнотконун да ачыктап берүүгө белсендик. Айтмакчы, так ушул «спецбольницага» тиешелүү Панфилов көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги бир нече чарчы метр жер аянты дагы так ушул Сагымбаевдин макулдугу менен жеке менчик ээлерине өтүп кеткендиги боюнча жиптин учугу чыкты. Айтылчу кептер алдыда. Арийне социалдык тармактар менен ЖМК өкүлдөрү саясатты эле сайрай бербей, коомдун күрөө тамыры болгон тармактарды да талкууга салып, андагы коррупция, шалаакылыктарды ашкерелешсе эл үчүн, мамлекет үчүн жакшы эле болмок.

Аман Иманалиев

Булак: Де-Факто 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *