Атамбаев таластыктарды таарынтты

Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйынында Талас облусундагы 2010-жылкы окуяга саясий баа берип койсо болмок. Мындай пикирин Кyrgyztodayге Апрель баатыры Төлөгөн Нарилиев билдирди.

“Апрель революциясы Таластан тутанганын баары билет. Ошондо таластыктар коркуп, кичине эле артка чегингенде, бийлик баарын басып салмак. Ал кезде Таласта Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) башында Койсун Курманалиева туруп, аял башы менен артка кайтпай, элге дем берип жүргөнүн биз унута элекпиз. Ал эми Атамбаев мырза ушуларды эске алып, ошол окуяларга саясий баа берип койсо жакшы болмок. Таластыктар азыр ажо эки ооз сөзүн аяды дешип, нааразы болуп жатышат. Эгер, 2010-жылы Таластын эли түп көтөрүлүп, канкор бийликке каршы чыкпаганда революция ишке ашып, Атамбаев президент болмок эмес. Азыркыдай гитарасын чертип, ырдабай калмак. Ошондуктан, ал бийликке жеткирген элин унутпашы керек”, – деди Наралиев.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *