Баш-аягы, буту-колу жок, тамтырактап жазылган Жазык кодекси

2019-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилген кодекстер тууралуу ММКларда жүрүп жаткан кызуу талкуу боюнча көп жылдар райондук, облустук, КР Жогорку Сотунун судьялыгына дайындалып, тажрыйба топтогондугума байланыштуу жазык кодексти окуп, мынчалык эмнеге эл нааразы, ал эми соттордун судьялары сын-пикирлер боюнча үн катышпагандарына жалгыз эле административдик жазаларына, анын ичинен өзгөчө басып белгилегени, түкүрүккө өтө көп айыппул чектелгенине көңүл бурушуп, жалпы кодекстер толугу менен басылып чыкпаганынан унчуккан эмес элем.

Баса белгилей кетиш керек: биздин республикада башка, мисалы, РФда ар бир мекемеде (МВД, ГП, ВС, ФСБ ж. б.) мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча институттар иштейт. Ал комиссиялардын курамында илимий-практикалык зор тажрыйбасы бар юрист-окмуштуулар мыйзамдардын долбоорлорун даярдап, аларга мыйзамдуу укугу бар эксперттер корутунду беришип, андан кийин коомчулукта талкууланып, андан кийин гана мыйзам чыгаруучу Мамлекеттик Думага жөнөтүлүп, ал жерде талкууланып, кабыл алууга берилет.

Бизде мындай шартыбыз жок. Чабал өрдөк мурда учат болуп, бат эле чампаланып, мыйзамдар көрүнгөн өлкөнүн мыйзамдарынан кошуп, оңдомуш болуп, кабыл алынат. Мына, биринчи Конституциябыз РФ окмуштууларынын жардамы менен жазылып, 1993-жылдын 5-майында кабыл алынып, 2010-жылга чейин 7 жолу жаңыланып, толукталып чыгарылды. Эмне өзгөрдү? Учурда болсо дагы жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча кызуу сөз жүрүп жатат. Негизги закон болуп эсептелген Конституцияны чампалап өзгөртүп чыгара берсе эле элдин турмушу оңолуп кетеби?

Мен көп жылдар бою жазык кодексин өз практикамда колдонуп, аны жакшы түшүнгөнүмө байланыштуу жаңы жазык кодексин баштан-аяк окуп чыгып, анын кабыл алынышына аң-таң калдым. Ушундай да шумдук болобу?! Ушул жазык кодекси эгемендүүлүктү алгандан бери “жаңыланып” 3-жолу кабыл алынышы. Калган кодекстер боюнча өзүнчө сөз болоор.

1997-жылдын 1-октябрында кабыл алынган жазык кодекси жалпы жана өзгөчө бөлүгү болуп, бардыгы 376 беренеден, 2019-жылдын 1-январынан колдонууга кирген жаңы кодекс бардыгы 395-беренеден түзүлгөн.

Башталганда эле жазык мыйзамы анын принциптери болуп мыйзам, күнөө, адилеттүүлүк жана гуманизм принциптеринин түшүнүктөрүн берип, ушул кодекс эң жогорку социалдык баалуулуктары инсанды, анын өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылат делген.

Кодекстин беренелеринин бөлүктөрүндө эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнө жараша кылмыштар: анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп үчкө бөлүнгөн.

1998-жылкы кодексте белгиленген кылыштын чоң коркунуч келтирбегени жаңы кодекске киргизилбей калган. Себеби кодексте түшүндүрүлбөгөн. Бирок кодекстин 9-главасынын 56–57-беренелеринде кылмыш болуп саналбаган жана анча маанилүү эмес жосундар боюнча түшүнүк берилип, чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар жөнүндө түшүнүк да жок.

Кодекстин 11-главасында жазанын түрлөрү (63–64-беренелер) белгиленген. 1997-жылдын 1-октябрындагы кодекске салыштырганда үч эселенген айып, мүлктү конфискациялоо, транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу сыяктанган негизги жана кошумча жазалар каралбаптыр. Сот күнөкөргө жасаган кылмышы үчүн (жаза чарасын) кодекстин жалпы бөлүгүндөгү жоболорду жетекчиликке алып, жазаларды түрлөрү боюнча белгилейт.

Азыркы шартта бул кодекс боюнча мамлекеттик менчикке, мүлккө мыйзамсыз ээлик кылса, уурдалса, тонолсо, байыса кылмыштын натыйжасында алынган мүлктөр мамлекеттин менчигине мажбурлап, акысыз алынып, конфискацияланууга тийиш эле. Бирок, бул жагдай кодекстин жалпы бөлүгүндө каралбай, анын өзгөчө бөлүгүндө, тиешелүү беренелерде да кошумча жаза катары белгиленген эмес. Демек, жаңы кодекс боюнча уурда, тоно, каракта — ​бул үчүн болор-болбос жаза берилип, арамдан табылган чөнтөктө кала берет. Жегениңер аш болсун деген аргасыздын сөзүнөн башка эмне айтмакчыбыз?.. Демек, каалагандай улуп-жулуп ала бер, мамлекетке же жарандарга келтирилген зыян эч нерсе болбойт, жабырлангандарга өндүрүлбөйт дегенге тете. Кантип жаза кодексине конфискация киргизилбей калат? Жазык кодексинин 1998-жылдагы редакциясында (52-берененин 4-пункту) мүлктү конфискациялоо сот тарабынан кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде каралган пайда табуу ниети менен атайылап жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн дайындалышы өзгөчө белгиленген.

Андан дагы кызыгы — ​кодекстин 11-главасы кылмыш үчүн жаза жана жазалардын түрлөрү (64–72-беренеге чейин) белгиленип келип, мисалы, коомдук иштер же болбосо акысыз иштөө окуудан бош убакта күнүнө 40тан 60 саатка чейин, башка адамдар үчүн 40 саатта жашы жетпегендер үчүн 60 саатка чейин, башка адамдар үчүн 60сааттан 120 саатка чейин, иштебегендер жана окубагандар 4 категорияга бөлүнүп, эң көбү жашы жетпегендер үч 100дөн 120 саатка чейин, башка адамдар үчүн 280ден 360 саатка аткарылышы белгиленген. Бала багууга өргүүгө чыккан аялдарга кийин коомдук ишке тартылгандарды дагы төрт категорияга бөлүп, айыптын пайыздык өлчөмүндө тартылаары белгиленген. Мисалы, 1–2 категориядагы айыптын 28%ын 3–4-категориядагы айыптын 25%ы айып төлөөгө кириптер кылынат

Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу сот тарабынан тыюу салынганы дагы 4 категория боюнча ажыратылат.

Ушундай эле түзөтүү жумуштары дагы 4 категорияга бөлүнүп, эгер мыйзам бузуучу же кылмышкер иштебей, түзөтүү жумушун аткара албаса, дагы 4 категориядагы коомдук иштер менен алмаштырылат, бала багуудагылар түзөтүү жумушундагы 4 категориядагы айыптын пайызын төлөөсү каралган.

Айып пул дагы 4 категорияга бөлүнгөн. Эркиндигинен ажыратуу дагы жаңы кодексте 6 айдан 15 жылга чейинки мөөнөткө белгиленген. Эркиндигинен ажыратуу жазанын мөөнөттөрү боюнча 6 категорияга бөлүнүп, аягы (эң жогорку чеги) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган. Жазаны дайындоонун жалпы шарты кодекстин жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындалат. Сот 5 жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жөнүндөгү жаза белгилөөдө кодексте каралган шартта 1 жылдан 3 жылга чейин мөөнөткө белгиленип, пробациялык (сыноо) көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулат.

Кодексте чет тилдеги процессуалдык гумандаштырылган, декриминалдаштырылган жана депеналдаштырылган деген терминдер көп пайдаланылган. Андан да кызыгы өнөкөт кылмыштар, же болбосо мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам кайталаса, өнөкөт кылмыштар деп табылып, кылмышынын квалификациясына, жаза белгиленишине таасири бар болчу. Өнөкөт кылмыштар жөнүндө түшүнүк, анын коомго корунучтуулугу, жаза чектөө тартиби каралбай, мурда кылмыш жасабаган, соттуулугу бардыгы каралбай, ачык калган.

Кодекс боюнча жаза чектөөдөгү маанилүү нерсе — ​соттолуучуга жаза чектөөдө андан кылмыштын кесепетинен келтирилген материалдык зыянды калыбына келтирүү жөнүңдө маселе белгиленбей калган. Демек, мүлкүн конфискациялоодон келтирилген зыян, материалдык чыгымдар жабырлануучуга өндүрүлбөйт экен. Мына сага жаңы кодекстеги “гумандуулук!” Уурдай бер, тоной бер, каракта, жабырлануучуга келтирилген зыян өндүрүлбөйт.

Өзгөчө бөлүгүнөн, бисмилла деп, инсанга каршы кылмыштар боюнча киши өлтүрсө, кодекстин 130-беренесинин 1-бөлүгүңдө сот жаза чектегенде мөөнөтү белгиленбей, адам өмүрүн кыйса, эркиндигинен категория боюнча ажыратылаары каралган. Аталган 1-бөлүктү карайлы. 5-категориядагы жашы жетпегендер үчүн айып 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн 2200дөн 2600 өлчөмүңдөгү эсептик көрсөткүчтөргө чейин каралган.

Тагыраак, жөнөкөй чот менен судьялар камсыз кылынбаса, айыпты эселентүү категориясы боюнча эркиндигинен ажыратылган жазаны эсептөөгө мүмкүн эмес.

Оордотуучу жагдайда киши өлтүрүүнүн 130-берененин 2-бөлүгүнүн 15-пунктунда каралган оордотуучу жагдайда адам өлтүргөндөргө жаза 6-категориядагы эркиндигинен ажыратууга же 6-категориядагы айып менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ушинтип табышмактуу айыптын өлчөмүн, эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтү көрсөтүлбөй категорияларга бөлүп коюп, 130-беренеден 395-беренеге чейин жаза ушундай тартипте белгиленүүсү каралган.

Дагы бир мисал. Учурда жол жүрүү эрежесин бузуу, анын натыйжасында өлүм учурлары өсүп жатса да, кодекстин 297-беренесинде кодекс бир эле бөлүктөн белгиленип, этиятсыздыктан оор зыян келтирген транспорт каражаттарын башкарган адам тарабынан же коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу 6-категориядагы айып салуу менен — ​2-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп белгиленген. Айып үчүн 6-категориядагы 2600дөн 3000 өлчөмдөгү эсептик көрсөткүчтөргө чейин, же болбосо 2-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2-категориядагы жаза 1 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланаары белгиленген.

Кодексте колдонулуучу терминдердин түшүндүрмөсүндө оор залал деген адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүү деп белгилеп, өгүз өлбөсүн, араба сынбасын дегендей, оор залал алса эле болуптур. Жол кырсыгынан улам келип чыккан киши өлүмү тууралуу түшүнүк да жок. ММКларда каралгандай, эгер күнүнө жол кырсыгынан 2–3төн киши өлсө, баш коргоо чарасын бош койгула, анткени адам өлсө, камакка алууга тыюу салынган дешке аргасыз болосуң. Мына кодекстин 2 гана беренеси боюнча ушундай оркойгон катачылыкты көрүнөт. Баарын салыштырмалуу талкууга алууга гезит аянты да жетпечүдөй.

Адамдын укугун тепсеген, маскара кылган конституциялык мыйзам — ​жазык кодекси ушундай да жазылабы?! Кодекстин долбоорун кимдер иштеп чыккан? Алар Жогорку Кеңештеги талкууда депутаттарга кантип түшүндүрүшкөн?! Эксперттер кимдер, талкууга кимдер катышкандыгы да табышмак. Эмне үчүн ушундай оркойгон кемчиликтери кодекске окшобой, болжолдоону 2016-жылдан бери кантип көрүшпөй, кодекстин “укмуш” жазылгандыгын жерге-сууга тийгизбей мактап, учурда кемчиликтери оркоюп көрүнүп турса дагы кошумчалап, толуктап, оңдоого тапшырылганына таң калам. Укмуштун төөсү жорго дегени ушулбу?

20 жылдан бери колдонулуп келаткан жакшынакай жазык кодексинен чоң коркунуч келтирбеген кылмыш коомдук коркунучтуулугу жок болгондугунан, кылмыштын түрлөрүнүн курамынан чыгарылганын алыпсатарлык кылып, чымындай же болбосо кыпындай нерседен баш-аягы жок, майдаланган, түшүнүксүз, практикада колдонууга татаалдаштырылып түзүлгөн кодекс кабыл алынып (колдонууга киргизилип), элдин башын айландырып, түкүрүк кызуу талкууга алынып, толуктап, оңдоого багыт алынууда. Эмнесин оңдойт, эмнесин толуктайт?

1998-жылы кабыл алынган жазык кодексине окшошпогон, өзүнчө өзгөчөлөнгөн чала-бучук кодекс дегенге татыктуу болуп калды. Мыйзамды жазууда мындай жеңил ойлуулук кылбаш керек. Текебаев Конституцияны 4 жолу оңдоп, сот тармагындагы коррупцияны азайтам деп, сот түзүлүшүн, уюштуруу иштерин жаңылаткансып, баш-аягы дайынсыз, чалды-куйду болду. Атамбаев сот системасын оңдоп, кадрларын жаңылатам деп, кадрларын Жогорку Кеңеш баш болуп, сайда саны табылбай, сот курамын 2/3сине чейин жаңылатып, эмнени тапты? Чала молдо дин бузат дегендей, сот ишмердигин, анын ишин уюштурууну түшүнбөгөндөр ушинтип туңгуюкка капталгандай кылышты. Мага эч кызыкчылыгы деле жок, жаш-курагыма ылайык тынч отурсам дейм. Бирок, бул тармакта 50 жыл эмгектенип, тажрыйба топтоп, чарбада иштеген малчы менен сугатчыдай бир жеринде малы туура эмес багылып жатса, же айдоону ыксыз суу каптап жатканына жаны кейибесе, жүрөгүң оорубай койбойт экен. Менин жаным күйгөнү мыйзам долбоору өзүнүн шарты, тартиби боюнча иштелип, тийиштүү экспертизадан өтүп, жалпы талкуудан кийин кароого коюлуп, кабыл алынышы керек эле. Мурдагы кодекстен айырмасы тамтырактап, чалды-куйду жазылган. Андан көрө 1998-жылдагы кодекске тийбей эле толуктап коюшса эч нерсеси — ​кебете-кепшири бузулмак эмес.

Азыркы жаңы кодекстер менен мыйзамдар соттук-укуктук реформаларды жүзөгө ашырууда таяна турган олуттуу документтер болуп саналаарын, жаңы документтерде адам укуктарынын стандарттары кыйла жогорулатылып: гумандаштырууга, декриминалдаштырууга же депеналдаштырууга басым жасалган же болбосо мыйзамдардын топтомун кабыл алып, сот тармагынын репрессивдүү мүнөзүнөн кайтууга шарт түзүлгөнүн, өзү билемдикке жана башка укук бузууларга бөгөт коёт деп ММКларда даңазалай баштады.

Жок дегенде Жогорку Соттун пленумунун отурумунда баш-аягы жок жаңы кодексти кантип колдонуу боюнча түшүндүрө албастыгын билдирип коюшса болмок. Мен айрым гана беренелерине кыскача токтолдум.

Жогоруда белгилеп кеткендей, менимче кодексти толуктап, кошумчалап оңдоого мүмкүн эмес. Кайсыл мамлекеттен көчүрүлгөнү белгисиз жана коомго ылайыксыз. Талдап караганда каталарга өтө көп орун берилген. Мен айрым гана беренелерине кыскача токтолдум. Эми үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин кодекске толуктоо, кошумча киргизгенге топтун алы келбейт жана кайрадан жазып чыгуу оңой эмес. Ошол топтун ишине ийгилик каалап, артык кылам деп, тыртык кылбагыла деп айткым келет.

Султангазы КАСЫМОВ,

КР Жогорку Сотунун отставкадагы судьясы, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КР Эмгек сиңирген юристи

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *