Батырбеков деги бир нерсе билеби?

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Алмазбек Батырбеков Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экенин билген эмес. Бар же жок экени билинбеген Батырбеков бул окуя боюнча расмий органдардын териштирүүсүнүн жыйынтыгын күтүп, анан үн катмай болду. «Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун» дегендей, «а» дейби же «б» дейби эмне өзгөрмөк эле? Негизи жеке кызыкчылыктар менен шашылыш түзүлгөн партиянын келечеги жакшы болбосун «Кыргызстан» партиясы далилдеди. Далилдемек тургай, өлкөнүн атын жаманатты кылып бүтүштү. Андыктан Кыргызстан деген атты кол жоолуктай колдонбош үчүн мыйзам менен тыюу салуу зарыл болуп турат. Болбосо Шаршенбек Абдыкеримовго окшогондор партияга, аракка, коньякка деле «Кыргызстан» деген атты чаптап, мамлекеттин атына көө сүртүп, аброюна көлөкө түшүрүп жатышат.

Булак: Фабула 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *