Бишкекте студенттин өлүмүнө шектүүлөр эки айга камака алынды

Бишкекте 18 жаштагы студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 2 жаран эки айга убактылуу кармоочу жайга камака алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлады.

“Кылмышка шектүү эки жигитти Октябрь райондук соту эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Биринчиси 18 жаштагы шектүү №1 убактылуу кармоо жайына, экинчиси 17 жаштагы шектүү Вознесеновка айылындагы №14 жашы жете электердин абагына жөнөтүлдү”,- деп айтылыат ммалыматта.

Эскерте кетсек, 28-октябрга караган түнү түнкү клубдардын биринде 3 баланын ортосунда жаңжал чыгып, кесепетинен 18 жаштагы жигит катуу соккудан улам ал башы менен тепкичке жыгылып, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болуп калган. Ал Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 1-курсунун студенти экендиги маалым болгон.

Булак:Кyrgyztoday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *