Экс-министр Талантбек Батыралиевге каршы кылмыш иши козголду

Кечээ, 7-февралда КР Саламаттыкты сактоонун экс-министри Талантбек Батыралиевге КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык 320-беренесинин 4-бөлүмү жана 322-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2п. боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы түзгөн актысына ылайык, Т.Батыралиев 2014-2018 жылдар аралыгында КР саламаттык сактоо министри кызматында иштеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуп, 4 стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ методу менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 107 млн.сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *