Инвестициячылардын кол ийриси – табакташтардын арам оокаты

Кечээ күнкү Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан соң, дагы бир актуалдуу маселе жедеп бышып, мындан ары кечеңдетпей, биротоло оң чечпесе, бур “оору” дагы “хроникалдуу мүнөзгө” өтүп кетип, кеч болуп калары айкын болуп калды. Андай коркунучтуу чекке жеткенден кийин — ​ал оорудан айыгуудан үмүтүбүздү такыр үзүп, тек гана өтө өтүшүп кеткен чактарда гана, убактылуу жумшартуу үчүн дарылануу сыяктуу чаралар гана калары түшүнүктүү…

Бул ойлор президент Сооронбай Жээнбеков бул ирет өзү үчүн демейде мүнөздүү болбогондой эмоционалдуу сүйлөп, “провокаторлор, акмактар!” деген сыяктуу эпитеттер менен коштогон жыйындан калган таасирлер тууралуу болууда.

Президент тарабынан айтылган сөздөрдүн баары туура жана ал өлкө келечегин ойлоп, өсүп келе жаткан жаш муундарыбыздын жаркын жашоого мүмкүндүк алуусу үчүн ак дилден жаны ачып сүйлөп жатканы эч кандай күмөн деле туудурбайт дечи. А бирок, күмөн туудурганы башкада — ​мындай бийик пафостуу, керек болсо мындан да ашкан эмоционалдуу сөздөр мурунку президенттер тарабынан да далай ирет айтылып келген. Маселенин баары — ​ошол туура сөздү, изги идеяны практикалык, конкреттүү кадамдар менен коштоп кете албай жаткандыгыбызда болуп эсептелет!..

Маселен, мындан жыйырма жылча илгери президент Аскар Акаев коррупция 7-кабатка чейин жеткенин айтып: “Токтоткула, жетишет! Силерди Манастын арбагы урат!” — ​дегени али унутула элек…

Жыйынтыгында Манастын арбагы анын өзүн жана ички табияты элге каршы саясат жүргүзгөн бийлигин ургандай эле болду. Демек, Кудай да, Манастын арбагы да эч кандай куру, декларативдүү сөздөргө карабай, ар бир инсандын ички ой-туюмунун тазалыгына, анын жасаган кадамдарына — ​сыртынан кооз идеялар менен шөкөттөлгөнүнө карабастан, ички мазмуну арамдыгына карап туруп, ошолорго жараша эртеби-кечпи өз жазасын камдап тургансыйт!

Президент Жээнбеков биздей кризиске баткан мамлекет үчүн, инвестиция өлкөнүн өнүгүүсү үчүн — ​бирден-бир ишенимдүү булак экендигин, инвестициялык ыңгайлуу климатты түзүү, инвестициячыларга аларды кызыктырган жеңилдеген, жагымдуу шарттарды түзүү зарыл экендигин дагы бир ирет тастыктады. Кайра эле өткөн иштерге аргасыздан кылчаюуга мажбур болосуң: кыргыз элинин маңдайына бүткөн, дүйнөдөгү эң ири 10 алтын кендин бири болгон “Кумтөр” алтын кенибизди иштетүү аягына чыгайын деп калды. А бирок, андан алдын ала күткөндөй пайда ала алдыкпы? Мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн пайдалана турган, өнөр-жай, өндүрүшүбүзгө локомотив болуп бере ала турган киреше алгандын ордуна, “Кумтөр” жылына бюджетке баланча миллион берет! — ​деп коюп, ал жарыбаган каражатты убактылуу муктаждыктарыбыз менен жок кылуудабыз.

“Кумтөргө” да учурунда көп артыкчылыктар берилип, аны иштетүү ортолоп калганда гана, президент Аскар Акаев калп эле өлүмүш болуп, “биз алданып калган экенбиз, эми келишимдерди кайра карап чыкпасак болбойт” дегени маалым. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш кайрадан бекиткен келишимдер Кыргызстан үчүн ого бетер оорлогондугу Акаев качып кеткенден кийин гана айтыла баштаган…

Салыктык, мыйзамдык артыкчылыктар кагаз жүзүндө каралып, аларды кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлгө алуу мүмкүн болгону менен да, иш жүзүндө көмүскө жана атайылап уурдоого ыңгайлуу түзүлгөн келишимдердин айынан салынган каражаттар кайра эле кумга сиңген суудай дайынсыз агууда. Маселен, андай булганыч ыкмалардын ичинен эң эле кеңири жайылганы — ​кирешени тең бөлүү болгондуктан, кирешени мүмкүн болушунча азайтышып, кээде аз эле жерден чыгым болууга жеткирбей токтошкону — ​бул инвесторлор ушул жарыбаган каражат, бир аз гана пайда көрүш үчүн кез-кезде өздөрү да чыгымга дуушар болууга даяр турушкан абдан альтруист адамдар окшойт деген ойлорду да жаратышы мүмкүн!..

А чынында, албетте, азыркы кезде 4,5 млрд долларды чапчып, 5 млрд долларга жетейин деп калган тышкы карызыбыз дал ошол инвестицияларды натыйжасыз пайдалануудан жана да алардын абийирсиз уурдалышына жол берүүдөн улам болууда. Мунун айкын, жаңы мисалдарынын бири катары кечээ жакында эле капысынан эле “түкүрүк” маселесин ЖКда талкуулоодо ачыкка чыгып калып (былтыр ТЭЦ авариясынан улам “булайып калган” кытай кредити сымал!), кыйла чоң нааразычылыктарды жараткан “кодекстерди даярдоого” кеткен грантты айтууга болот. Башкасын айтпай эле коелук. Бир гана Массалык-маалымат каражаттары үчүн 300 миң евро бөлүнүптүр. Эгерде ошол минуталык социалдык роликтердин тарифтерин алып көрсөк, аларга кеткен чыгымдар ар бири бир нече толук метраждуу көркөм фильмдин бюджетинен артык турарын алдын ала эле, эч кандай көзү ачыктык кылбай эле биле алабыз.

Демек, инвестициячылар да, аларга табакташ болуп алышкан жергиликтүү “коррупционерлер” (башкача атоого эч мүмкүн эмес!) да сырттан келген каражаттарды жеке кызыкчылыктары үчүн чачып, жок кылууга кызыкдар болушуна шарт түзүлгөн. Албетте, мындай абалда өнөр-жай, өндүрүштү өнүктүрүү жөнүндө эч ким ойлонбойт. Алардын ошол долбоорду баштоо алдындагы ойлору башынан эле башка жакка карай бурулат. Ким мындан канча пайда көрөт — ​ачык мыйзамдуу — ​кагаз жүзүндө жана да көмүскө, эки тараптын келишими аркылуу уурдоо жолу менен — ​дал ошондуктан улам, көптөгөн долбоорлор ишке ашпай, чала жасалып, же ишке эптеп-септеп ашса да, “түкүрүктөй” жерде калып, кайрадан толуктап, оңдоп иштеп чыгууга муктаждыктапрды жаратууда…

Жыйынтыктап айтканда, Коопсуздук Кеңешинин соўку жыйынындагы айтылган ойлор апатиялуу маанайды жаратып гана тим болот. Бул абалды инвесторлорду иштөөсүндөгү финансылык маселелерди жана ички сыр сыяктуу механизмдерди максималдуу түрдө ачыкка чыгаруу жолу менен гана оңдоого болот. Анын үстүнө, алар бул маалыматтарды жабык кармоо мүмкүнчүлүгүн алгыдай, алар атайын кызматтар, же мамлекеттик маанидеги сырлар менен деле байланышкан эмес. Коомчулуктун көзөмөлү гана эки тараптан тең уурдоолор болушун максималдуу түрдө азайтууга алып келип, алынган карыздар жана кредит-гранттар эффективдүү натыйжага жетишине мүмкүндүк берет. Ансыз эч кандай патетикалуу, эмоционалдуу эпитеттер натыйжа бербейт. “Манастын” арбагы деле дароо урбайт. Урса да, тээ кийинчерээк гана, убактысы келгенде гана — ​тиешелүү адамдардын баары — ​эртедир-кечтир, сөзсүз урат! Бирок, бир гана өкүнүчтүүсү, — ​анда абдан эле кеч болуп калат!..

Азамат Салиев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *