Коррупционерлердин “алтын мууну” даяр болду

Бул макала эгемендүү деп биз сыймыктанып жүргөн Кыргызстаныбыздын эл аралык масштабдагы, куу десе куу, амалдуу десе амалдуу жана канкор уюшкан топтун көзөмөлүнө кирүү коркунучунда экендигин түшүнгөн же болбосо түшүнгүсү келген жарандарыбызга арналат. Бийликте да, оппозицияда да иш алып барган бул кубулма топтун мамлекеттин тагдырын чечкенге да күчү жетет.

2005-жылдын март айындагы жоогазын ыңкылабы же болбосо 2010-жылдын 7-апрелиндеги 89 мекендешибиздин каны төгүлгөн апрель революциясынын негизги себеби – калктын оор социалдык-экономикалык абалына карабай бийликтин коррупциялашып, өзү үчүн гана иштөөсү, элдин байлыгын тоноосу болгон. Мына ушул негизги себептер али күндө да коомубузда орун алып, айрыкча бийлик органдарында күч алган коррупциялык былыктар дагеле уланууда. Бир коррупционер кетсе, кайра эле башкасы анын ордуна келүүдө. Коррупционер кармалганы менен коррупцияны ишке ашырган система жашоосун улантууда. Ошондуктан бул макала Кыргызстанда коррупциялык системаны түптөгөн эл аралык кылмыштуу топ жөнүндө экенин көңүлгө түйүп коюңуз.

2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийин ар түрдүү партияларга аралашып бийлик структураларына кирген, саясий карьеранын шатысынан чыга келген бир катар жаш адистер тез эле коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул жаштардын көпчүлүгү Кыргызстандагы “Сапат” мектептерин жана Англия менен Американын атайын кызматтарынын көзөмөлүндө турган батыштагы жогорку окуу жайларды бүтүргөн. Сапар Исаковдун айланасындагы он эки жаш кеңешчинин кайсыл жактан окуп келгенин эске салсак эле жетиштүү болот.

Экс-ажо Алмазбек Атамбаевдин жанынан орун-очок алган жана Сапар Исаковду ээрчиген бул жаштар коңшулаш Кытай Эл Республикасы менен каржылык кызматташуу, Евразиялык Экономикалык Союзга интеграция болуу, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу сыяктуу чоң жумуштарга аралаша башташты. Бирок 2018-жылдын январь айындагы Бишкек борбордук жылуулук станциясындагы авария жана анын натыйжасында Сапар Исаковдун камалышы булардын планын жокко чыгарды деп айтуу кыйын. Болгону планда кээ бир өзгөрүүлөр гана жасалды. Бул топ саясаттагы позициясын сактап эле тим болбостон, байлык топтоо жана бийликти барымтага алуу ишин улантууда.

Бул топ Бишкек шаардык мэриясындагы жана Бишкек шаардык кеңешиндеги кишилери аркылуу шаардагы майлуу, сүттүү жерлерди алып, ал жерлерге көп кабаттуу турак үйлөрдү, соода борборлорун салууда. Айрыкча ишенген кожолору күчтүү делген курулуш компанияларына шаардагы эң кымбат жер участоктору кандайча берилгендиги жана бул фирмалардын кайсыл акчага көп кабаттуу үйлөрдү жана соода борборлорун салышкандыгы белгисиз. Андыктан курулуш тармагындагы “гүлдөгөн” фирмалардын Сапар Исаков баш болгон, Икрамжан Илмиянов төш болгон, азыркы учурда да мэрияларда отурган саясий колдоочулары менен болгон ысык мамилеси иликтениши керек.

Азыр дагы бул топ менен бийликтеги кээ бир бай аткаминерлердин курулуш тармагында тыгыз “кызматташып” жатканы белгилүү. Бул топ саясатчыларга капитал берсе, саясатчылар буларды саясий жактан калкалап келүүдө. Байлыгы жок, бирок саясий кызматты ээлеген кээ бир мамлекеттик кызматкерлер бул топко жол ачып берүү менен “сыйлык” алышса, кээ бирлери булар менек толук кандуу орток бизнеске ээ.

Бул эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун өзү түптөгөн кайрымдуулук уюмдарына түшкөн акчаны курулуш секторунда колдонуп, адал акчаны арамдаганын кээ бир эксперттер шыбырап айтышууда. Салык кызматына нөл деп отчет тапшырган “Элим барсыңбы?”, “Адеп Башаты” сыяктуу диний фонддорго түшкөн миллиондогон кирешенин кайда жумшалганын мамлекеттин тиешелүү кызматтары так айтып бере элек.

Биз сөз кылып жаткан кылмыштуу топтун өлкөбүздөгү коррупционер элита менен кызматташуусу билим берүү тармагында даана байкалат. Бул топ өзүнүн санаалаш жана кызыкчылыгы дал келген саясатчылары аркылуу жеке менчик мектептерди салыктан бошоткон мыйзамды кабыл алдырууга жетишкен. Жылына 3 миң доллардан 11 миң долларга чейин акча алган жеке менчик мектептердин салыктан бошотулушу булардын байлыгына байлык кошууда. Салыктан бошотулгандан кийин жеке менчик мектептердин акысы арзандамак түгүл, тескерисинче жыл сайын кымбаттоодо.  Эң кызыгы, бул окуу жайларда таасирдүү саясатчылардын балдары бекер окуйт, же болбосо символикалуу акчаны гана төлөшөт. Бул саясатчылардын балдары жана неберелери бул окуу жайларды бүтүрүп атасынын “ордун” басууда. Тар чөйрөгө ээ жана аз кишиден турган мурунку коррупциялык системанын ордуна, чек арасы эл аралык деңгээлге чейин жеткен уюшкан коррупциялык система орноодо. Бул эл аралык уюшкан топ даярдаган жана Сапар Исаков менен кошо бийликке келген бул жаш саясатчыларга Фетхуллах Гүлен “Алтын муун” деген атты ыйгарган.

Сооронбай Жээнбеков коррупционерлер менен күрөшүүнү токтотуп, коррупция системасы менен жана бул системаны сактап калууну негизги максат деп эсептеген уюшкан топтор менен күрөшүүсү керек. Бирок эң өкүнүчтүүсү, Президенттин бул системаны жоюуга күчү жетчүдөй эмес. Бул топ Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу коррупцияга каршы күрөшүү ниетин айтып, жигердүү иш алып барууга аракет кылган Сооронбай Жээнбековдун да колу-бутун “байлай” баштаганы байкалат. Чын- чынына келгенде бул топ жолун тоскон бийликти да ала жата турган күчкө ээ…

А. Белеков

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *