Кулов бийликтин кетээрин сезип калганбы?

Сагызгандан сак жүргөн Феликс Кулов оппозициянын жыйындарына катышпай, каршы пикирде болгондорду колдойм деген сөзүн айта албай, тилин тишине кыпчып алгандай шүк жүрдү эле. Кечээ оппозициянын өкүлдөрү уюштурган тегерек үстөлгө келип, сөз сүйлөдү. Ал жерде олтургандар дагы Куловдун келгенин, сөз сүйлөгөнүн көрүп, таң калышканын жашырышкан жок. Феликс аксакал абакта жаткан Асанов, Кадыровдор мыйзамсыз камалып жатат, саясий өңүт менен камалганы мыйзамсыз деген пикирде экен. Кулов өзү кыйын киши да. Бийликтин жакында кетээрин сезип калганбы? Болбосо бийликти сынга албайт болчу.

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *