Видео – Малайзияда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын агасын өлтүрүп кетишти

Ким Чен Ындын агасы 13-февралда Куала-Лумпур аэропортундагы кол салуудан каза болду. Ал узак мезгил чет өлкөдө жүрүп, Түндүк Кореядагы үй-бүлөлүк бийлик үстөмдүгүн сынга алып келгендиги менен белгилүү болгон. Анын 45 жашта болгондугу айтылууда.

Малайзия полициячылары берген маалыматка караганда, Ким Чен Намдын башына белгисиз суюктук менен нымдалган чүпүрөк таштап кетишип, андан соң анын көзүнөн жаш агып, ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Түштүк Кореянын TV Chosun телеканалынын билдирүүсүнө ылайык, Ким Чен Нам Түндүк Кореянын атайын кызматында иштеген эки аял тарабынан ууландырылган.

Ким Чен Нам менен Ким Чен Ын – Түндүк Кореянын 2011-жылы көз жумган мурдагы лидеринин балдары, бирок алардын апалары эки башка. Ким Чен Нам бир канча убакыт мамлекеттеги экинчи кызмат ордун ээлеп турган агасы Чон Сон Тхэкке жакын болгондугу айтылып жүрөт. Тхэкке 2011-жылы мамлекет башчынын буйругу менен өлүм жазасына тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *