Министр Улукбек Кочкоров: “Жарандарыбыздын эмгектенүүсүнө татыктуу шарттарды түзүп беришибиз керек”

Кечээ, 31-октябрда КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Эл аралык эмгек уюмунун бюросунун жана татыктуу эмгек маселелери боюнча техникалык колдоо тобунун Чыгыш Европа жана Борбодук Азия боюнча өкүлү Лео Сиббел менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эмгек жана коргоо боюнча эки тараптын мамилелери сүйлөшүлдү. Мындан тышкары 2019-жылы Эл аралык эмгек уюмунун 100 жылдыгы белгиленип, анын урматына эки тарап биргеликте бир катар маарекелерди уюштурат.

“Биз калктын жашоо шартын жакшыртууга аракет кылышбыз керек. Жарандарыбыздын эмгектенүүсүнө татыктуу шарттарды түзүп беришибиз зарыл”, – деди министр Улукбек Кочкоров.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *