Мыктыбек Арстанбек, журналист: “Бийликтегилерге гана сөз эркиндиги болот тура, калгандар аларга жаккан сөздү гана айтканга укугу бар экен”

Мен түшүнбөдүм. Демократиялык мамлекетте сөз эркиндиги болот дебеди беле? Же бул эркиндик светтиктер жана голубойлор үчүн ганабы. Молдолорго сүйлөгөнгө болбойбу? Бул эмне деген сыйлабастык?
Менимче демократиялык мамлекет деп бизди, а негизгиси өздөрүн да алдап жатышат окшойт. Бул демократтар демократияны өздөрү да түшүнүшпөйт көрүнөт.
НПОлор кана, алар неге унчугушпайт? Алар демократия дегенде өлүп беришет эле го? Үйрөтүп коюшпайбы, же алар да тупойбу?
Эгер ушуну демократия десек анда бийликтегилердин гана сөз эркиндиги болот тура. Калгандар аларга жаккан сөздү гана айтканга укугу бар экен. Жакпаганды айтсаң ит талагандай кылат экен.
Анан кантип радикалдашпасын, азыр бүт мусулман коомчулугунун кыжыры келип туру. Кудайга шүгүр Рамазан болгону унчугушкан жок.
Илибою менен ушу масслеледе сүйлөшүүгө даярмын.
Демократия десеңер демократияга ылайык болгула.
Мыктыбек Арстанбек, журналист

1 ой-пикир

  • janybek_diagnostik says:

    Ой боой Аллага ишенген адамдын айтканы ушу болсо! Каяктагы демократияны, каяктаны сөз эркиндиги жөнүндө айтып жатат? Аллахка ишенген адам адамдардын да алдында бир нерсе издейби. Кудайга жагуунун, Кудайдын эркин аткаруунун кана камын издейт. Ал Аллахтын атын колдонуп саясатка аралашкысы келет. Турсунбай Бакир уулу экөөнү бир бөлмөгө камап коюуш керек, саясат менен алектенип жата беришсин. Деги эле эмне болуп бараткан.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *