Назира Бердигулова, актриса: “Мен жасаган иштер боюнча элге айтсам эл ооз ачып туруп, мени ошол күнү эле депутат кылып коюшат”

Бул каарманыбыз чындыгында өтө тыңдыгы менен коомдо орун тапты десек жаңылышпайбыз. Кайсы бир учурда маектешип калганда “Мен коомдон орун табыш үчүн кандай гана эшиктерди черткен жокмун” – дегени бар. Анысы кандай каарманыбызга кандай жаманатты сөз айтылбасын башын бир ылдый салганын байкаган жокмун. Дагы бир мактоого алынчу сапаты бар. Назира соопчулук иштер менен көп алектенет. Бул жолу ушул иш чаралары тууралуу кеп курдук.

– Назира салам, кечээ угуп калдым жетим балдарга чоң иш-чара уюштурганыңды..

– Ооба, эки күн болуп калды, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнөн 110 баланы алып келип, “Абстракт” муз аянтчасынан муз тептирдик. Бул саамалык 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Буга чейин чындыгында бул иш чара тууралуу эч кимге деле жарыялаган эмеспиз. Бул жолкусунда маалымат каражаттарынан келип колдоо көрсөтүп кетишти. Соопчулук иштерди элге жарыялап “Минтип атам” дегендин өзү деле туура эмес. Ошол күнү балдардын жылмайган жүздөрүн көрүп карап тургандардын баарынын жүрөгүндө бир жакшы ниеттер пайда болгону да байкалып турду. Мени сүйүндүргөнү балдар мурдагыга караганда кадимкидей коньки тебүүнү өздөштүрүп калышыптыр. Эсимде алгачкы жолу 2014-жылы муз үстүнө алып келгенде балдар кулап, беттери сыйрылып жакшы тебе алышпай коюшкан. Карабайсыңарбы, анан быйылкы жылдагы балдардын ушундай ийгиликке жетип калганын көрүп кантип сүйүнбөйбүз. Мына ушул балдардын арасынан келечекте балким президент, окумуштуу, деги эле кыргыздын атагын чыгарган инсандар чыгат. Менин оюмча мындай балдар бир гана жашаган мекемесинин тегерегинде жүрө бербей, мисалы кыштын керемет сулуулуктарын көрүп чоңоюшу зарыл.

– Бул самаалыктын уюштуруучусу жалгыз өзүңсүңбү же колдошкондор барбы?

– Бул идея негизи мага таандык. Бирок жалгыз адамдын колунан мындай чоң жоопкерчиликтүү иш-чара келбейт. Кыргызда жалгыз дарак бак болбойт дегендей өнөктөштөр бар. Мисалы бул жолкусун­да “Абстракт” муз аянтчасы, андан сырткары Адилет Калыгулов, Асель Таштаналиева деген инсандарыбызга колдоо көрсөткөндөрүнө чоң ыраазычылык билгизе кетет элем.

– Эч кимге айтпай көп эле соопчулук иштерин кылып жүрөсүң. Балким муну айтыштын да кажети бар эмеспи?

– Мен жасаган иштер боюнча элге айтсам эл ооз ачып туруп, мени ошол күнү эле депутат кылып коюшат. Бул бир эле чекеси. Бул жол­кусунда деле жарыялоону каалаган эмесмин. Бирок мени көрүп жаштар дагы жакшылык кылууга деги эле соопчулук иштерине тартылабы деген ой жаралды. Эмнеге кичине­кей эле аял, бай эмес, олигархтын аялы эмес, ушундай иш чара кылып атат. Эмнеге биз кыла албайбыз де­ген ниеттери жаралып, менин катарыма кошулабы дедим. Балким Назира кел биз мунусун кылышалы деген адамдар да чыгышы мүмкүн да. Мен бул жолкусунда балдарды алып келгенге унаа таппай аябай кыйналдым. Анын үстүнө балдар­ды жолго алып чыгуу бул өтө жооптуу иш да. Төрт күн ойлонуп “стресс” болдум. Анан кыргызымдын бир мыкты Кадырбек Мырзабаев деген мырзасы муну уюштурууга кол кабыш кылды. Соопчулук иш­терди кылуу үчүн сөзсүз эле бай болуунун керги жок. Эң негизгиси ниет жана акыл болсо эле болду.

– Адамзатында бир сапат бар эмеспи. Мындай иш чараларды жарыялоодо дароо “өзүн пиар кылып жатат” деген..

– Ооба бул чындык. Мен башында айтып кетпедимби. Дагы да кайталай кетсем. Эгер мен буга чейин кылган иш-чараларды айта турган болсом. Эл мени дароо депутаттыка шайлап алышат. Мисалы, бир топ жыл мурун камакта жаткан айымдар колониясына жардам кылып, жакшы бир долбоорду жеңип берүүгө себепкер болгом. Ал жактын ажатканасын заманбап кылып жасап бергенбиз.

– Жакшы, алдыда дагы кандай саамалыктарды уюштуруп жатасың?

– Февраль айынын орто ченинде дагы да балдарды тоого алып чыгып, чана тептирип, кыштын керемет сезимдерин тартууласакпы деп турабыз. Бул иш чаранын негизги максаты балдарды спортко үндөө. Ал жакка балдарды алып барганда буюруса лыжа тебүү боюнча да жак­шы сабактарды алышат.

– Жакшы иш чараларды кы­лып жүрүптүрсүң. Ал эми чыгармачылык тарабыңда эмне жаңылык?

– Буюруса телеге кайра кайтамын. Жаңы долбоорлор, жаңы идеялар бар. Буюруса алдыңкы күндөрдө элим күбө болот деп ойлоймун. Би­рок бул жылга негизги максаттарым балдарга арналган кайрымдуулук иштерди уюштуруу. Анткени эне болгондон кийин балдарга биринчи орунда мээримдүүлүк керектигин ойлой берет экенсиң. Балдар да биздин кылып жаткан иштерибизди көрүп, жакшылык жаратууга умтулуу сезими пайда болот да. Андан сырткары жылына жаз келгенде “Көчөт тигүү” деген иш чарабыз бар. Жылына миңге жакын көчөт келет. Аны биз негизинен балдар үйлөрүнө же дагы бир ушундай муктаждыктагы жерлерге бөлүштүрөбүз. Балдар үйлөрүнө жүздөгөн бактар тигилип келди буга чейин. Балдар алманы жөн гана жебестен ал кантип тигилет кантип өсөөрүн да өз көздөрү менен көрүшөт. Көчөттөрдү бир гана Чүй облусуна эмес Ысык-Көлгө да жөнөткөн учурларым болгон. Быйыл дагы бул иш чара уланат. Маалымат булактары аркылуу “Бир көчөт болсо да чогулталы, алып барып тигип берели”- деп жарыялап турам.

– Актрисалык өнөрүң өчүп бара жаткан жокпу?

– Алдыда минтип бул кесибимди улантам деп айта албайм. Жак­шы тасма болсо тартылам. Негизи олуттуу тарыхый тасмалардан роль жаратсам деген кыялдарым бар. Эми андан сырткары үй-бүлөлүү экенимди да унутпашым керек. Биринчи орунда мен үчүн албетте, балдарым анан жолдошум.

– Кылып жаткан иш чараларыңа жолдошуңдун пикири кандай?

– Жолдошум бул иш чараларымды сүйүнүп кабыл алып, колдоп турат. Анткени ал адам беш маал намазын окуган момун мусулмандардын катарында. Ал айтып калат “Бергендин алганы көп болот. Сен бирди берсең жараткан эки эселеп кайтарат “деп. Бул чындык. Мен канча берген сайын ырыскы келип турганын сезем.

– Жаш балаң болсо, коомдук иштер менен алышуу үйдөгү оорчулуктарды алып келген жокпу?

– Жок атасы каралашат. Ан­дан сырткары сиңдилерим, кайненем каралашат. Кээ бирөөлөрдүн “500 долларлык бала баккычтарды жалдайт экен” деген сөздөрү жалган.

– Баса, ишкердүүлүгүң кандай болуп жатат?

– Баары ойдогудай ал жагы да өз жолуна коюлган. Бирок кандай ишкердүүлүк экенин жар салбай эле коёоюн.

– Назира бар тараптан ийгилик сага!

Булак: Тамчы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *