“Өтүгүн төргө илген” Салтанат Иманбаева

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микро-хирургиясы госпиталында иштеген 30дай дарыгер эки күн мурун Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алар Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын кызматтан алынышын талап кылып жатышат. Буга чейин Иманбаеванын иши текшерилип, көп кемчиликтери табылгандыктан, аны Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева кызматтан алган. Бирок Иманбаева өзүн кызматтан туура эмес алды деген кыязда сотко берген. Соттошуу Жогорку сотко чейин жетип, акырында Салтанат айым соттордун колдоосун таап, кайра кызматына келип алган. 2017-жылдын жайында бул бөлүмдүн ондон ашуун дарыгери Салтанат Иманбаеванын үстүнөн Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаевага арызданган. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын, грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууну өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап калганын айтып чыгышкан. Ал эми Иманбаева айтылган дооматтын баарын четке кагып, техниканы эч кайда алып кетпегенин, дарыгерлер анын иш боюнча сын-пикирлерин кемсинтүү катары кабыл алып жатышканын билдирген. Белгилүү болгондой Салтанат айым маркум Сулайман Иманбаевдин кызы. Атасы дарыгер катары коомчулукка белгилүү. Жогорку Кеңеште легендарлуу парламенттин депутаты болгон. 1996-жылдары Акаев аны БШКнын төрагасы кылып дайындаган. Ал эки жыл мурун 86 жашында каза тапкан. Ушундай баарандуу инсандын кызы Салтанат айым мурунку премьер — министр Жоомарт Оторбаевдин мурунку аялы. Иманбаеванын улуттук госпиталдагы ишинен башка өзүнүн жеке медициналык клиникасы бар.

Булак: «Багыт»

1 ой-пикир

  • Асель says:

    Салтанат айым чыныгы профессионал жана адамдардын социалдык статусун тушунуу менен карап иш алып барган мыкты дарыгер.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *