Жума, 22 Февраль, 2019 - 3:39
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Видео – Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: “Энергетика системасында көп жылдан бери коррупциялык схемалар менен уюшкан, туруктуу мафия иштеп келатат, ал азыр да бар”

“Энергетика системасында көп жылдардан бери уюшкан мафия иштеп келатат. Бишкек ТЭЦи боюнча бүткөн биринчи иште күнөөкөрлөргө “өз милдеттерине кош көңүл мамиле кылуу”- “халатность” деген айып тагылыптыр, бул туура эмес, алардын […]

Видео – Рада Түмөнбаева, ЖК депутаты: “Бир эле Бишкек ТЭЦинен $111 млн уурдалыптыр, эми акыркы 4 жылда ратификацияланган 49 келишимди да тыкыр текшерип чыгалы”

“Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек ТЭЦинен 111 млн доллар уурдалган, демек биз ошол суммага карыз болуп жатабыз. Эми күнөөлүүлөрдү камасак да, соттосок да ал акчаны кайра ордуна коё албайбыз. Ошон үчүн […]

ИИМ: Алдамчылыкка айыпталып, 35 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

15-февраль күнү КР ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылык иш-аракеттерди жасоого шектелген 35 жаштагы Ж.У. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2015-жылдын аягында шаардын тургуну […]

Видео – Милиция адам уурдоого жана сабоого шектелип, издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургунун кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери топтошуп алып ур-токмокко алуу аркылуу саламаттыкка атайылап оор залал келтирүүгө шектелип мамлекет аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургунун кармашты. Резонанстуу кылмыш ишин иликтөөгө төрт […]

Москвада Кыргызстандын жараны үйдүн чатырынан жерге кулап, оор жаракат алды

15-февралда Орусиянын Москва шаарында 34 жаштагы кыргыз жараны үйдүн чатырынан жерге кулап кетип, эки буту жана жамбашы сынды. Бул тууралуу Москвадагы коомдук активист Улан Курманбеков Facebook социалдык баракчасына жазып чыкты. […]

Ымыркайларды сатуу. Айыпталуучулар сот залынан ММК өкүлдөрүн чыгарууну суранышты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ымыркайларды сатуу фактысы боюнча  козголгон кылмыш иши карала баштады. Айыпталуучулардын катарында жети адам бар, алардын үчөө үй камагына которулган. Айыпталуучулардын жактоочулары массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн […]

Түркмөнстандын президенти өзүнүн аргымагын мамлекеттик циркке белекке берди

17-февралда, Түркмөнстандын мамлекеттик циркинде «Галкыныш» тобуна президенттин Рухубелен аттуу күлүк аргымагын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты. Аталган кабардан кийин мамлекеттик циркте белекке берилген […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов менен алдыда өтүүчү калкты жана турак-жай фондун каттоо маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Анда 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдык маселеси, республиканын каттоо системасын […]

Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды

Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Белгилүү болгондой, Ажигулов бул кызматка […]

Кыргызстандык спортчу пауэрлифтинг боюнча коло байгени утту

Кыргызстандык Жыргалбек Оросбаев пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунун коло байгесинин ээси болду. 39 өлкөнүн 209 спортчусу катышып жаткан мелдеш Бириккен Араб Эмираттарында өтүүдө. Жыргалбек Оросбаев ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында 107 […]

Фото – Этникалык кыргыз Алмазбек Атамбаев менен Тайырбек Сарпашевди сотко берди

Бүгүн, 19-февралда Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз Айдар Халиков  Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Тайырбек Сарпашовго каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу  KyrgyzToday […]

Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн сот мыйзамсыз деп тапты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сот анын жеке медициналык дарылоо жүргүзүшүнө, лицензиясы жок дары-дармектерди […]

“Коопсуз шаар”: Бишкектин дагы кайсы көчөлөрүнө камералар орнотулат?

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 12-мартка чейин дагы 11 көчөнүн кесилишине камералар орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабынын […]

Кыргызстандын Европа биримдигине экспорту өстү

Кыргызстан «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган соңку үч жылдан бери Европа биримдигиндеги өлкөлөргө экспорту өстү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева билдирди. —Эгер алтынды эсепке албай, […]

Кыргызстандык Курман Жолдошевдин Youtubе каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди

Кыргызстандык Курман Жолдошевдин Youtube социалдык тармагындагы каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда  өзүнүн фейсбуктагы баракчасына “Сенин каналың дүйнөнүн ТОП 10 рейтингине киргендеги сезимдер” […]

10 күн аралыгында эреже бузганың аныкталат

Жол кыймыл эрежеси бузулган-бузулбаганы 10 күн аралыгында гана билинет. Бул тууралуу 18-февралда Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Оторовдун айтымында, маалыматтар «Инфокомдун» базасына, андан соң […]

2019-жылга карата Ош шаарынын бюджети бекитилди

Бүгүн, 19-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясында Ош шаарынын 2019-жылга карата бюджети бекитилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Сессиянын күн тартибине 8 маселе коюлуп, ага Ош […]

Болот Бейшеналиевдин Голливудга барышына кимдер бут тоскон?

Маңдайына жазылган тагдыры жана арманы Болот Бейшеналиев бир сырдуу инсан эле. Өмүрүнүн акыркы жылдарында аны менен болгон мамилем өтө жакын болуп, бир нече күн жолукпай жүрүп мен же ал киши […]

Улут аралык мамилеге маани бербеген «7-канал» эки өлкөнүн ортосуна доо кетирбейби?

Башын ар кайсы саясатчыга байлаган «7-канал» АКШнын «Голос Америки» жана «Азаттыктын» өзбек кызматынын көмөгү менен өзбек тилинде «Кабар» деп аталган жаңылыктар чыгарылышын баштады. Биз буга түшүнбөй турабыз, көмүскөдөгү түпкү максаты […]

Кыргызстанда 1,5  миң көчөгө ысым бериле элек

Бүгүн, 19-февралда Калкты жана турак-жайды каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында Кыргызстанда 1,5  миң көчөнүн аталышы жок экендиги маалым болду. Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 29 миң көчө бар. Анын 5,3%нын аталышы жок. Бишкек шаарындагы […]

Песков: Кремль камакка алынган америкалык ишкердин ишине тыкыр көз салууда

Кремль ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган белгилүү америкалык инвестор Майкл Калвинин кармалышынын айланасындагы жагдайга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал журналисттердин […]

Ысык-Көлдүн аймагына желим баштык алып кирүүгө тыюу салуу сунушталууда

Ысык-Көлдүн аймагына желим баштык жана идиштерди алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулар өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин кыргыз өкмөтү полиэтилен […]

Тажикстанда бийликтеги партияга мүчө болгондордун саны 500 миңге жакындады

Президент Эмомали Рахмон башкарган Тажикстандын элдик демократиялык партиясы мүчөлөрүнүн саны дээрлик жарым миллионго жеткенин билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө партиянын 460 миңден ашык мүчөсү бар. Алардын 220 миңи аялдар болсо, […]

Кыргызстан көк бөрү боюнча Дүйнө биринчилигин өткөрөт

Жакынкы жылдары Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө жана Азия биринчилигин өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, […]

АКШнын 16 штаты Трамптын өзгөчө абал киргизүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды

Дүйшөмбү күнү президент Дональд Трамптын өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын жокко чыгаруу максатында АКШнын 16 штаты, анын ичинде Калифорния менен Нью-Йорк Сан-Франциско сотуна кайрылды. Трамп мындай кадамга Мексика менен чек […]

Airbus дүйнөнүн эң чоң учагын чыгарууну токтотот

Европанын эң чоң авиакомпаниясы Airbus дүйнөнүн эң көлөмдүү учагы болгон А380 моделин чыгарууну токтотот. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, компания акыркы буюртмаларын 2021-жылы тапшырып, аталган моделди өндүрүүнү […]

Фото – Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон атайын бөлүмдүн кызматкерлерин эскерүүгө арналган ИИМдин күжүрмөн самбо боюнча биринчилиги өттү

2019-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Динамо” спорттук бирикмесинде кызматтык милдетин аткарып жатып баатырларча курман болгон кызматкерлердин жана 23-февраль-Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата ИИМдин кызматкерлеринин арасында күжүрмөн самбо боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма […]

Калысбек Жумаканов: “Кыргызстанга Кытайдан тоок жумурткасы алынып келинбейт”

Ош шаарынын базарынан жасалма жумуртка табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, видеону таркаткан жаран табылып, […]

Бишкекте Тиматинин “Black Star Burger” тез татым ашканасы ачылат

Жакында Бишкектин “Азия Мол” соода борборунда Россиялык белгилүү жылдыз Тимати негиздеген “Black Star Burger” аталышындагы тез тамактана турган ашкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда аталган соода борбордун маалымат кызматы билдирди. […]

Түркияда жумушсуздардын саны 4 миллионго жетти

Түркияда расмий түрдө жумушсуздардын саны 2019-жыддын январь айына карата 3 миллион 776 миңди түздү. Бул тууралуу Иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик «Ишкур» башкармалыгы жарыялады. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул айынан […]

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 111-орунду ээледи

Ирландиялык “Ookla” компаниясынын “Speedtest.net” сервиси “Speedtest Global index” дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө мобилдик жана зымдуу интернеттин ылдамдыгын текшерген изилдөө жүргүзгөн. Анда 2019-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мобилдик интернет боюнча 111-орунду […]

Бишкекте көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат

Келечекте Бишкек шаарында көчөттөрдү сата турган чоң базар ачылат. Бул тууралуу Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев ММКларга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азыр бак-дарак, гүлдөр […]

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япония орусиялыктар үчүн кыска мөөнөттүү визасыз режимди алып салып, ордуна 90 күндүк визасыз режимди киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу «Риа новости» жазды. Маалыматка ылайык, Япониянын Тышкы иштер министри Таро Коно бул […]

Бишкекте быйыл 2 миллиондон ашык гүл отургузулат

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жашылдандыруу боюнча планын талкуулашты. Бул тууралуу шаардык мунициапалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 18-февралда шаардык кызматтар жана структуралык бөлүмдөр менен жыйын өтүп, анын алкагында […]

Чүйдө 37 миң 860 литр дизель күйүүчү майын алып өтүп бара жаткан унаа кармалды

“Сосновка” көзөмөл өткөрүү бекетинен көрсөтүлгөн талаптарды, эрежелерди бузуу менен 37 миң 860 литр дизель күйүүчү майын алып өтүп бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы […]

Качыке Эсенканов, Жогорку соттун судьясы: “Жаңы кодекстердин ишке кириши менен мурдагы эски укуктук жоболордон бошондук”

Соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы – Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты экендиги белгилүү. Акыркы жылдары көп иштер аткарылды. Мисалы, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги кодекстер жана бир […]

Өткөн жылы 80 билим берүү мекеме курулду

Кыргызстанда 2018-жылы 80 билим берүү мекемеси курулган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында экономика министри Олег Панкратов маалымдады. Анын айтымында, алардын ичинен 49 мектеп, 25 спортзал, 4 бала бакча жана 2 […]

Нуран Ниязалиев Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Ниязалиев Нуран Садырович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. […]

Видео – Айнуру Алтыбаева ЖК депутаты: Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо прокуратура таап чыккан каражат жетишсиз, калган акчалар каякта?

14-февраль күнү Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын угуу учурунда депутат Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратура кылмышты дагы жакшылап иликтеши керектигин айтты. “Көп жылдардан бери […]

“Көк бөрү” оюнунун эрежелери өзгөрдүбү?

Өткөн жуманын этегинде кыргызды кабатыр кылган окуянын бири катталып, Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) ассоциациясынын жыйыны өткөнү, ага катышкан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, […]

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу […]

Кыргызстанда талаптагыдай логистикалык борборлордун саны 11ге жетти

Кыргызстандын аймактарында эл аралык стандарттарга жооп бере турган, айыл чарба азыктарын сактоочу 11 логистикалык борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, […]

Бишкекте жөө жүргүнчү өтүүчү жерден унаа эки кызды сүзүп кетти

Кечээ, 18-февралда Бишкек шаарында жөө жүргүнчү өтүүчү жерден унаа эки кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, саат 17:30 чамасында 57 жаштагы Т.Т аттуу жаран […]

Фото – Акжол Махмудов дарылануу үчүн Германияга учуп кетти

Кечээ, 18-февралда балбан Акжол  Махмудов тизесинен алган жаракатына операция жасатуу үчүн Германияга учуп кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн “Instsgram” барачасында билдирди. Белгилүү болгондой Махмудов окуу-машыгуу жыйындары учурунда тизесинен жаракат алып […]

Электр энергиясынын тарифи өзгөрбөйт

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф азырынча өзгөрбөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу маселе каралып жатканда айрым депутаттар жарыкка болгон тариф тууралуу сөз […]

Сауд Аравиядагы Camel Fest эл аралык этнофестивалына Кыргызстандан 1000 киши барат

Көчмөндөрдүн турмушун көрсөтүү үчүн миңдей кыргызстандык өнөрпоз Сауд Аравиядагы Camel Fest эл аралык этнофестивалына барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 9-марттан […]

Өткөн жылы мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которду

2018-жылы мигранттар тарабынан өлкөгө 3 миллиардга жакын акча которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат. Маалыматка ылайык, 2018-жылы жеке жактардын өлкөгө которгон акчасы 2 миллиард 685 миллион 400 миң долларды […]

Сапар Исаков экс-президентти ала жатканы калдыбы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштер боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берип, 386 миллион долларды сугунган «коррупциялык иште уюштуруучу» катары президенттик аппараттын мурдагы бөлүм […]

Өлкөдө ЖЭБден башка ири долбоорлор да текшерилүүдө

Кыргызстанда ири долбоорлордо мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Мындай пикирди депутат Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында билдирди. Эл өкүлү жыйында Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон […]

Фото – 2019-жылы ажылардын кийимин мурдагы белгилүү модель Айкөл Аликжанова тигет

2019-жылдагы ажылардын кийимин тигүүчү ишкана аныкталды. Сынакка 13 талапкер катышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Конкурстун алкагында ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын мүчөлөрү ажылардын кийиминин […]