
Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын депутаттары экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу жөнүндө кайрылуусуна кол коюшту.
Белгилүү болгондой, кайрылууга Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»), Алмазбек Баатырбеков («Кыргызстан»), Алтынбек Сулайманов («Бир Бол»), Бакыт Төрөбаевдар («Өнүгүү-Прогресс») кол коюшкан.
Кийинчерээк колдорун КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов дагы койгон.
Аталган кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлөт.
Бүгүн Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу суранычын жазып, парламенттин алты фракциясынын лидерлерин аны колдоого чакырган.
Булак:KyrgyzToday
1 ой-пикир
Оо, кыргыздын бечара саясатчылары, ушул кимге керек? Текебаевге ырайым кыл деп башкалардын суранышы – түркөй популизм. Текебаевге чындап ак санаган киши мындай кылбайт: Президенттин ырайым кылуусун эмес, укуктук негизде акталып чыгуусун каалайт. Ырайым менен түрмөдөн чыгышы – Текебаевдин саясатчы катары бүтүшү, компенсациялардын бардык түрлөрүнөн куру калышы болот. Же силерге ошол керекпи? Эжекеңер го өзүнүн эмне деп сүйлөгөнүн өзү түшүнбөгөн неме экен.