Президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Иран элин ислам ыңкылабынын жеңишинин мааракелүү 40 жылдыгы менен куттуктайм.

Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелер элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделет деп терең ишенем.

Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Иран элине — бакубатчылыкты жана өркүндөөнү каалайм!», — деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *