Путин менен сыналуу

АКШнын эң таасирлүү гезиттеринин биринин жазмакери Сохраб Ахмари: «Бул диктатордун жагымдуу көрүнө баштаганы учурдагы либералдык демократиялар тууралуу көп нерсе айтып тургандай», – дейт. Анын макаласында америкалык либерал серепчилердин чочулоосу жана күтүүсү чагылдырылган

Трамп жана адам укуктары

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоого аттанган эки талапкердин бири Дональд Трамптын жактоочулары интернеттеги коомдук тармактарда: «Акыркы убакта “глобалисттер” атыккан дүйнөдө либералдык тартип орнотом дегендердин башына каран күн келип турган чак”, – деп жазып жаткан кези.

Батыштын олбурлууларынын саясатынын негизи эсептелген адам укугу жана эркин базар экономикасынын философиясы катары каралган либералдык идея туш тараптан жулмаланып, жектелип баштагансыйт. Дональд Трамптын АКШнын Републикачыл партиясынын талапкери болуп калганы бул философияны кармангандар үчүн кезектеги катуу сокку болду. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөгө либералдык тартиптин орношуна чоң салым кошкон республикачылдар азыр НАТОну боктогон, керектүү соода келишимдерди жокко чыгарууну жактаган, чет элдик банкирлер менен сатылып кеткен америкалыктар “АКШнын эгемендүүлүгүнүн тымтыракайын чыгарганы жатат” деп дөөрүгөн президенттикке талапкердин көзүн карап отурушат.

Путин антилибералдардын пири

8-ноябрда ким бийликке келбесин антилибералдык аракеттер айрыкча Европада өз күчүн жоготпойт. Интернеттеги коомдук тармактар чоң таасирге ээ боло баштаган доордо либералдуулуктун душмандары өз идея жана пикирин кантип таратуу керектигин албетте, жакшы билишет. Глобалдашууну улуттук биримдиктин душманы катары карап ага сокку ургандар Трамп менен чектелбейт. Мындай идеялар Европада тереңирээк тамыр алган. Трамптын ал жактагы пикирлештери эски материкте жакшы отурукташып, өз ойлорун тагыраак билдире башташкан. Мисалы, француз улутчулдарын жетектеген Марин Ле Пен Трамптай болуп психология тууралуу дөөрүбөйт.

Эң маанилүүсү болгон күчү менен либерализмге каршы чыккандар өздөрүнүн дүйнөлүк лидерин тандап алышты. Бирок ал Трамп эмес Владимир Путин. Орусиялык диктатор өзүнүн кызыл-тазыл телеканалдары жана интернет тармактары аркылуу Москвага жан тарткан батыштык партияларды колдоп, аракеттерине дем берип келет. Албетте, бул медиаресурстардын сүймөнчүгүнө ашкере улутчулдар ээ болуп отурганы жашыруун эмес. Бирок антилибералдарга телеканалдардын үгүт-насаатчылыгы эмес, Путин сунуп жаткан идеологиялык альтернатива негизги пайдасын тийгизип турган кез. Либералдык идеяга каршы чыккандар ага атаандашууга мүмкүндүк таап алганына катуу сүйүнүп жатат. Мисалы ашкере исламчылык зөөкүр жана канкор болгону менен либералдуулукка олуттуу теңтайлаш боло албайт.

Путиндикти колдогон батыштык партиялар

Путин Батышты бийлик жана байлыктын мас уйкусунан ойготуп, демократиялык аң-сезим үчүн да, саясий атандаш катары да чоң сыноо болуп калды. Ал либералдардын баары жакында тапшырчу сынак болуп турат. Бул сынактын суроолорунун бири төмөнкүдөй: «Сиз Путиндин башкача пикирдегилерди жок кылган жана батыштык коопсуздук жана кызыкчылыктарга коркунуч жараткан кылмыштуу авторитардык режимди жетектегенине ишенесизби? Же сиз андан батыштын чектерин коруудан жана глобалдашуудан запкы чеккен кара жумушчулардын кызыкчылыгынан да өз жынысына нааразы болгон трансгендерлердин ажатканасы кандай болушу керектигин көбүрөөк ойлонгон, чирип бара жаткан либерализм менен күрөшүүнүн каарманын, улуттук көз-карандысыздык жана христиандык күч-кубаттын үлгүсүн көрүп турасызбы?»

Европада барган сайын күчтөнүп бараткан антилибералдар экинчи көз-карашта экени эч ким үчүн жашыруун эмес. Франциядагы Ле Пендин «Улуттук фронту», «Германия үчүн альтернатива», Венгрияда бийликте турган Фидес партиясы жана андан да жийиркеничтүү ашкере улутчулдардын «Йоббик» партиясы, Австриянын эркиндик партиясы, британдардын Кошмо королдуктун көз-карандысыз партиясы – булардын баары тигил же бул деңгелде путиндик долбоорду колдоп келишет. Венгрлердин премьер-министри Виктор Орбан 2014-жылы Орусия жана Кытай сыяктуу «либералдык эмес мамлекет» түзүү тууралуу ой жүгүртүп атып пикирин даана билдирген.

Трампыбыз болсо Путинди жерге-сууга тийгизбей мактап, андан калса, Орусиядагы адам укуктарынын бузулуусун «Америкалык өкмөт андан кем эмес» деп актаганга аракеттенген. Республикачыл партиядагы анын жактоочулары Трамптын Кремлге жакындыгы Путиндин идеологиясын колдогончолук деңгээлде эмес деп сооротушат. Бирок Нью-Йорктук турак жай саткан бул соодагер мындай сөздөрдү дайыма айта баштады. Мындан улам Трамп Путин тууралуу өзүнө көңүл бурдуруу үчүн гана эмес, аны жактырганынан улам сүйлөп жатат деген тыянак чыгарсак болот.

Путин менен сыналуудан өтпөй калгандар

Бул дүйнөдө либерализм аркылуу түзүлгөн эбегейсиз өнүгүү жана маданий өсүүнү сактап калам дегендерге Путиндин бандократияны башкарып жатканын ашкерелөө аз болуп калды. Кудайга балким чын дилинен ишенген Путин Кремлдеги арам кекиртектикке көз жумган орус православиесинен тышкары бардык диний ишеним жана үгүт-насаатты болушунча чектегенге аракет кылып жатканына көңүл бурдуруу да аздык кылат. Андан да бул көз-карандысыздыкты жактаган лидердин мурунку советтик доордон кийин боштондукка чыккан көз-карандысыз мамлекеттерди өзүнө баш ийдирүүгө аракет кылганын эскертүү да жетишсиз.

Кремль чет өлкөгө багытталган Russia Today телеканалына жылына 300 миллион доллар сарптаганына карабай Европа менен АКШнын шайлоочуларынын көбү муну түшүнүп турат. Алар түшүнүп турат, бирок дагы эле Путиндин адеп-ахлаксыздык сынагынан өтө албай калган лидерлерге жабышканы жабышкан. Биздин алсыздыгыбыздын негизги себеби – Атлантиканын эки тарабында тең либералдык жашоо түшүнүгү акыркы он жылдыкта колунан коко тикен келбеген лидерлердин айынан запкы чегип келгендигинде.

Демократия үчүн күрөш эми башталат

Американын президенти Барак Обама, немистердин башчысы Ангела Меркел, француздардын лидери Франсуа Оланд сыяктуу жетекчилердин доорунда улуу либералдык идеяны өз жынысына нааразы болгон трансгендерлердин ажатканасынын таламын талашуу деңгелине түшүрүштү. Дүйнө болсо алоолонуп күйүп атат. Обама үчүн либералдык тартип бул учу-кыйыры көрүнбөгөн көп тараптуу талкуу жана эч нерсе чечпеген дипломатиялык аракеттерден турат. Меркел менен Оланд тарабынан кысымга алынган европалык либерализм бардык көйгөйлөрдү «Мындан да көбүрөөк Европа» деп аталган Европа Биримдигинин эреже жана бюрократиясынын туңгуюгуна кептеди.

Либералдык лидерлер мынчалык узак мөөнөт алсыз экенин көрсөтпөшү керек. Бул бойдон кете берсе, либерал-демократиялык нуска алсыз жана борпоң көрүнүп, путиндик альтернатива болсо чечкиндүү жана күчтүү сезиле баштайт. Бул идеологиялык таразаны оодаруу АКШнын болочок президенти Хиллари Клинтонго жүктөлгөнү турат окшойт. Ал буга чейин көрсөтүп келген ортолукту кармануу аракеттерин АКШнын ак үйүндөгү Сүйрү кабинетке ала келет деп үмүттөнүп туралы. Путин сынагын ийгиликтүү тапшыра албай калган Клинтондун атаандашы Доналд Трамптын жеңилип бараткан сыяктуу көрүнгөнү да бизди анча сүйүндүрбөшү керек. Либерализм жактаган демократия, адам укугу, эркин базар жана адилеттүүлүк үчүн күрөш эми гана башталды.

Сохраб Ахмари The Wall Street Journal

Булак: Саресеп 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *