Садыр Жапаров, экс-депутат: “Камалган оппозициячылдарды тарапташтары колдоодон баш тартты деп бийлик КТРден жасалма маалымат бердиртип жатат”

Үч оппозиционер Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов, Эрнис Карыбековдорду бийлик камакка алды. Эрнис Карыбековду болсо, өзбек жараны Фархад аттуу шпион менен кызматташып жүргөн деп КТРден экөө бирге түшкөн сүрөттөрүн коюп алып, эки күн бою тынбай сайрап турушту. Эгер экөө шпиондук кылып жүргөнү чын болсо, албетте, камаш керек. А бирок бир нерсе ойлондурбай койбойт. Эгер Фархад аттуу адам чындап эле шпиондук кылып жүргөнү чын болсо, эмне үчүн УКМК дароо камакка албайт? Шпион белгилүү болоор замат кармаш керек эле да. Бул УКМК кызматкерлеринин түздөн-түз милдети. Шпионду ээн эркин сайрандатып коюшкандыктары үчүн анда УКМКнын кызматкерлерин да жоопко тартыш керек. Эгер эртең Эрнис Карыбеков экөө жөн гана тааныш достордон болуп чыкса, биздин бийлик эмне деп жооп берет? Сүрөткө достору менен кимдер гана түшпөйт. Эң кызыгы эгер экөө чындап эле шпион болсо, базар аралап сүрөткө түшүшөт беле деген суроо жаралбай койбойт, анысы аз келгенсип сүрөттөрүн ачык эле оңго-солго таратып жүрүшсө анда алар шпион деген тамганын “Ш” тамгасына да татыбаган шпиондор экен анда?

Урматтуу замандаштар! Элдин басымдуу көпчүлүгүнүн ой жүгүртүүсү дагы деле толук жетиле элек экен. Ушундан пайдаланып, биздин бийлик элди каалагандай калчап жатат. 2012-жылы Ташиев Ак үйдүн торун аттап кеткенде КТР: “Ташиев кечээ Лондонго телефон чалыптыр, андан кийин Минскиге чалыптыр” деп кайдагы бир номерлерди коюп алышып, беш күн бою сайрап турушкан. Үч айдан кийин сот процесси башталганда Кубат Оторбаев келип жооп берсин деп чакыртсак, ал келип: “Бизден чекилик кеткен, кечирип койгула” деп кечирим сурап койду. Анын кечирим сураганын сотко катышып олтурган отуздай эле киши укту. Ал эми жалпы журтчулук болсо бүгүнкү күнгө чейин Ташиев чын эле телефон чалган экен деп кала берди. Бийлик камалган оппозициячылардын тарапташтары колдоодон баш тартышып, митингге чыкпаш үчүн атайлап КТРден ушундай жасалма көрсөтүүнү берип жатышат.

Муну акмакчылыктын ашкан чеги десек болот. Ошондуктан, кечээги КТРден берген бийликтин маалыматтары жана жакында эле террористтер экен деп жарандарыбызды кырып салган бийликтин бул кылыктары терең ойлондурбай койбойт…

Садыр Жапаров, экс-депутат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *