Сакадай бою сары алтын

Элибизде ар бир кесип боюнча журт арасынан суурулуп чыккан таланттуу инсандар өтө эле көп. Обончулук өнөр боюнча таланттуу адамдардын көч башында Абдылас Малдыбаев, Жумамүдүн Шералиевдер турса, алардын учугун улаган Рысбай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Аксуубай Атабаев, Сардарбек Жумалиевдер болду. Булардын артынан ээрчип, обон чыгарууга шыктуу жигиттер жана кыздар азыр жүздөп саналат. Бирок алардын обондорунун баары эле элге сиңип, эл арасына кеңири тарап кеткен жок. Элдин эсинде баягы эле Абдылас, Жумамүдүн, Рысбай, Калыйбек, Аксуубай, Сардарбек жана дагы бир он чакты обончулардын чыгармалары калды. Баардык деңгээлдеги иш-чаралардагы концерттерде, той-топурларда, отуруштарда ошолордун эле обондору жаңырат, кийинки мезгилде чыккан “самопал” обончулардын чыгармалары дээрлик аткарылбайт, эл дагы аларды билбейт.
Кыргыздын обончулук өнөрүнө опол тоодой салым кошкон азаматтарыбыздын бири – Кыргыз эл артисти, дирижер, “Манас” орденинин ээси, профессор Сардарбек Жумалиев. Кыргыздын телеканалдарында, радио берүүлөрүндө Сардарбектин чыгармалары аткарылбаган күн болбойт, кыргыздын кайсы өрөөнү же айылы болбосун Сардарбектин ырын ырдабаган эл жок. Жаңы жыл келе жатканда – декабрь айында бүткүл кыргыз эли күнү-түнү менен Сардарбектин “Жаңы жылды тосолу” деген ыры менен жашайт жана ар бир үй-бүлө жадырап-жайнап жаңы жылды чоң салтанатта ушул ыр менен тосот. Биздин сыртта жүргөн бир миллиондон ашык кыргыз жердештерибиз (мигранттар) Сардарбектин “Таң сырын” ырдашып, мекенине болгон сагынычтарын жазышат, алар үчүн “Таң сыры” гимн болуп калган. Сардарбектин “Сары-Өзөнү” чүйлүктөрдүн баардык деңгээлдеги (райондук, шаардык, облустук) иш-чараларында аткарылат, ал эми “Бишкегим” болсо борборубуздун гимни болуп, баардык салтанаттарда жаңырат. Сардарбектин мурунку жылдары жазылып, Чоро Кожомжаровдун эстрада оркестринин коштоосу менен Айша Базарбаева ырдап чыккан “Бульварымдын” жаңы вариантын эң жогорку деңгээлде, уккулуктуу, кооз кылып талантуу ырчы Азамат Сарыбаев элге тартуулады. Бул ыр азыр жаштар арасында хитке айланып калды. Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган “Мекеним сенден башталат” деген Сардарбектин обону ар бир айылда туулуп-өскөн адамдын делебесин козгоп, балалыгын эскертип, айылын сагынтып, айылга чакырып, Ата Журтуна, кичи мекенине кусалыгын арттырат. Азыр Россияда белгилүү эстрада ырчысы болуп жүргөн биздин атактуу мекендеш ырчы кызыбыз Светлана Назаренко (“Город 312”) “Сардарбек Жумалиевдин “Сен менин жазылбаган ырларымсың” деген ыры менин “визиттик карточкам” болуп калды, бул өтө кооз ыр, каякта концерт койбосом дагы бул ырды жандилим менен сөзсүз ырдап, автору тууралуу айтып, ырдын котормосун түшүндүрүп берем” дейт. Элибиздин сүйүктүү ырчы кызы Үмүт Тилегенова Сардарбектин “Кетпейм сага жолукмайынча” деген лирикалык ырын эң жогоркуу деңгээлде, булбулдай кубулжуган кооз үнү менен уккан адамды термелтип, бейишке чыгарып салат. Дооронбек Садырбаевдин сөзүнө жазылган Сардарбектин “Раймалынын ыры” адамзаттын эң ыйык сезими болгон сүйүүнү даңазалаган ырын ким билбейт? Өзгөчө чоң концерттерде же отуруштарда бул ыр ырдалбаса, ал иш-чара көркүнө чыкпайт.
Эгер Сардарбектин чыгарган эки жүздөн ашык обондорун угуп, талдап отурсаң бири-бирине такыр окшошпойт жана ар биринин эсте каларлык уккулуктуу мукам кайрыктары, өзгөчөлүктөрү бар, ар бир обону кыргыз жыттанып, кыргыздын бешигин терметип, уккан адамды эргитип, көңүлүңдү көтөрүп, бийиктикке жетелеп турат. Ар бир обонунун өзүнүн тарыхы бар. Бир жолу Сардарбектен “Таң сырынын” сырын айтып берчи?” десем, “Бойдок кезим, музыкалык окуу жайды (училище) бүтүп, Чоронун оркестринде иштеп жүргөм. Таякем Аскар Исаевдин үйүндө жашачумун. Ал Фрунзенин башкы архитектору эле, үйүнө күнүгө эле конок келип, бир аз ичип кызыгандан кийин таякем өзүнүн Москвадагы бир сүйгөн кызына арнап жазган ырын, аялы ашканага чыгып кеткенден кийин окуй баштачу. Ал кыз япон жигитине турмушка чыгып, Японияга кетип калыптыр. Күнүгө кечинде ал ырды угуп жатып, мага бир жаңы кайрыктар келе баштады. Биз турган үйдүн жанындагы окуу жайдын актовый залында пианино бар эле, кечке маал барып, кароолчудан суранып, баягы кайрыктарды ойносом, ушул обон жаралды. Бир күнү таякеме айтсам, “Ой, сенден каяктагы обон” деп кыйыктанып жатып барганда ойноп берсем, угуп, жактырбай басып кетти. Ошону менен обон он жылдай жатты. Кийин Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестирине дирижёр болуп келгенде, обонду оркестрге салып, элге алып чыктым” дейт.
“Сары- Өзөндүн” дагы тарыхы бар. Чүй облусу 1991-жылы жаңы уюшулганда Чүйдүн гимнин жазуу тапшырмасы Сардарбек Жумалиев менен акын Акбар Рыскуловго берилген эле. Алар “Ысык-Ата” курортунда бир жуманын ичинде эң сонун “Сары-Өзөн”, “Ала-Арча” деген обондуу ырларды жаратып келишкен. “Сары-Өзөндү” биринчи жолу Асанкан Жумахматовдун симфониялык оркестринин коштоосунда Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова облустук активдин чоң жыйынында эң мыкты аткарып бергенде, отурган эл толкундануу менен кабыл алган. Кыргыздын жаңы чыгып келе жаткан жылдызы Мээрим Карыпова Сардарбектин “Жан эркем” деген татынакай ырын абдан жеткиликтүү, жагымдуу, жогорку көркөмдүктөө ырдап чыгып, бүткүл элибизге “жарк” этип көрүнүп, ушул ырдын аркасынан өтө таанымал болуп, азыр ырчылардын алдыңкы сабынан орун алды.
Сардарбек Жумалиевдин чыгармачылыгында кайрылган темалары ар түрдүү, көп кырдуу. Басымдуу, көпчүлүгү кыргыздын жаратылышына ( “Ысык-Ата – Арашан”, “Жайкы кеч”, “Ала-Арча”, “Толкундар”, “Ак-Шумкар”, “Көл боюнда” ж.б.), өз Ата мекенине (“Гүлдө Кыргызстан”, “Сары-Өзөн”, “Жар Башым”, “Кыргыз элим”, “Сүйүктүү шаарым – Токмогум”, “Кыргыз жери, кымбатым”, “Бишкегим”, “Бишкекте сулуу таң атат” ж.б.) арналган. Эгер биз жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарын, мисалы, шар аккан сууну, шуулдаган дарактарды, куштардын сайрашын сезимибиз менен кабыл алып койсок, Сардарбек ошол кубулуштардан музыканы угуп, синтездеп, нота кылып кагазга түшүрөт.
Сардарбектин чыгармачылыгында махабат темасы (“Жан эркем”, “Жигитай”, “Бегимайдын ыры”, “Махабат мага кымбатсың”, “Махабат мекени”, “Махабат нуру”, “Унутпагын өткөндү”, “Эсиңе ал”, “Таң сыры”, “Эстегенде” ж.б.) дагы өзгөчө орунду ээлейт.
Сардарбек Жумалиев гимн жазуу боюнча дагы чоң чебер. Ал Чүй облусу үчүн “Сары-Өзөн”, Бишкек шаары үчүн “Бишкегим”, Токмок шаары үчүн “Сүйүктүү шаарым – Токмогум” аттуу жана Кыргыз улуттук университетке, “Кыргызпатентке”, токойчуларга, “Манас” балдар мектебине гимн жазып берген.
Азыркы мезгилде Кыргызстанда Сардарбек Жумалиевдин обонуна жазылган ырларды ырдабаган ырчы болбосо керек. Анын ырларын казак туугандар дагы жакшы көрүп, жандили менен репертуарына кошуп ырдап жүрүшөт, айрым ырларын “бул биздин, какзактын ыры” деп талашышат.
Сардарбек Жумалиев быйыл 75 жашка чыгып жатат. Анын басып өткөн өмүр жолу өтө мазмундуу жана өрнөктүү. Композиция жана дирижерлук билимди кыргыздын улуу композиторлору Мукаш Абдраевден, Калый Молдобасановдон, Насыр Давлесовдон алган. Алла Таала берген улуу талантын ал төкпөй-чачпай, чайпалтпай, аздектеп багып, баардык мүмкүнчүлүгүн толугу менен чыгармачылыкка жумшап, кыргыз элинин улуу ырчылык өнөрүн мындан ары дагы байытып, эсте кала турган, унутулгус кооз, мукамдуу, назик кайрыктары бар обондорду жаратып, элибиздин маданиятын мындан ары дагы жогорку деңгээлге көтөрүп койду. Кыргызстандын маданият тарыхында анын аты алтын тамга менен жазылып калды. Ал акыркы кырк жылдан бери Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп, үзүрлүү эмгектенип келе жатат.
Сардарбек мүнөзү жумшак, сыпайы, жупуну, маданияты бийик, интеллекти жогору, эч качан байлыкка, бийик наамдарга умтулбаган адам. Бир гана өкүнүчтүүсү, канча жолу көрсөтүлсө дагы өз эмгегине жана талантына жараша татыктуу наам – Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылбай жүрөт. С.Жумалиевдин чыгармачылыгынын негизинде, анын ырларын ырдап жүрүп Анарбек Ибраев, Саламат Садыкова, Керим Турапов, Роза Амановалар Токтогул сыйлыгына татыктуу болушпадыбы. Эмне үчүн аларды ырдатып, ушундай бийиктикке жеткирип жүргөн автор ушул бийик сыйлыкты албашы керек? Бул суроону мен Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын тагдырын чечкен комиссияга бергим келет. Мейли, күтө туралы, үмүт үзбөйлү, болуп калаар.
Саке, 75 жылдык мааракең куттуу болуп, чыгармачылыгың улана берсин, өмүрүң узун болсун! Баары бир сакадай болуп, музыкага толгон боюң сары алтын бойдон кала берет. Бар бол, Саке! Сен кыргыз элинин сыймыгысың, урматтуу
МАЭСТРО!
Рысбек КАЧКЕЕВ, экс-депутат, Кыргызстандын Белоруссиядагы мурдагы элчиси

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *