Сапар Наркеев, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү: “Темир Сариев жеке сүйлөшүүгө чакырды, барган жокпуз”

“Бүгүн, 22-мартта Темир Сариев атайын иш-сапар менен Аксыга келди. Сариев, Аксы жана Ала-Бука райондорунун жергиликтүү лидерлерин атайын жолугушууга чакырды. Биз аны менен жеке сүйлөшүүгө барган жокпуз” — деп билдирди бүгүн, 22-мартта kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы райондук “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү Сапар Наркеев.

“Темир Сариев, жергиликтүү лидерлерди өзүнчө чакырган болот. Биз, Сариев менен жеке сүйлөшүүгө барбайбыз. Кандай гана сөзү болбосун ал, элдин алдында жооп берсин. 18-мартта кыргыз-өзбек чек арасына Өзбекстандын аскер кызматкерлери кирип келген. Ошентип биз Өзбекстандын чек арасына кирип барсак алар бизге кандай мамиле кылышат, ал жалпыга маалым. Андыктан Өзбекстан тараптын Кыргызстандын чек арасына басып кирип келишине Темир Сариевдин жана Алмаз Атамбаевдин толук күнөөсү бар.” – деп билдирди “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү Сапар Наркеев.

Эске сала кетсек, Өзбекстан чек арачылары артка кайтып кетише элек. Учурда жергиликтүү калк менен Азимбек Бекназаров жана “40 чоро” кыймылы биргеликте. Ал эми Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек талаш жер тилкеси 38 гектарды түзөт.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

1 ой-пикир

  • Жигит says:

    просто акмакчылык, барбаганын саткынчылык, барып кенешини айтпайсынбы? Эмне кылыш керек экенин уйротпойсунбу?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *