Табылды Акеров, саясат таануучу:“Биригүүгө барган үч саясатчы бийлик кысымына кабылган А.Саляновага карата жигиттик кадамга барышты”

Бул жуманын эң маанилүү окуясы болуп кыргыз коомчулугуна аттын кашкасындай таанымал уч саясатчынын А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиевдердин биригүүсү болду. Бул биригүү коомчулукта ар кандай сөздөрдүн жаралышына себепкер болду. Айрымдары “бийлик бириктирди” десе, кээ бир адамдар: “булар 2017-жылкы президенттик шайлоолордо утуп алууну көздөп биригишти” дешүүдө. Бул союз бүгүнкү өлкөдө пайда болгон саясий кырдаалга жараша түзүлгөнүн айтып чыккандар да болду. Бүгүн бул маселелердин баарынын жандырмагын ачып берүү үчүн гезибиздин эксперти, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Т.Акеровго кайрылдык.

– Табылды мырза, кыргыздын беделдүү үч саясатчысынын биригишине кандай баа бересиз?

– Мен адеп эле булардын саясий билдирүүлөрүн күтүп, ошого көнүлүмдү бурдум. Себеби, алгачкы билдирүүдө дайыма эң негизги максаттар айтылат эмеспи. Союздаштардын алгачкы пресс-конференциядагы билдирүүлөрү жетишээрлик  чагылдырылды. Менимче, А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев үчөө өз учурунда биригишти. Башкача айтканда, “кечээ бириксе эрте болмок, эртең бириксе кеч болуп калмак” дегендей, булар өз учурунда биригишти. Себеби, дал ушул мезгилде президент А.Атамбаев менен Ө.Текебаевдин тиреши күчөп, бийлик тарап “Белизгейтти” ойлоп таба калып, күчкө салып, жыга чабайын деп калган эле да. Мына дал ушул учурда саясий аренада дагы бир эсептеше турган күч керек болуп калган. Парламент болсо, “бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбө жок” деп эч нерсени байкамаксан болуп олтуруп калган эле. Ошого жаңы союз пайда болуп, булардын эки жакка тең тартпай, ачык калыс позицияны ээлеши, коомчулукка майдай эле жакты. Мисалы, А.Мадумаров сөздү ачык бетке айтат. Ал эч убакта революциялык жолго барбайт. Муну ар бир кыргызстандык жакшы билет. Далай жолку билдирүүлөрүндө айткан. А.Келдибеков менен К.Ташиевдер саясатта чоң оюнчулар. Ошондуктан, “Ата-Журт” партиясы парламенттин өткөн чакырылышына кирип, эң көп мандатка ээ болгон. Бул жолу да булар, биз калыс болобуз, “Атамбаев деп бийликке да тартпайбыз, ага мыйзамсыз жолдорго барып, биз учурунда жабыр тартсак да А.Салянованы, талатып, бийликке каматып жибербейбиз”- деп жар салышты. Ошол эле учурда, Ө.Текебаев жана башкалардын мыйзамсыз аракеттерге баруусуна каршы турабыз деп чыгышты. Бул кадамдары менен союздаштар жигиттигин көрсөтүштү десем туура болчудай. Туура, бир кезде А.Салянова генералдык прокурор кезинде булар жабыр тартышты. Бирок, жигиттик кылып, бүгүн А.Салянова кысымга алынып жатканда, булардын эч ким күтпөгөн кадамдарга барышы мактоого алкый турган нерсе. Илгертен эркек көтөрүмдүү болуш керек деген сөз бар. “Эркектин көкүрөгүнө ээр токумдуу ат батат” деп айткан кыргыздар. Эркектин ар кадамы, анын жигиттигин айгинелеп турушу шарт. А.Салянова бекеринен А.Атамбаевге, бийликке карап, “мен кош бойлуу экениме карабай эң жакын адамымды куугунтукка алып, мага басым жасап жаттыңыз”,- деп чыркырап жаткан жок да. Бул кайрылуусу менен А.Салянова президент да, анын аппараты, тегереги да адамдык парасатка жатпаган, кандайдыр бир жапайы, орто кылымдык жол менен өлкөнү башкарып жактандыгын айткысы келгени эмей эмне. Бийлик кош бойлуу Салянованы басынтуу, куугунтуктоосу менен коомчулуктун наалатына эле калды деп ойлойм. Кош бойлуу аялды басынтуу, куугунтуктоо бул кечирилгис күнөө. Мейли эч ким айта албаса да, президенттин аппарат жетекчиси Ф.Ниязов бул ишти токтотуп, аны башка дипломатиялык нукка бурууга аракет кылышы керек болчу. Ф.Ниязов ушул иште өзүн көрсөтө албай, коомчулукта ансыз да аброю начар президенттик институттунун аброюн андан ылдый түшүрдү.

Албетте, союздаштардын эң негизги максаты, майда оюндар эмес, алар 2017-жылкы шайлоолорго активдүү катышып, аны жеңип чыгууну көздөшүүдө. Бул тууралуу союздаштар ачык айтышты.

– Табылды мырза, айрымдар “бул үчөөнү бийлик бириктирди” деп жатышат. Мисалы, И.Ильмияновдун аты менен байланыштырып. Буга эмне дейсиз?

– Чынын айтсам, бул сөздөр булардын үчөө тең түштүк регионунун кулуну болгондугунан чыгып жатышы мүмкүн. Себеби, биринчиден, бир региондун эң таанымал үч саясатчысы биригип жатса, анан бийлик каякты карап калды деген да сөздөр болушу мүмкүн да. Ошого, “биригип жаткандар кайсы бир денгээлде контролдо экен”- деген пикир жаратыш үчүн деле, ушундай сөздөрдү таратып коюштары мүмкүн. Экинчиден, бүгүн “Ата Мекен” оппозицияда калып, анын лидери Ө.Текебаев бийликтин эң негизги оппонентине айланып жатат. Ал да түштүктүн кулуну. Ошого түштүктө Ө.Текебаевдин рейтинги өсүп кетпесин деген максатта бириктиришти го деген да божомолдордон улам айтылып жатышы мүмкүн. Б. а. президенттик шайлоолорго чейин булар түштүктүн электоратын Ө.Текебаевге өткөрбөй кармап турсун деген тейде. “Анан 2017-жылы буларды кайра талкалап, бөлүп жиберебиз, булар өзүлөрү деле ага чейин бөлүнүүгө дайын болуп калышат  деп ойлоп жатышат” деп. Бирок, эгер чынын айтсам, буларга кайсы технологиялар колдонулбасын, өтө кооптуу. Б. а. “карышкырга кой кайтартты” деген менен барабар болуп калышы мүмкүн. Президенттик шайлоолор алдында, бийлик регионалдык карта менен минтип ойнобошу керек. Бул өтө кооптуу. Мисалы, экс-президент А.Акаев да регионалдык картанын негизинде кулаган. Биринчи революцияда, 2005-жылы регионалдык фактор чоң роль ойногон. Ошондон улам Акаевдин бийлиги туруштук бере албай калган. Ал эми Бакиев “мен гана болом” деп эч кимди укпай коюп, президент болуп алган. Ак үйдүн биринчи этажында көпкө жакалашышып, Бакиевди көндүрө алышпай коюшкан.

– Айтсаныз, бийлик жаңы союзга каршы технология колдоноорун да айтышат. Ал кандай технология болушу мүмкүн?

– Бийлик: “булар президенттикке барууга жол талашып жатып, ажырашып кетишет”- деши мүмкүн. Бирок,булардын президенттик шайлоолордон башка да чоң максаттары бар. Булар эмки парламенттик шайлоолорго да бир партия менен барып, аны утуп алууну көздөп жатышат. Б. а. президенттик шайлоолордо булар утулуп калса да, “Ата-Журт” партиясы аркылуу кийинки парламенттик шайлоолорго катышышат жана аны утуп алып, парламентке киришет. Б. а. бул биригүү менен булар эмки парламентке шайлана тургандыгын билдирип жатышат. Мына ушул нерсе буларды президенттик шайлоо учурунда да чачырап кетирбей, кармап турушу мүмүкүн. “Президенттик шайлоолорго катышпай калсам да, парламентке депутат болом” деген ой буларды бириктирип турат. Бирок, бийлик булардын союзду регионалдык биригүү катары баамдап, мураскер операциясын өткөрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Мисалы, премьерликке түндүктүк жаш бир саясатчыны алып келип, буларды “бакиевчилер” атап, “өлкөгө жаңы инсан керек” деп, анан жаш саясатчынын тегерегине түндүктүн баарын үйүп берип, түштүктүк кандидаттарды ага каршы коюп, түштүктөн да бир аз добуш топтоп, шайлоолорду утуп кетебиз деп ойлошу мүмкүн. Бирок, мындай нерсени жасаш үчүн түндүктөн эч ким койбош керек. Б.а. Т.Сариев, Ө.Бабановдор талапкерлигин койбошу керек. Себеби, бийликтин жаш саясатчысына булар турганда түндүк толук добуш бербейт. Ошондуктан, бул технология жаңы түзүлгөн союзга каршы иштебей калышы мүмкүн. Анан калса, бийлик мындай технологияны колдонуш үчүн “Ата-Журт” партиясын эмки парламентке кирбешин да камсыз кылышы керек. Муну алдын ала чечиши керек. Себеби, “Ата-Журт” партиясы мураскерге парламентте биринчи чоң оппозиция болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, буларга каршы тиги же бул технологияларды колдонуунун өзү коопту. Мисал катары, Грузияны алалы. Шеварнадзе президент кезинде, Саакашвили мэр эле да. Саакашвилини “сен чоң саясатка чыгып көрсөң, көрөлү” деп, көндүрүп, алып чыгышкан. Калганын эл жасап таштаган. Ошондуктан, шайлоолор учурунда регионалдык карталар менен ойноо өтө эле коопту.

– “Ата Мекен” фракциясы президентке импичмент берүү үчүн документтерди чогултуп жатат. Бирок, бийлик аларга каршы “Белизгейтти” уюштуруп жатат дешет. Бийлик буларды таптаза талкалап чаап салбайбы. Мисалы, Ө.Текебаевди камап дегендей?

– Ооба. Өтө катуу күрөш болуп жатат. Бийлик күч колдонуп, “Белизгейт” менен таптаза басып салууну көздөөдө. Себеби, “Ата Мекен” бул жолу оппозицияда калып калбадыбы? Ошого срочно “Белизгейт” уюштурулду. Мурдагыдай А.Юсуповду “баатыр” кылып, кайра-кайра КТРден чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Ал азыр бийлик каалагандай сүйлөп бере албайт. Себеби, коомчулукка анын “экс-муфтий Жумановдун өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн”- дегендей маалыматтар чыгып кетти.  Бийлик бүгүн ага таянса, болбой калаарын түшүнүп жатат. “Белизгейт” да күмөндүү болуп калды. Анан калса, “Коосуздук кызматына бул материалдар  кокустан түшүп калды”- деген сөздүн өзү депуттарды ынандырган жок. ЖКда да коопсуздук кызматы менен тыгыз байланыштагы депутаттар бар да. Тескерисинче, минтип айтуунун өзү бул материалдардын күмөндүү экенинен кабар берип калды. Б. а. заказ экени билинип калды окшойт. Анан саясатчылар муну көрүп туруп тим олтуруп кала албайт да. Ошого А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиевдер: “биз бул тирешке калыс болобуз” деп  билдирип жатышпайбы.

– Бул масеге сырткы күчтөр кандай мамиле кылат деп ойлойсуз?

– Менимче, аларга А.Атамбаев менен Ө.Текебаевдин тирешип жатканы жагат. Себеби, А.Атамбаев бир нерсе менен алек болот. Алар жөнүндө ар кандай билдирүүлөрдү жасай албай калат дешип. Атамбаев менен Ө. Текебаевдин тиреши биринчинин рейтингине терс таасир тийгизиши мүмкүн да. Ошондуктан, тышкы күчтөр деле Ө.Текебаевди оңою менен чаптырып жибербейт.

Илгери Т.Сариевди премьерге бекитип жатканда коомчулукта бир сөз тарады эле. Ө.Текебаев башта анын кандидатурасына макул болбой жатса керек. Анан аны Москвага чакыртышып, ал жактан консультация болгон имиш. Анын жыйынтыгында Москва Ө.Текебаевди 2017-жылкы президенттик шайлоолордо эч кандай тоскоолдуктарды жасабай турганын, ага, кыскасы, жашыл жарык берилери убадаланган имиш. Ошого Ө.Текебаев Сариевдин кандидатурасына Москвада туруп макулдугун берген деген сөз бар. Чынын айтсам, чатактын баары башталган Кой-Таштагы жердин таржымалы ФСБга, Казакстандын коопсуздук кызматына илгертен эле белгилүү болчу да. Себеби, “Дастан” заводу илгери КГБнын көзөмөлүндө турган. Анан ФСБ ал жакта мүлк кантип бөлүштүрүлүп жатканын жакшы билчү. Демек, сырткы күчтөр биздеги болуп жаткан процесстерди тыкыр баамдап жатышат. Ошого Ө.Текебаевди таптаза чаптырып жибербейт деп ойлойм.

– Абал эми кандайча өнүгөт деп ойлойсуз?

– Менимче, бардыгы Жаңы жылдан кийин башталат. Жаңы жылдан кийин Белиз шаарынан “ата-мекенчилерге” каршы дайындалган документтерге официалдуу жооп келет. “Ата Мекен” фракциясы да бул боюнча чет элдик юридикалык фирманы жалдап алды. Демек, кандай гана болбосун жооп болот. Бийлик калайбы, каалабайбы жооп болот. Анан эгер документтер жалган болсо, анда президент А.Атамбаев “коопсуздук кызматынын ресурстарын жеке кызыкчылыктарда колдонуп жатат” деген маселе көтөрүлүп калышы мүмкүн. Бирок, эгер документтер чын чыгып калса, анда “ата-мекенчилерге” каршы кара пиар башталат. Бийлик күчүнө кирет.

– Коопсуздук кызматы  Атамбаевдин учурунда ар кандай түшүнүксүз операцияларды байма-бай уюштуруп жатат. Бул эмнеден кабар берет?

– Жок. Коопсуздук кызматынын ресурстарын Бакиевдин учурунда да жакшы эле кландык кызыкчылыктарда пайдаланышкан. Себеби, ал жакка атайы бул тармакка тиешеси жок кадрды алып барып жатышат. Ал эми нукура бул тармактын офицери мындай иштерди оңою менен аткарбайт. Анткени, аларды окутуп жатканда эле, “биз силерге өтө баалуу ыкмаларды үйрөтүп жатабыз. Бирок, буларды эч убакта элге, коомчулуккка, саясатчыларга каршы колдонбошуңар керек”- деп мээлерине куюп коюшат. “Бул ыкмаларды силер мамлекеттик коопсуздук үчүн гана колдонсоңор болот”- деп үйрөтүшөт. Ошого кадрдык офицер, генерал оңою менен андай карасанатайлык иштерге барбайт. Сырттан келген кишиге баары бир да. Ал иши кылып, шефине жакса, анын алкоосуна арзыса болду.

Булак: “Майдан” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *