Утурумдук “жылт” этме – Темир Асанбеков

Темирбек Асанбеков дегенди журналисттер журту жакшы билет. Бул жигит убагында эки президенттик шайлоого катышып, «алтын шилекейлерин аябай эле чачыратып», аз эле жерден Кыргызстан үчүн жанын берүүгө «дайым даяр экенине» чейин сүйлөсө тим эле тилинен чаң чыкчу. Ишенесиңерби, мындайда Асанбековдун фонунда Англиянын көркөм дүйнөсүндөгү популярдуу каарманга айланган, адилетсиздик менен аёсуз күрөшкөн Робин Гуд биякта эле калат. Бизди ойлонткону, негедир бул жигит Кыргызстанда башкы саясий иш-чара болгон шайлоо учурларында эле жылт эте калат. Шайлоо бүткөндөн кийин көздөн кайым болот. Эми ошол «куткаруучу» бирдемеден жыт алганбы, айтор кайрадан саясий горизонтто пайда болду. Кыязы жакында Кыргызстанда бир нерсе болот го?

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *