Япон айымдарынын сулуулук сыры эмнеде?

Меиса Куроки, Китагава Кейко, Нозоми Сасаки, Уэто Ая, Нацуки Като деген жылдыздардын ысымы таанышпы? Эгер тааныбасаңыз интернет сизге жардамга келет. Булар дүйнөнү жана голливудду багындырган япон айымдары. Алар өз жаштарынан алдаканча жаш көрүнөт. Ишенбесеңиз өзү теңдүү америкалык жылдыздар менен салыштырып көрүңүз. Чындыгында эле ашыкча салмак менен жүргөн жана толугунан келген япон айымдарын кездештирүү дээрлик мүмкүн эмес. Муну статистикалык маалыматтар да тастыктайт. Анткени дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн ичинен япондуктардын 3,5 пайызы гана ашыкча салмактуу экендиги аныкталган. Буга байланыштуу эмне үчүн япон айымдары сымбаттуу жана сулуу болушат деген суроого жооп издеп көрдүк. Япон айымдары эмне менен азыктанышат?

Күрүч

Күрүчтүн курамында жогорку деңгээлдеги көмүртек болгондугуна карабай япондуктардын күнүмдүк азыктанган тамак-аштарында сөзсүз колдонулат. Бирок, алар биздей даярдашпайт. Тузсуз, майсыз жана кайнатып бышырбай, сууга чылап коюп колдонушат.

Балык

Ошондой эле япон айымдары балык жана деңиз азыгы жок жашоолорун элестете алышпайт. Анткени балыкты канчалык көп жесе дагы, салмак кошууга эч кандай таасир тийгизбейт жана организмди пайдалуу заттар менен камсыз кылат. Анткени, курамындагы йод, майлуу кислота омега-3 заты бар. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат, калкан бездеринин иштешин жакшыртат.

Аз өлчөм

Япондуктар бала кезинен баштап эле аз тамак ичүүгө көнүшөт. Андыктан тамакты аз өлчөмдө кабыл алышат. Тамак жасоо ыкмалары дагы биздин ыкмалардан түп тамырынан бери айырмаланат. Ошол эле балыкты алсак, алар майга кууруп жешпейт. Биз тескерисин кылабыз. Бууланган же сууга бышырылган балыкты гана колдонушат.

Көк чай

Көк чай – бул антиоксиданттардын эле булагы болбостон, организмдин картаюусуна жол тосот, организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгат. Андыктан көк чайга байланыштуу салтка айланып калган иш-чаралар да өткөрүлүп турат. Деги эле чай искусствосу жогорку деңгээлде өнүккөн.

Соя

Протеиндерге бай, майсыз жана аз калориялуу сояны соус, соя сүтү же тофу катары пайдаланышат. Андыктан япон айымдарынын организминде эч качан белоктун жетишсиздиги пайда болбойт. Белок булчуңдардын тузулүшүнө таасир бергендиктен сымбаттуу болушат.

Жашылчалар

Жашылчаларды өтө кылдат карап, тандашат жана жасалган тамактардын баарына сөзсүз түрдө жашылча кошушат. Дайкон, пияз, капусталарды өзгөчө жактырышат. Ал эми салаттарды биздей майонез кошуп жясашпайт. жаңы гана азыктар колдонулат. Япондуктар үчүн сакталуу мөөнөтүнө карап  азык- түлүк алуу деген түшүнүк дээрлик жок. Алар жаңы гана азыктарды сатып алып, тамакты дароо жасап жешет.

Таттуулар

Албетте, япон айымдары деле таттууну жактырышат. Бирок, алардын таттууну кабыл алуу жолдору биздикине окшошпойт. Маселен, бизде майлуу крем, сливка же шоколад торту сыяктуу таттуулар желсе, япондуктар балмуздакты дагы күрүчтөн жасоого жетишишкен. Мойчи сортундагы күрүчтөн балмуздак жасалат. Екан – бул миң жылдардан бери жасалып келе жаткан таттуулардын бири. Эмнеден жасалат деген суроо жаралса, екан суудагы балырлардан каштан, буурчактын таттуу турлөрү кошуп жасалат.

Тамактануу өзүнчө бир философия

Ашпозчунун негизги милдети даярдалчу азыктардын мыкты сапатта болушу жана жаңы гана үзүлгөндүгү. Эң жогорку сапаттагы продуктулар кылдат тандалып, тамак жечү кишиге, анын жаш өзгөчөлүгү, жеп жаткан убактысы эске алынып жасалат. Азыктын табигый даамын жоготпоо чыныгы ашпозчу үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан япондуктар көп салмактуулук менен жабыркашпайт жана дүйнөдө узак жашаган калктардын катарын толуктайт.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *