Ырчылар “дүңүнөн” эс алуудабы?

Жыргал кимдики, жыргал артисттердики. Ар бир баскан-турганын интернетке жүктөп турган ырчы-чоорчулар эми кыштын суугунда ар кимиси ар кайда эс алууда. Алардын катарында Самара Каримова, Сыймык Бейшекеев, Сайкал Садыбакасова, Гүлжайна Атаканова жана башкалар бар. «Бүгүн биздин эс алуубуздун 4- күнүн өткөрүп жаткан чагыбыз. Албетте, мыкты маанайда керемет көз ирмемдер эсте каларлык болууда! Бул эс алуу менин жеке жашоомо жана чыгармачылык карьерама мыкты жетишкендикке алып келет деп ойлойм. Моралдык жана психикалык жактан жан дүйнөм беш деген баскычка көтөрүлдү!» -деп сезимдери менен бөлүшөт Сайкал Садыбакасова.

Пайдалууну эс алуу менен айкалыштырып көнгөн биздин ырчылар бул сапар дагы чыгармачылык куржундарын толтуруп кайтышса керек. Кандай болгон күндө дагы алардын позитив гана күтөбүз.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *