Азимбек Бекназаров: Замандаштарга эки кайрылуу

Редакциядан: Президент Сооронбай Жээнбеков менен А. Бекназаровдун жолугушканы жөнүндө эл арасында түркүн сөз бар. Анын чын-төгүнүн Азикеден сураганда, ак же көк дебей “Бул тууралуу кийинки жумаларда жооп берейинчи. Азыр замандаштарыма 2 кайрылуум бар эле. Ошону чыгарып берсеңер жакшы болмок” деди. Кийинки жумаларда Азике менен сүйлөшкөндөй, достордун жолугушуулары тууралуу сөз козгоп, көп нерсени ачыкка чыгарабыз. Бул сапар биз дагы сөзгө туруп, Азикенин кайрылуусун гезит бетине басып жатабыз.

Азикенин кайрылуусунда Атамбаев, Бекназаров, Жээнбеков үч достун ортосунда кармаш бардай. Бул кармаш жазда өтө ысык болору сезилип жатат. Азике эски досу АША тарап болобу же Соке досу тарап болобу? — деген суроо эми Соке же АШАнын кимиси Азике тарап болот?- дегенге оочудай… Саясий погоданы мурдагыдай эле беттегенин бербеген “революциянын бульдезору” жасайт окшоп калды…

  1. Коррупция дейбиз?

Жакында президентибиз коррупциялык мыйзам бузуучулукту билдирген адамдарды коргоо, аларга сыйлык берүү, ж. б. каралган мыйзамга кол койду.

Эске түшөт, президент Акаев эки жолу коррупцияга каршы согуш жарыялап, “коррупция 7-этажга чыгыптыр” — ​деп ачуу кыйкырганда, айланасында олтургандар “мына биз олтурбайбызбы” — ​деп мыйыгынан күлүшкөн экен, анын өзүн шылдыңдап.

Эки элдик революциянын жеңиши менен бийлике келишкен президенттер Бакиев менен Атамбаев коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү элдик революциялардын башкы талабы болгондуктан, атайын указдарды чыгарып, коррупцияга каршы агенттиктерди, кызматтарды ачышкан. Жыйынтыгын жакшы билесиздер. Эгерде биринчи президент “коррупция 7-этажга чыгыптыр” — ​деп кыйкырса, андан кийинки президенттердин доорунда, коррупция Ак үйдүн бүт этаждарын ээлеп, өзөгү мамлекеттин саясий системасына бутак жайды. Президенттердин коррупция менен “согушунда” коррупциянын тамырына, өзөгүнө балта чабылбай бутак чырпыкчалары гана кыркылып келет. Азыр да ошондой.

Коррупция деген эмне? Коррупция деген тээ илгерки заманда батыш өлкөлөрүндөгү падыша — ​императорлордун кызматчылары тарабынан пара алып сатылгандар үчүн “corrumpepe” деген латындын сөзүнөн чыккан кызмат адамдарынын саткындыгы. 18–19-кылымдарда мындай саткынчылык Орус падышачылыгына жетип “подкуп” деген түшүнүк менен кылмыш катары эсептелинген. Совет доорунда коррупция деген түшүнүк болгон эмес, эгерде кызмат адамдары сатылса, “пара алуу”, “пара берүү”, “пара талап кылуу” ж. б. деген атайын беренелер менен өлүм жазасына чейин жазалоо каралган. Кылмыш кызматтык кылмыштарга кирген.

Коррупция деген түшүнүк постсоветтик мейкиндикке, СССРдин ыдырашы менен батыштан “президент”, “демократия”, “адам укугу”, “либерализм”, “рынок экономикасы” ж. б. терминдери менен бирге келди. Менин жеке пикиримде Кыргызстанга коррупцияны биринчи президент А. Акаев президент болоору менен алып келди. Ал Советтик Кыргызстанды батыш тибиндеги демократиялык өлкөлөргө айлантам деп батыштан саясий шарттар менен келген миллиарддаган карыз акчаларга, үч смен менен миң деген адамдар иштеген завод-фабрикаларды, комбинаттарды эки-үч жылда тыптыйпыл кылып, дагы миллиарддаган карыз акчага айыл чарбасын таптакыр талкалаган. Кыргызга койду кантип багууну үйрөтүшкөн, Кыргызстандын эсебинен миңдеген доллар маяна алышкан. Батыштан келген Акаевдин кеңешчилери 5–6 жыл ичинде Кыргызстандын өнөр жайын, айыл чарбасын, күлүн көккө сапырткан. Аларга каршы турган 12-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин “коммунист-консерватор” депутаттарын кворум түздүрбөй иштетпей эле тим койбой 1993-жылкы Конституциябызды одоно бузуп, 1994-жылы октябрь айында референдум жолу менен мамлекеттик бийликти узурпациялап, Жогорку Кеңештин өзүн эки палатага бөлүп жиберген. Мурдагы завод- фабрикалардын, совхоз-колхоздун жерлеринен бери өз жакындарына таркатылган. Айрым ага каршы оппозицияда турган депутат, саясатчыларга ооз басты, же сатып алуу үчүн базар, дүкөн, детсад, же кызмат берүү өнөкөткө айланган. Азыркы жаштар завод-фабрика эмес анын орду каерде экенин билбей калышты.

Мисалы, президент Акаевдин 1991–92-жылдары чыгарган өзгөчө жарлыктары менен Кыргызстандын тоо- кен тармактары Канаданын жараны Б. Бирштейнге берилип, тоо-кен тармагына инвестиция тартуу, инвесторлорду тандап алуу ж. б. мамлекеттик бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары да ага же анын “Сиабеко” деген жеке фирмасына кошо берилген. Ал тургай ошол кездеги Кыргызстандын 2 тонна алтыны ага берилип, ал аны жеке самолету менен Швейцарияга чыгарып кеткен. Кыргызстандын премьер-министиринен тартып “Кыргызалтын” концернинин жетекчилери Б. Бирштейндин жардамчыларына айланган.

Коррупция, Коррупция дейбиз, коррупциялык мыйзам бузуучулук болсо билдиргин, сыйлык бар дейбиз, анда 1992-жылдан ушул күнгө чейин иштеп жаткан “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн коррупциялык келишим боюнча эмне үчүн чара көрүлбөйт? Же “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдө, келишимдерди түзүүдө, инвесторду тандап алууда, Кыргызстандын мыйзамдары бузулган жокпу? Анда эмне үчүн 1992-жылдан ушул күнгө чейинки бардык чакырылыштагы Жогорку Кеңештин атайкы комиссиялары, мамлекеттик комиссия, коомчулук тарабынан, айрым президенттер, убагында келишимдерге кол койгондор кеч болсо да, башка саясатчылар, адистер, коомдук саясий уюмдар, чет элдик эксперттер тарабынан бул макулдашуулар коррупциялык, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобойт деп таанылган. Коррупция боюнча келишпес согуш жарыялаган президенттер эмне үчүн кылымдын коррупциясына, коррупциянын туу чокусуна айланган “Кумтөр” коррупциясын укмаксан, көрмөксөн болот?

Азыркы КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси менен аныкталган коррупцияны, кыргыздын жалпак тили менен чогуу чечмелеп, кимдер коррупционер, зыяны кандай экенин талдап көрөлү: “Коррупция — ​бул материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчыларды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү…” — ​делет, “Кумтөрдө” алтын — ​953тн, күмүш — ​388,66тн, теллур — ​1505,93тн, вольфрам — ​55841,23тн, күкүрт — ​6959296,2 тн, мындан башка палладий жана башкалар бар. Булар материалдык байлыкпы, дөөлөтпү? Байлык, дөөлөт! Буларды Акаев баш болгон чиновниктер “50 жылга чейин казып кеткиле деп Б. Бирштейнге, анан “Сиабеко”, “Камекого” бердикпи? Бердик! Мындан сырткары Кыргызстандын тоо кен тармагын өздөштүрүү, өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу укугун, 2 тонна алтыныбызды кошуп бердик, жалгыз бир Бирштейнге, анын “Сиабекосуна” бердикпи? Бердик! Андан нары “…берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон, бир же бир нече кызмат адамынын…” президент Акаев, премьер-министрлер Т. Чынгышев, А. Жумагулов, башка өкмөт мүчөлөрү. “Кыргызалтындын” жетекчилери ж. б. “Кумтөр” келишимдерине кол коюшкан адамдар кызмат адамдарыбы? Ооба, эң жогорку кызмат адамдары, андан ары “айрым адамдар же топтор менен” (Б. Бирштейн, ж. б. “Камеко” корпорациясынын адамдары менен) “Туруктуу байланышын билдирген…” алар 1992–1994- жылдар аралыгында бир нече жолу Канаданын Торонто, АКШнын Нью-Йорк ж. б. шаарларында бирге болушуп, “Камеконун” кызыкчылыгын жактаган келишимдерди түзүшүп, Жогорку Кеңеште, Өкмөттө, ММКда чыгып сүйлөшүп, интервьюларды беришип, Жогорку Кеңеш каршы туруп, уруксат бербесе да КР Конституциясын, мыйзамдарын одоно бузушуп, “Камекону” тандап, “Центерраны” түзүп, аларды салыктардан бошотуп, инвестор тандоодо конкурс өткөрбөй, макулдашууларга колду Өкмөттүн жыйынында эмес, чет өлкөлөрдө, аэропорттордо кол коюуга расмий укукту Жогорку Кеңеш же президент бербесе да “Кыргызстандын атынан” деп кол коюшкан. Андан ары “…коомдун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирген” алар кол койгон макулдашуу келишимдердин кесепетинен Кыргызстанга орду толгуз жүздөгөн миллиард өлчөмүндө экономикалык жана экологиялык зыян келтирилдиби? Келтирилди! Андан ары “…атайын жасаган жосундар коррупция болуп эсептелинет”. А. Акаев башында турган чиновниктер Жогорку Кеңеш, коомчулук каршы турганына карабай, жогоруда көрсөтүлгөн жосундарды атайын жасадыбы, же билбей жасадыбы?. Жок, алар мындай жосунду атайын жасашкан. Коррупция дейбиз, мына коррупция!

Башында Акаев турган кыргыз чиновниктери, “Кумтөр” алтын кени боюнча кылмыштуу аракеттерин андан ары улантышып, 2002–2004-жылдар аралыгында “Камеконун” кызыкчылыгы үчүн бир эле КР Конституция менен мыйзамдарын бузбай, мурдагы 1992–1994-жылкы башкы макулдашуунун шарттарын одоно бузуп, анткени 2007-жылдан баштап “Кумтөр” Кыргызстанга толук өтмөк, ага жеткирбей “Кумтөрдү” кайта түзүшөт (рестуруктуризация). Анын кесепетинен башкы макулдашуудагы Кыргызстандын үлүшү 67%дан 16%га түшүрүлүп, “Камеконун” үлүшү 33төн 63кө чейин жогорулаган. 2003-жылдын 31-декабрындагы КР атынан премьер-министр Н. Танаев, “Кыргызалтындын” президенти К. Кудайбергенов кол койгон жаңы келишимдин шарттарына ылайык “Кумтөр” ЖКнын уруксаты жок, каршы турганына карабай, мыйзамсыз акционерлештирилип КР Конституциясы менен мыйзамдары одоно бузулуп, чет элде жайгашкан, чет элдин мыйзамдары менен иштеген “Центерра голд” компаниясы түзүлгөн. “Центерраны” түзүүдө КР президентинин, Өкмөтүнүн макулдугу менен Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” активи жасалма жолдор менен өтө төмөндөтүлүп, ал эми “Камеконун” активи өтө жогорулатылып бааланган, мисалы “Кумтөрдөгү” алтындын запасы 717,3тн экенине карабай, болгону 180,2 тн деп алынган, мындан сырткары Кыргызстандагы КГК дагы 66,67% үлүшү эске алынган эмес. Башкы макулдашууга ылайык “Кыргызалтын” өзүнүн КГКдагы акцияларын Жогорку Кеңештин өзгөчө уруксаты жок же Кыргыз бийлиги тарабынан контролдонбогон чет элдик “Центеррага” сатканга укугу жок болчу. “Центерра” жасалма түрдө мыйзамсыз түзүлгөн компания. Ошентип Центерраны түзүү менен Кыргызстан Кумтөрдү башкаруудан таптакыр куру жалак калган.

“Кумтөр” алтын кениндеги коррупция аракеттеринин үчүнчү этабы 2009-жылдын 24-апрелиндеги Жаңы шарттардагы Макулдашуу менен биротоло бекитилип, эми бул коррупциялык мыйзам бузуучулукка КР Жогорку Кеңеши, КР Конституциялык соту аралашкан. Жогорку Кеңеш бул макулдашууну ратификациялап, ага “эл аралык келишим” деген статусту мыйзамсыз берген, себеби “Центерра” эл аралык уюм эмес, болгону чет элдик коммерциялык компания болгон. Жогорку Кеңеш макулдашуунун салык ж. б. төлөмдөрүн кароого укуктуу болчу.

“Кумтөр” алтын кени боюнча маселе 2012–2014-жылдары Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлгөнү менен эч нерсе чечилбей коррупциялык макулдашуу ушул күнгө чейин иштеп жатат. Жыйынтыгында 1997–2017-жылдар аралыгында “Кумтөр” алтын кенинен 358,204 кг алтын өндүрүлүп, 88045300000 АКШ долларына сатылып, анын 1071737000 доллары, же 12% салык, айлык акы, соцфондко төлөм, таза дивидент ж. б. катары Кыргызстанга келип түшкөн (Ысык-Көл фондуна жана экологиялык фонд үчүн төлөмдөр кошулган жок).

Эл арасында азыркы Жогорку Кеңешти, Өкмөттү, Кыргызстандын чоң-чоң ММКларын, айрым саясатчы серепчилерди, “горняктардын” ассоцациясын ж. б. “Центерра” 2026-жылга чейин үн чыгарбайсыңар деп “сатып” алганы тууралуу тастыкталбаган сөз бар.

Ошондуктан Кыргызстандын улутчул-мекенчил күчтөрү Конституциялык укуктар негизинде: “элдин бийлиги — ​элге, элдин байлыгы — ​элге” деген ураан менен 2018-жылы 24-ноябрда элдик курултай өткөрүп, өлкөдөгү узурпацияланган элдик бийликти калыбына келтирүү, чет элдик компанияларга берилген кен байлыктарды жалпы элдин кызыкчылыгында иштетүү үчүн элдик демилге менен бир нече мыйзам долбоорун даярдап, элдин колун топтоо башталды. Албетте 2003-жылы мыйзамсыз түзүлүп Акаевдин жардамы менен КГКга ээ болуп алган “Центерра” буга жөн эле макул болбойт. Азыркы кыргыз бийлиги мурдагы президенттер тарабынан чачылганды жыйнайм, үзүлгөндү улайм, уурдалганды кайтарам деген ниети болсо, 1992-ж., 2003-ж. жана 2009-жылы “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдерди жокко чыгарып, кайсы мыйзамдар бузулганын, кимдер бузганын, кесепети кандай экенин тергөө жолу менен ачыка чыгарып, оңдоочу, түздөөчү жана адилетчи президент катары тарыхта калуу мүмкүнчүлүгү бар. Ушул иште бийлик, коомчулук бир муштум болуп аракеттенсек, бизди “Камеко”, “Центерра”, Акаев, Бакиев, Бирштейндер ж. б. — ​эч жерде эл аралык соттордо да, ички соттордо да Кыргызстанды жеңе алышпайт. Анткени Кыргызстандын мыйзамдары, эл аралык коррупцияга каршы мыйзам — ​конвенциялар, БУУнун документтери да биз тарапта. Коррупционерлерди эл аралык уюмдар, соттор колдобойт. Иштин баары өзүбүздө. Мен бул кайрылуу менен “Кумтөрдөгү” мыйзам бузуучулукту — ​замандаштарыма, анын ичинде КР президентине, коррупция менен күрөш жүргүзүүчү органдарга расмий билдирдим деп эсептейм. Алардан сыйлык албайм, бирок кылмыш иши козголуп “Кумтөр” коррупциясына чекит коюуну талап кылам.

Урматтуу замандаштар, “Кумтөрдү” денонсациалоо же улутташтыруу маселеси көтөрүлсө эле КР президентинен тартып өкмөт башчылары, алардын дежур серепчилери, мамлекеттик ММКлардан “Кумтөрдөн” “Центерра” кетсе, “Кумтөр” иштебей калат”, “Кыргызстан өзү иштете албайт”, “Центерра” эл аралык сотко берет”, “2–3млрд АКШ долларында компенсация төлөтүп алат” ж. б. атайын коррупциялык схемалардын автору иштеп чыккан пропаганда-агитация иштерин активдүү жүргүзө баштайт. Мунун өзү — ​“Кумтөр” маселесинде дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөчө чоң коррупция бар экенин жана ал эгемен Кыргызстандын мамлекеттик саясий системасын бүт бойдон туткундап турганынын далили.

Мисалы, 2013–2015-жылдар аралыгында өкмөт башчылары Ж. Сатыбылдиев, Т. Сариев ж. б. министрлер “Центерранын” “Кумтөргө” салган инвестициясынын өлчөмүн 1млрд АКШ долларына алалбай кала турган пайданын өлчөмүн 2–3 миллиардга чыгарышкан, чындыгында андай эмес. “Центерра” өзү 2003-ж. түзүлүп жатат. “Кумтөр” долбоору ишке ашырган КГК ЖАКы 1994-жылы Кыргызстанда түзүлүп, бизде каттоодон өткөн, 67% үлүшү “Кыргыалтынга” таандык. “Камеконуку” 33%. “Кумтөр” алтын кенин иштетүү үчүн ТЭНди түзүү, заводду, жолду куруу, электр тартуу, техника, шаймандарды сатып алууну КГК ишке ашырган. Ага бардыгы болуп 1994–1997- жылдар аралыгында 452,5 млн АКШ доллары кеткен. Анын 45млн долларын «Камеко» инвестиция катары, бирок анын 30млн долларын Кыргызстандын эсебинен берген. Калган акча каражатты КГК, ЖАКы аркандай банктардан проценти менен карызга алып “Кумтөр” ишке киргенден кийин, 2003- жылга чейин б. а. “Центерра” келгенге чейин эле карыздан толук кутулган, андан бери ушул күнгө чейин “Кумтөр” өзүн-өзү каржылоо менен иштеп жатат. Ошентип болгону 15 млн доллар алып келген “Камеко” 823 млн таза доллар менен 2009-жылы чыгып кетсе, бир тыйын инвестиция алып келбеген “Центерра” 2004–2012-жылдар аралыгында Кыргызстандын экономикасына 1,3млрд АКШ долларында зыян келтиргени жөнүндө фактылар бар.

“2026-жылга чейин Кыргызстандын бийлигин сатып алган” “Центерраны” улутташтыруу жөнүндө сөз жок, сөз Кыргызстанда түзүлгөн, жайгашкан, каттоодон өткөн, иштеп жаткан, биздин акчага курулган 2004-жылдан кийин коррупциялык жол менен мыйзамсыз түзүлгөн “Центерра” ээлик кылууга жетишкен “КГК” ЖАКын комбинат, анын негизги каражаттары менен улутташтыруу, бул эгемен Кыргызстандын эгемен укугу. Кыргызстандын кайсы бир кен байлыгы үчүн түзүлгөн коммерциялык макулдашууларды кайра мыйзам менен денонсациалоо, же кайсы бир кен байлыктарыбызды иштетип жаткан компанияны завод шаймандары менен улутташтыруу эгемен мамлекеттин ички өз иши, мындай практика дүйнө жүзүндө көп. Бул БУУнун хартияларына туура келет, ал эми компенсациянын өлчөмү “Центерра” же аны колдоп жатышкан серепчи-чиновниктердин айтуусу менен эмес Центерранын реалдуу салымына, КГКнын балансылык баасына ж. б. жараша жүргүзүлөт, ал биздин эсеп боюнча 500млн доллардын айланасында. Ошол эле учурда Кыргызстан “Центеррага” каршы тосмо арыз менен туура эмес башкаруучулуктан чыккан экономикалык, экологиялык зыянды, суу пайдалангандыгы үчүн ж. б. төлөтүп алууга укугубуз бар. Мисалы, “Кумтөр” ишке киргенден бери 2012-жылга чейин эле 77,9млн куб/м муз чыгарылган, эгерде суунун бир литрин бир сом деп алганда, бул 60млрд сомго же 1,3млрд АКШ долларына барабар. Суу ресурстарын бекер сарамжалсыз 16 жыл үчүн 90млн куб/м пайдаланганы үчүн 1л сууну 1 сом деп эсептегенде 90млрд сомго же 1,9 АКШ долларына барабар. Уулуу калдык заттарды сактоо боюнча КР мыйзамдарын бузган фактысы боюнча 2012- жылга чейинки экологиялык зыяндын өлчөмү 1,3 млдр АКШ долларына барабар.

  1. Эмне үчүн конституциялык реформа керек?

Жогоруда айтылгандай коррупция Кыргызстандын саясий системасынан бекем орун алды. Өлкөнүн саясий системасынын өзөгүн Жогорку Кеңеш түзөт. Ал КР Өкмөтүнүн түзүмүн, курамын түзүп, өкмөт башчысын, мүчөлөрүн, Жогорку соттун судьяларын, Башкы прокурорду, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн ж. б. шайлайт, алардын ар жылдык отчетун угат. КР мыйзамдарын кабыл алат, салыктарды аныктайт, бюджетти бекитет. Жогорку Кеңеш — ​эң жогорку элдин өкүлчүлүктүү органы, анын депутаттары элдин өкүлү болушу — ​бул Парламент жаралгандан бери эң башкы принцип.

Бирок Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2007-жылдын күзүнөн бери элдин өкүлчүлүктүү органы эмес, саясий партиялардын өкүлчүлүгү олтурган органга айланды. Депутат элдин өкүлү болушу үчүн конкреттүү региондун эли тарабынан түз, тике шайланышы керек жана ошол региондун элинин өкүлү катары сүйлөөгө жана региондун элинин алдында жоопкерчиликте турушу керек. Парламентаризмдин ушундай ыйык принциптери жоюлду.

100% партиялык тизме менен шайлоону жактагандар “байлар регионду сатып алат… саясий партияны өнүктүрүшү керек” — ​деген эки жүйөөнү айтышат, тескерисинче байлар шайлоо алдында бир партияга биригип, жалпы Кыргызстандын элин сатып алып жатпайбы. Эгерде бир бай бир региондон депутат болсо, ал ошол региондун тургуну, өкүлү катары эл алдында тике жоопкерчиликти да кошо алат, элдин ишенимин актабаса, кийинки шайлоого бара албайт. Ал эми 100% партиялык тизме менен шайланган депутаттар бир да региондун алдында жооп бербейт. Кийинки шайлоодо акчасын берип, башка партия менен шайлана берет. 2007-жылы күзүндө “Ак жол” партиясы менен депутат болгондордун 60%ы 2010-жылкы шайлоодо “Ата Журт”, “Республика”, “Ар-намыс” партияларына кубулуп (хамелеон сыяктуу) депутат болушса, 2015-жылкы шайлоодо “Бир Бол”, “Өнүгүү”, “Республика-Ата Журт”, айрымдары “Ата-Мекен” болуп кубулушуп, депутат болушту. Ошонун кесепетинен көп маселелер, анын ичинде “Кумтөр” маселеси чечилбей келет. Себеби “Центерра” аларды 2007- жылы, 2010-жылы да, 2015-жылы да колдоду. Эми эртең да алар бири-бирин колдой беришет. “Центеррага” окшогон компаниялар өз кызыкчылыгы үчүн Жогорку Кеңешке партияларды, депутаттарды эле эмес президентти да шайлатууга акчасы жетет. Мына ушунун кесепетинен өлкөнүн саясий системасында, саясий коррупция өнүгүп, бир эле “Кумтөр” эмес, бүт кенбайлыктар чет элдик акчалууларга берилип, Кыргызстан сатылып жатса да алар кокуй дебейт, себеби депутаттарга эл алдындагы жоопкерчилик жок. Ошол үчүн да 2020- жылкы шайлоого чейин шайлоо системасын өзгөртүү үчүн Конституциялык реформа керек, болбосо бүгүнкү депутаттар дагы деле депутат болушат. “Центерра” “Кумтөрдү” 2026- жылга чейин каалагандай иштетет. Чаткал ж. б. жерлердеги алтын кендер чет элдиктердин колунан чыкпайт. Саясий партиялар бирикме эмес, шайлоо алдында акча көп бергендердин фирмасына айлана берет.

А) Конституциянын ичинде адам укугун бузуу, беренелердин башаламандыгын, өз ара карама-каршылыгын жоюу үчүн да Конституциялык реформа керек. Мисалы, азыркы Конституциянын 2-б., 4п “КР ЖКнын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана тикелей шайлоо укугу менен жашыруун добуш берүү менен шайланат” — ​деп бул конкреттүү адамды шайлайт дегенди түшүндүрсө, Конституциянын 70-б. ЖКнын депутаттары пропорциялдуу шайлоо системасы менен шайланары бекитилген, бул 100% партиялык тизме деген сөз.

Конституциянын 4-б.,4п. 1п.п. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана партиялык институттардын кошулушуна тыюу салынган. Иш жүзүндө бүт бийликти кызмат орундарды, парламентте көпчүлүктү түзгөн партиялардын фракциялары бөлүштүрүшүп мамлекеттик бийлик партиялашып кеткени факт. Анткени конституциянын 84-беренесинде аткаруу бийлигин шайлоодо жеңген саясий партиялар ээ болору аныкталары бекитилген.

Конституциянын 5-б. 1-п “мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат” деп бекитилген. Бирок “Ак жолдун”, “СДПКнын”, “Кумтөрдүн” мисалдарында, президент, ЖК, Өкмөт өз партияларына жана “Камекого”, “Центеррага” эмне деген артыкчылыктарды, өзгөчө кызматтарды көрсөтүп келе жатышат.

Конституциянын 52-б. 1-п., 2 п. п. ылайык “жарандар шайлоого жана шайланууга укуктуу” — ​деп көрсөтүлөт. Иш жүзүндө жарандар кайсы бир саясий партияга мүчө болбосо жана анын тизмесине кирбесе Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт.

Конституциянын 3-б. КР мамлекеттик бийлик: “элдик бийликтин үстөмдүгүнүн… эл алдындагы жоопкерчилигинин… эл кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун принциптеринде негизденет” — ​деп бекитилген. Бирок эл бийлиги кандай формада үстөмдүк кылат, эл алдындагы жоопкерчилик кантип ишке ашырылат, элдин кызыкчылыгында кандай жүзөгө ашырылары жөнүндө эч жерде айтылбаган. Ошол үчүн биз курултай институтун элдин бийлиги катары Конституциянын 2-беренесине киргизели деген сунуш менен чыгып жатабыз.

Биз мекенчил, улутчул күчтөр жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардан улам эгемендиктин ээси, бийликтин бирден бир булагы эл деген укуктан пайдаланып жок дегенде ЖКнын депутаттарын эл өзү тике шайласын, эл өзү шайлаган бийлик адамдарынын эл алдындагы жоопкерчилиги менен отчеттуулугу курултайлар аркылуу ишке ашырылсын, элдин байлыгы болгон кен байлыктар Кыргызстандын элинин жалпы кызыкчылыгы үчүн иштетилсин деп элдик демилге менен бир нече мыйзам долбоорун даярдап, элге чыгуудабыз.

Азыркы президент С. Ш. Жээнбеков бул маселелерде учкай түрдө жеке каршы пикирин билдиргенине карабай, анын пикири жазга чейин өзгөрүлөт деп ойлойбуз. Себеби азырынча анын айланасында мурдагы президенттердин адамдары көп, алар ага биз көтөргөн маселелер боюнча тескери кеп-кеңештерди берип таасир берип жатканын билебиз.

Эгерде азыркы президент мурда түзүлүп бекем орногон бүгүнкү коррупциялык абалды чечкиндүү реформаларга барып өзгөртпөсө, ал мурдагы президенттердин коррупциялык саясаттарын уланткан төртүнчү президент катары тарыхта каларын да эскертебиз.

Азимбек Бекназаров, революционер

Булак: “Жаңы Ордо”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *