Кыргызстанды Кытайга кагыштырууга кимдер кызыкдар?!

Соңку жылдарда бир аз басаңдагансып калганы менен, аягы али тыйыла элек, ал тургай көнүмүшкө айланып, ал гана эмес, жаңыдан калыптана баштаган муундун кан-жанына биротоло сиңип, көнүмүш адатка айланып бара жаткан жазгы саясий
толкундоолорду ар ким ар башкача маанайда күтүү алдында турат. Албетте, ар кимдер өз-өзүнүн жеке саясий-коомдук көз карашына, инсандык позициясына жараша… Бул өңүттөн алып караганда, өткөн жумада борбордук аянттагы болуп,
башаламандыгы менен айырмаланып, жыйынтыгы ызы-чуулуу, кууп таркатуу менен аяктаган митинг келе жаткан жаздагы митингдердин эң алгачкы репетициясы болуп калгандыгы талашсыз.

Асыресе, бул жолку митингдин мурдагы митингдерден бир кескин айрымасы бар экендиги да көзгө урунбай койбойт. Дегеле, митинг-пикет дегендерди соңку он-он беш жылдан бери жадаганча көрө берип, аларды коомдук-саясий агымдын ажырагыс бир
атрибуту катары кабылдай баштаган адамдарды деле сестентип, тереңирээк үңүлө, талдай караганда чочулаткан жагдайлар бар.

Адегенде конкреттүү тематикага багытталып, үч саясий талапты коюуга чыгышканын жарыялашканы менен, митингге катышкандардын саны чакталуу экендигине карабастан (ар кандай эсептөөлөр боюнча — ​500дөн 1000ге чейин), алардын
курамы ар кыл болуп, жогорудагы жарыяланган талаптар менен гана чектелбей, такыр башка, жада калса али жашыруун-тымызын максаттарды көздөгөн, азырынча ачыкка чыгыша элек күчтөр да бар экендиги дароо эле айкын боло баштады…

Эгерде мурдагы митингдер кандай курч мүнөздө жана көп миңдеген сандагы катышуучуларды камтыса да, алар негизинен өлкөнүн ички маселелерине гана багытталып, тигил же бул саясатчынын учурдагы кызыкчылыктарына гана багытталчу. А бул ирет — ​Кыргызстанды жана кыргыз элин эл аралык, мамлекеттер аралык конфликттерге аралаштыруу аракети сымал, абдан терс маанидеги, провокациячыл мүнөздөгү билдирүүлөр жасалды!..

Аманбол Бабакулов аттуу жаш лидери баштаган жаштар тобу жаңы муундагы саясатчылардын тобунун саясаттын эшигин чоң ачып, кирип келе жаткандыгынан эле кабар бербей, алардын табияты да, талаптары да, көздөгөн багыттары да мурдагылардан
айрымаланып турарын көрсөткөнсүдү.

Мурдараакта “кырк чоро” аталган, улутчул сыяктанган кыймыл-коомдун мүчөлөрү кыргыз кызды уруп койгон түрк жаранын кечирим суратышып, же кайсыл бир биргелешкен ишканадагы кытай жарандарына барып, аларга өздөрүнүн опузалуу-
ультимативдик талаптарын койгондугу маалым… Деги, аларга андай укукту ким берген? Дегеле, кайсыл бир коомдук уюм жалпы элдин жана мамлекеттин атынан сүйлөп, ар кандай талаптар менен чыга берүүгө акылуубу? — ​деген суроо жаралат.

Эл арасындагы антикытайлык маанайды күчөтүү аракети митингде жасалса, ошонун эртеси эле болгон өздөрүн “Элдик Курултай” деп атап алышкан, бирок чоң саясаттан четке сүрүлүп, эми биротоло маргиналдаша башташкан күчтөрдүн жыйынында орус тилинен расмий тил аттуу статусту Конституциядан алып салуу сунушу айтылды… Чын-чынына келгенде, тилдик-мыйзамдык карама-каршылык конституцияда эле орун алган. “Расмий тил” деп башкача аталганы менен, орус тили мамлекеттик тил болгон кыргыз тили менен статусу боюнча бардык шарттарда бирдей абалга коюлуп калган. Чейрек кылымдан бери мамлекеттик тил мыйзамы иштебей келе жатканынын эң негизги себеби дал ушул жагдайда катылып жатат!..

Ал эми бул маселенин саясий тарабын алып карай турган болсок, болгондо да — ​эл аралык-геополитикалык призма аркылуу карай турган болсок, орус тилинен алыстоо Кыргызстандын эли үчүн эле эмес, жалпы өлкөнүн келечеги үчүн да өтө
кооптуудай сезилет. Анткени көп улуттуу (ар кандай эсептөөлөр боюнча — ​85тен 100гө чейинки) элди өз ара бириктирип турган фактор — ​орус тили болуп кала берүүдө. Кыргыз, казак жана өзбек эли бирин бири котормочусуз түшүнө алышса, калган улуттар
үчүн бул маселе өтө татаалдашып кетери түшүнүктүү.

Экинчиден, эл аралык, геополитикалык жактан алып караганда, Россия Федерациясы сыяктуу ири супердержаванын кызыкчылыктарынын орбитасынан алыстап, өз алдынча болуп кетүүгө аракет кылуу — ​али бутуна ишенимдүү турмак турсун, өз
келечек жолун жана стратегиялык-экономикалык багыттарын так аныктай албай жаткан Кыргызстандай жаш эгемендүү өлкөнүн келечегин бүдөмүк кылып гана тим болбой, бакубат орус кемесинин фарватеринде аздыр-көптүр тынч, чайпалбай сүзүп келе жаткан чакан кайыгыбызды калаксыз калтыргандай эле болору шексиз. Эгерде геополитика океанын бороон-чапкындары каптап кете турган болсо, ушул кезге чейин чоң кеменин коргоосунда, коопсуз сүзүп келген кайыктын абалын ташкындагы чамынды менен гана салыштырууга болор: тагдыр өзү кааласа жээк карай ыргытат, кааласа аласалдырып,
кайдадыр белгисиз жакка карай алып кетет…

Ансыз деле бул регионго кирүүгө кызыкдар болуп, ар кандай мыйзамдуу ыкма- жолдорду колдонуп (мыйзамсыз, баскынчылык менен Баткенге кирип келген террорчулар али эстен чыга элек!), жан үрөп жатышкан күчтөр көп.

Баса, бизге караганда тили боюнча да (фарси), дини, маданияты боюнча да Иран жана анын союздаш өлкөлөрүнө алда канча жакыныраак турган коңшулаш Тажикистан эмне үчүн он жылча созулган жарандык согуштан соң, ошол жолду тандап кетпей,
Россияны стратегиялык партнеру катары тандап алды?! Жарандык согушта кан төккөн калктын дээрлик жарымы исламдык мамлекет багыты менен кетишти тандап алууну каалашып, ошондой мамлекеттик-патриоттук идея үчүн жан беришпеди беле?..
Кыргызстан билим-технологиялык-экономикалык жактан өнүккөн өлкөгө айланып, өз алдынча толук көз карандысыз жана да бул сөздүн толук маанисиндеги суверендүү саясат жүргүзө турган мамлекетке айланышы үчүн ошол жыгачтан жасалган, эски
кайыкты модернизациялап, моторлуу, заманбап кайыкка айлантуу зарыл. Ошондо гана биз орус тилинен жана Россия Федерациясынан көз карандысыз болбой, балдарыбыз да өздөрү каалашкандай — ​орус, жапон (япон), агылжын (англис), итаалы (италия) ж. б. дүйнө тилдеринде эркин сүйлөп, билим ала беришине кеңири жол ачылат. Мурдагы союздук республикалардын ичинен Россиянын геополитикалык орбитасынан дал ушундай жол менен, акырындап, байкатпай чыгып кетип бара жаткан
өлкө катары Азербайжан Республикасын атоого болот (ал эми Украина, Грузия — ​прибалтика республикаларын айтпай эле коелук! — ​алар адегенде эле АКШнын геополитикалык алкагында калышкан). Бул нефтиге бай өлкө соңку жылдарда мурда союз учурунда да болуп көрбөгөндөй өнүгүп, өз алдынча кубаттуу мамлекетке айланып бара жатат. Мурда жалпы союздук казынага куюлуп жаткан нефти долларлары эми толук бойдон Азербайжандын эли үчүн иштей баштады!..

Ал эми биздеги экономикалык жагдай, реалдуу абал такыр башка. Менделеевдин химиялык элементтер таблицасындагы бардык кен-байлыктарга бай болгон жергебизди өндүрүш, өнөр-жай багыттарында заман ыргагынан артта калбай өнүктүрүүнүн ордуна, биздин республиканы союздун койбагар өлкөсүнө айлантып, калкынын жарымына жакынын койчу-чабан кылып салып (“Жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да?!” — ​деп ырдатып), көз айнегинен мурдунун учунан алысты көрө албаган жетекчилер башкарып келгендиктен, ушундай оор абалга кабылдык. Союз кулары менен али жетиле элек, өз алдынча болуп, баш көтөрүп кете электе жетим калган баладай, көрүнгөндүн көзүн карап, ушул мени колдоп, жардам берер бекен? — ​дегендей, үмүттүү жашоодон алиге чейин арыла албай келебиз…

Дал ошондуктан улам, бир жарым миллиондон ашуун жумушка жарамдуу, жаратман кыргыз жарандары убактылуу тыйын табышканы менен, азырынча кара күчүн башка өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө берүүгө аргасыз болуп келе жатышат!..
Али адыда бизди дагы өтө көп, оор сыноолор күтүп турат. Мындан чейрек кылымча мурда жазылган, футуролог-политолог жана дагы батышчыл АКШ идеологу Збигнев Бзежинскийдин “Центральноазиатская шахматная доска” аттуу китебинде
айтылган ойлор-прогноздор эми гана теориядан конкреттүү практикалык ишке аша баштагансыйт…

Азыркы Жакынкы Чыгыштагы планетардык, глобалдык масштабдагы катастрофага айланган ири конфликттер тээ 90-жылдардын орто ченинде эзелтен ынтымакта, коңшулаш жашап келишкен исламдык өлкөлөр Ирак менен Кувейттин ортосундагы майда бир талаштан чыккандыгы маалым.

Учурда Россия-Япония мамлекеттеринин дээрлик кылым бою (эгерде, 2-Дүйнөлүк согушту Жер картасын эң соңку ирет бөлүп чыгуу катары карай турган болсок) чечилбей келе жаткан Куриль аралдары боюнча сүйлөшүүлөрү канчалык деңгээлде оор жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Ал эми Кытайдын Россиянын Ыраккы Чыгышына болгон территориалдык претензияларын Ден-Сяопинь ачык эле айтып чыккан: учуру келгенде ал жерлердин баарын биз артка кайрып алабыз деп… Тээ союз учурунда эле, Кыргыз ССРинин мурдагы “Тань-Шань областы” деп аталган территориалдык-административдик бөлүгү кийинчерээк Нарын областына айлангандыгы жөн эле эриккенден эрмек үчүн жасалбагандыгы эми баарына
түшүнүктүүдүр?..

“Кытай козголсо — ​кылым козголот” деген тарыхый, учкул сөздүн мааниси анын биздей коңшулаш жана чакан мамлекет болгон, аз сандагы улуттар үчүн дайыма актуалдуу бойдон кала берүүгө тийиш. Ансыз деле дүйнөлүк геополитикалык оюндардагы
пешка болуп берүүчү күчтөр жетишерлик.

Эгерде мындан он жылча мурда “Кытай-Тибет” маселесин актуалдаштыруу аракети жасалса, азыр Кытайдагы “Уйгур” маселесине улуттар аралык гана эмес, диний- экстремисттик багыттагы түс берүү аракеттери активдешүүдө… Ошондуктан, айрым бир популист-спекуляциячыл саясатчылардын өздөрүн реклама кылууга багытталып, өзгөчө патриот болуп көрүнүүгө далалат жасашып, орус тилин жана Кыргызстанда иштеп жатышкан кытайлык жарандарды күнөөлөп жатышын — ​азырынча эч негизсиз жана орунсуз, орой, жеңил баа, тантырак сөз катары гана баалоого болот. Али биз андай учурга, орус тилинен, Россия Федерациясынын саясий орбитасынан толук чыгып кетүү деңгээлине чейин жете элекпиз!..

Биздин региондогу, же союз учурунда “Орто Азия жана Казакстан” деп аталган аймактагы (албетте, анын ичинде — ​Кыргызстан дагы!) тынчтыкты ОДКБ жана ШОС сыяктуу эл аралык күчтөрдүн жардамы менен гана кармап турганыбызды эстен чыгарбасак?!

Ансыз деле, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жакын коңшулардан баштап, алыскы АКШ. Турцияга чейинки эл аралык мамилелерибиз бузулуп, татаал маселелер жаралгандыгын билебиз. Эми жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин алгачкы жылында ошол үзүлгөн жана бузулган эл аралык мамилелерди кайрадан “реставрациялап”, оң жолго салуу оңойго турбаган иш болгондугу түшүнүктүү. Эми Кыргызстандын алдында дүйнө жүзүндө өзүнүн мамлекеттик кызыкчылыгын
бардык деңгээлдерде туруктуу коргой билген, ошол эле учурда, стратегиялык ой-максаттары дүйнөлүк прогрессивдүү, адам укугун коргогон өлкө катары таанытуу милдети турат. Ошондо гана супердержавалардан тартып, башка бардык биз менен тыгыз кызматташууга кызыкдар мамлекеттер биздин өлкө менен көз карандысыз, өз алдынча саясат жүргүзгөн өлкө катары теңата мамиле жасай башташат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *