Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Фото – Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 50 кычкылтек концентраторун жана 100 ИВЛ аппаратын учак менен жеткирди
Борбордук Азияда

Фото – Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 50 кычкылтек концентраторун жана 100 ИВЛ аппаратын учак менен жеткирди

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жүк келди.

Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын  камтыйт.

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

   

   

   

 

Вашингтон: Немцовдун ысымы Орусия элчилигинин алдындагы аянтка берилет

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Ысык-Көлгө келиши

Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөт башчылары кыргыз-казак чек арасындагы абалды талкуулашты