Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Адвокат Замир Жоошев Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча Аскер прокуратурасына кайрылды
САЯСАТ

Адвокат Замир Жоошев Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча Аскер прокуратурасына кайрылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча Аскер прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

“Кечээ, 14-октябрда мен Аскер прокуратурасына бул кырдаалды текшерип, райондук соттун чечимин аткарбай, Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарбай жаткан аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн билдирүү калтырдым”, – деди Жоошев.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-октябрда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин маалымат жыйын берди. Жыйында ал Атамбаев тууралуу өз ой-пикирин айтты.

Анын айтымында, соттун чечими чыкканга чейин Алмазбек Атамбаевди абакка камабай эле, үй камагына чыгарышса дейт.

Алмазбек Атамбаев саясаттын алдыңкы сабынан кетпейт…

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Санариптештирүүнү сот чечимдерин аткаруу өндүрүшүндө да орнотуу зарыл”

Малик Нурдинов «чоң болсом» дел кыялданганда