Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Аида Касымалиева: «3 күндөн бери «үйүңө келип өрттөп кетебиз, талкалайбыз, сени зордуктайбыз» деген коркутуулар болуп жатат. Садыр Жапаровдун тарапташтары, мен силерден коркпойм»
САЯСАТ

Аида Касымалиева: “3 күндөн бери “үйүңө келип өрттөп кетебиз, талкалайбыз, сени зордуктайбыз” деген коркутуулар болуп жатат. Садыр Жапаровдун тарапташтары, мен силерден коркпойм”

Бүгүн, 13-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн ЖКнын кезексиз жыйынынын соңунда вице-спикер Аида Касымалиева акыркы күндөрү көпчүлүк өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөткөнүн, бийлик үчүн ким кандай жолго барары белгилүү болгонун билдирди.

“Акыркы жумада “Жогорку Кеңеште эки эркек бар экен: Строкова жана Касымалиева” деп окуп калдым. Строкова экөөбүз эркек болгонубузга сыймыктанам. Себеби, ушунчалык оор күндөр болду. Мени 3 күндөн бери “үйүңө келип өрттөп кетебиз, сени талкалайбыз, сени зордуктайбыз” деген  коркутуулар болуп жатат. Урматтуу Садыр Жапаровдун тарапташтары, Садыр Жапаров премьер-министр болсун, ал татыктуу. Бирок, легитимдүү болсун, ага эч ким каршылык көрсөтпөйт. “Үйүңдү өрттөйбүз, зордуктайбыз, үй-бүлөңдү жок кылабыз” деп коркуткан ОПГ мүчөлөрү.. мен ушул күндөрү УКТнын мүчөлөрү менен жалгыз күрөштүм. Токтотуңуздар ушуну. Кудайга шүгүр, ушул күнгө жеттик. Президентибиз, спикерибиз бар, эми премьер-министр келип легитимдүү премьер-министр болсун. Мени коркутканды токтотуңуздар, мен силерден коркпойм” – деди Аида Касымалиева.

Залда отурган депутаттар вице-спикерди колдоп кол чабышты.

Женевада Армения жана Азербайжан президенттери Карабахты талкуулады

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтүүдө

Жанар Акаев, КЛДПнын теңтөрагасы: “Алдыңкы үч партиянын бири болобуз деген үмүт бар”