Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: «Суваналиев бийликке келгени үчүн гана биз Нарындан Бишкекке чыкпай турабыз»
КООМ

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Суваналиев бийликке келгени үчүн гана биз Нарындан Бишкекке чыкпай турабыз”

“Биз Нарындан Бишкекке барып, митингичилерге кошулалы деп жатканбыз, кайра эле бул революциянын жемиштерин да элден 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн Текебаев баштаган мүчөлөрү уурдап алганы жатышат. Убактылуу өкмөттүн бир да мүчөсүнө ишенбейбиз. Текебаев артта туруп алып, Жанар Акаевге ар нерсени жасатып жатат. Ошол учурда Өмүрбек Суваналиев УКМКнын төрагасы болгонун угуп токтоп калдык”, – деп билдирди бүгүн, 7-октябрда Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Өмүрбек Суваналиев 2008-2010-жылдары Нарында 2 жыл губернатор болуп иштеп, облустту оңдоп койгон эле, анан эле ушул шүмшүктөр: Текебаев, Отунбаевалар келишсе аларга ишенип ээрчип алып, мамлекетти талкаладык, кайра артка кеттик. Текебаев, Отунбаева, дегеле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “разрушителдер” экен. Аларды такыр бийликке жолотпош керек. Андан көрө “созидатель”, мамлекетчил Өмүрбек Суваналиевди колдойлу”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Видео – 19 жыл түрмөдө отуруп чыккан өзбек банкири ишинин кайра каралышын талап кылууда

Фото – Баткен облусунда мечиттер дезинфекцияланууда

Арбын айлык авиацияда