Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Дастан Бекешев: «Шайлоонун жыйынтыктары жарактуу деп табылышы мүмкүн, бирок мыйзамдарга карама-каршы келген компромисстик варианттар каралууда»
САЯСАТ

Дастан Бекешев: “Шайлоонун жыйынтыктары жарактуу деп табылышы мүмкүн, бирок мыйзамдарга карама-каршы келген компромисстик варианттар каралууда”

“Айрым кесиптештер эртең Жогорку Соттон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча кызыктуу жана күтүлбөгөн чечим кабыл алышыбыз мүмкүн деп билдиришүүдө. Шайлоонун жыйынтыгын туура деп табылышы мүмкүн” – деп  Дастан Бекешев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Бирок тараптарды тынчытуу максатында, бардык мыйзамдарга карама-каршы келген бир нече компромисстик варианттар каралууда:

– шайлоону өттү деп жарыялап, андан кийин мыйзамдын арткы аракети менен шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алуу;

– шайлоону өттү деп табуу жана “Мекеним Кыргызстан” партиясын депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн четтетүү (БШК аркылуу же сот аркылуу).

Ал президенттин резиденциясында ар кандай варианттар каралып жатканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков интригандардын акылсыз кеңештерин кабыл албайт жана акыйкаттыкка жолтоо болбойт деп ишенем. Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз бойдон калууга тийиш жана 6-чакырылыштагы парламент шайлоо босогосун 3% га түшүрүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алып, андан кийин БШК кайрадан шайлоо жарыялашы керек. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана шайлоонун кайталанып өткөрүлүшү параллель жүрүшү мүмкүн “, – деди парламентарий.

Эскерте кетсек, 7-октябрда шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган.

Некоторые коллеги сообщают, что завтра от Верховного суда мы можем получить интересное и неожиданное решение по…

Опубликовано Дастаном Бекешевым Понедельник, 12 октября 2020 г.

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу: “Жээнбеков Атамбаевди эмес, Атамбаев Жээнбековду саткан!”

АКШнын Иранга каршы санкциялары бүгүн күчүнө кирет

Башталганы калды, кимдер чыгат?