Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Депутат Элвира Сурабалдиева суракка күбө катары чакырылганы белгилүү болду
Криминалдык хроника жана окуялар

Депутат Элвира Сурабалдиева суракка күбө катары чакырылганы белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева күбө катары Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту К.Асановго козголгон кылмыш ишин кароону улантууда. КР Жазык-процесстик кодексинин 273-беренесинин талаптарына ылайык, күбөлөрдүн келишин камсыз кылуу прокуратурага жүктөлгөн, буга байланыштуу Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан сот процессинин үзгүлтүккө учурашына жол бербөө үчүн, күбө катары өтүп жаткан адамдар сот тарабынан, соттун убактысы жана орду көрсөтүлүп, суракка чакырылат.

Буга чейин Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановго жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Элвира Сурабалдиева жана башка бир катар депутаттар күбө катары суракка алынган.

“2020-жылдын 17-сентябрында Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Э.Сурабалдиевага К.Асановдун иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн сотко келүү зарылдыгы жөнүндө билдиришкен.

Ошол эле учурда, Э.Сурабалдиеванын Аскер прокуратурасына чакырылгандыгы жана чакыруунун себептерин билбегендиги жөнүндө айткандары чындыкка дал келбейт, анткени ал кайда, качан жана ким катары чакырылганы ачык-айкын түшүндүрүлүп берилген.

Мындан тышкары, Э.Сурабалдиеванын сот отурумуна чакырылышы анын саясий ишмердүүлүгүнө жана КР Жогорку Кеңешине боло турган шайлоого катышуусуна байланыштуу эмес” – деп айтылат маалыматта.

КСДПнын төрага орун басары Темирлан Султанбеков 48 саатка камалды

Айнуру Алтыбаева: “$100 миң пара алып жаткан жеринен кармалган генпрокуратуранын кызматкери Кылычбек Арпачиевге мунапыс мыйзамсыз берилген”

Бишкектин Ленин райондук сотунун дааратканасында 18 жаштагы жоокер өзүн-өзү башка атты