Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Депутаттар премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин талкуулап жатышат
САЯСАТ

Депутаттар премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин талкуулап жатышат

Бүгүн, 6-октябрда 35 депутат “Достук” мейманканасында, алар премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин талкуулап жатышат. Бул тууралуу жолугушуу бөлмөсүндө жүргөн жарандык активист билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, залды кайтарган кароолчулар массалык маалымат каражаттарын ичине киргизишкен эмес.

“Алардын айрымдары буга чейин Жапаров премьер-министр болот деген документке кол коюшкан. Депутаттар келип-кетип жатышат”, – деди активист.

Белгилей кетсек, чечим кабыл алуу үчүн документке 61 депутат кол коюшу керек. Эл мейманкананын өзүнө жакын жерде чогулган.

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Парламент тарасын” деген маселе чыкса, биринчилерден болуп макул болом”

Бабанов менен Акылбек Жапаров мушташканда Атамбаев ажыратпаса бири өлүп, экинчиси түрмөгө кетмек…

Темир Сариев: “Фарид Ниязов жана Илмиянов күнүгө “Форумга” министрлерди, губернаторлорду, мэрлерди чакырып, Жээнбековго иштегенге мажбурлап жатат”