Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Еврей Каплер жана Сталиндин бойго жете элек кызы
Дүйнө жүзүндө

Еврей Каплер жана Сталиндин бойго жете элек кызы

Каплер менен Аллилуеванын мамилесинде баары таң каларлык болгон. 38 жаштагы мурда эки ирет официалдуу никеде турган эркек (таанымал актрисалар — Татьяна Тарновская жана Татьяна Златогорова менен) көптөгөн сүйүү романдарын да баштан кечирген соң, 16 жаштагы мектеп окуучусу менен кантип кошулуп калган? Жаш кыздын бүткүл жашоосу такай кайтаруу алдында өтүп, дайыма бирөөлөр көзөмөлдөп жүргөнү да тоскоолдук кыла алган эмес. Каплер Сталиндин сүйүктүү кызын азгырып, тирүү калышынын өзү эле таң калычтуу. Алар узак убакыт бирге болушпаса да, жүрөктөрүндө бири-бирине карата болгон терең сезимдерин түбөлүк сактап калышкан.

Сталиндин кызы алтын тордо жашагандай болгон

Апасы Надежда Аллилуева өлгөн соң. Светлана ачыгын айтканда жетим калган. Атасы аны абдан катуу сүйсө да, дээрлик жанында боло алчу эмес. Алты жашынан тартып бала чоочун адамдардын багуусунда, өкмөттүк дачадагы жабык жайда өскөн. Атасы алынын жетишинче кызын эркелетип, бактылуу чоңойтконго аракет кылган. Кызы да атасынын таасири менен өтө эрктүү, беттегенин бербеген мүнөзгө ээ болгон.

Кыз материалдык жактан эч нерсеге муктаж болбосо да, ички сырын бөлүшүп, ачык сүйлөшкөн адамга зар болуп чоңоет. Кайгы-капасын да, ички купуя сырларын да өзүнүн жүрөгүнө катат. Агалары — эркек болушкандыктан улам, кичинекей кыздын жан дүйнөсүн кайдан түшүнүшмөк эле?

Анан калса,такай бирөөнүн көз алдында болуу тажатат. Светлананы кайда барса да артынан калбай ээрчип жүрө бере турган. Кыздын ар бир кадамы тууралуу Сталинге билдирип турушчу.

Светлана китепти көп окучу. Немец, англис тилдерин билген. Кечкисин үйдө фильмдерин кинопроектордон көрчү. Анын үйүндө достору болушса, кыз аларга атайын пропусктарды жазып бериши керек болчу. Ансыз алар Кремлдеги квартирага же дачага өтө алышчу эмес. Алар келишсе деле кыз алар менен «ээн-эркин» сүйлөшө алчу эмес. Дайыма аны жалгыздык сезими кыйнап,башкалардан бөтөнчөлүгү көзгө көрүнө берчү. Кремлдеги принцесса алтын клеткадан чыга албай жашап жүрүп, атасы экөөнүн мамилелери тез эле түп-тамырынан өзгөрөрүн аңдаган да эмес.

Алексей Каплер ким жана ал 16дагы Светланага кантип жаккан!

Тынымсыз көзөмөлдөн балдары Сталин жумушка абдан алаксып калганда гана чыга алышчу. Ошондой күндөрдүн биринде -1942-жылдын октябрь айынын аягында, Светлананын агасы – Василий фронттон жаракат алып, ден соолугун калыбына келтиргени үйүнө келет. Дачага конокторду чакырышат.

Чакырылгандардын арасында документалист Роман Кармен, жазуучу Константин Симонов аялы -актриса Валентина Серова менен, жана дагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты Каплер болушат. Каплер учкучтар жөнүндө киносценарий жазууга даярданып, бул үчүн Василийден консультация алмакчы болот. Ошондо ал шатыра-шатман болуп, эс алгандардын арасында көңүлсүз, зеригип олтурган Светлананы байкап, жанына басып келип, сүйлөшө баштайт.

Каплер Светлана абдан акылдуу кыз экенине таң калат. Анан калса, эрктүү, жан дүйнөсү калыптанып бүткөн инсан экендигин баамдайт. Бул анын курагындагы кыздар арасында аз кездеше турган нерсе болчу. Светлана дароо бул адамга ашык болуп калат. Тажрыйбалуу Дон Жуан сымбаттуу келип, адамдар менен сүйлөшүү манерасы да өзүнө тартып турчу. Ал өзү да кызга жакындап, от менен ойной баштаганын байкабай калат. Арийне, ал жумшак мүнөз болсо да, эч нерседен коркпой турган.

Каплер Светлана менен тез эле жакын болуп кетип, аны кинематография Комитетиндеги башкалар үчүн жабык көрсөтүүлөргө, театралдык премьераларга, классикалык музыка концерттерине, музейлерге алып бара баштайт. Өзү да байкабай, Алексей кызды сүйүп калат. Алар экөө чогуу болушканда өздөрүн абдан бактылуу сезишчү.

Албетте, алар дайыма тынымсыз байкоо алдында болушкан. Белгилүү бир мезгилге чейин Сталин бул окуяларга көңүл бурган эмес. Светлана бир жамандык болорун сезип, Алексей менен болгон байланышын токтоткону аракет кылат. Жолукпай, ал тургай бири-бирине телефон да чалбай калышкан учурлар болот. Эки жумадан бир аз ашса эле, кайра экөө тең чыдай алышпай, мурдагы сезимдери ого бетер күчөй берет.

Сүйүү үчүн: он жылга кесилүү

Сталин абдан кызганчаак ата болчу. Анын сүйүктүү кызы өзүнөн башка эч кимге таандык болбошу керек. Мындан сырткары, ал эркек менен аялдын ортосундагы мамилелерге карата да кыйла катаал пикирди кармана турган. Сталин менени Светлананын ортосунда абдан жагымсыз сүйлөшүү болот. Атасы кызына анын жеке тандоосунан көңүлү калганын жана анын жүрүм-турумуна нааразычылыгын билдирет. Светлана өмүрүндө биринчи жолу мүнөзүн ачык көрсөтүп, атасына баш ийбей коёт. Кыз Алексейди чын дили менен сүйөрүн айтат. Сталин ачуу кыйкырып, кыздын Каплерге кереги жоктугун жана да анын ар бир кадамы катынпоздук менен коштолуп жүргөнүн билдирет. Эгерде Светлана айтканынан кайтпаса, ал дагы ошолордун бири болуп калаарын эскертет.

Каплер чет элдик агенттер менен байланышы үчүн соттолот. Суракта ал бул ишкердик контакттар чет элдик киноиндустрия менен гана болгондугуна токтолот. Алексей Яковлевич суракта өзүн татыктуу кармап, суроолорго жооп берип жатканда башка адамдарды атабоого тырышат. Башкаларга кандайдыр бир жамандык кылбайын деп чечет.

Воркутада жаза мөөнөтүн өтөгөн Каплерге кыйла эле ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Балким, ал «Ленин в 1918 году» фильмин жаратып, ал үчүн Сталиндик сыйлыкты алгандыгы эске алынса керек. Өзүнө берилген чакан бөлмөгө ал фотоателье уюштурган, ошол эле жерде жашаган. Бул вариант токой кыйганга жана түрмө казармасына салыштырмалуу бир топ бактылуу болгону түшүнүктүү.

Каплер үчүнчү ирет актриса Валентина Токарскаяга үйлөнөт. Светлана эсинен чыкпайт. Алар экөө тең 5 жыл аз эмес экенин түшүнүшөт. Камактан чыккан соң, Каплер өз профессиясын улантат. Ага Москвага кайтууга тыюу салынат. Ал адегенде командировкага Киевге, андан ары — Москвага барат. Сыягы, Алексей Светланага жолугууну ойлосо керек. Бирок, аны борбордогу вокзалда жөнөкөй кийинишкен адамдар тосуп алышат. Дагы баягы окуя кайталанып, эми ал «сталиндик экинчи беш жылдыкты» өтөөгө Комидеги саясий камактагылардын лагерине жөнөтүлөт.

Сүйүшкөндөрдүн тагдыры Сталин өлгөндөн кийин да кошулбады

Алексей Каплер Сталин өлгөндөн кийин эркиндикке чыккан. 1954-жылы толук акталган. Москвага кайтып келген соң, төртүнчү ирет- эми акын Юлия Друнинага үйлөнгөн. ВГИКте (Бүткүлсоюздук киноматографисттер институтунда) сценардык өнөркананы жетектеп калган. Телевидениеде популярдуу «Кинопанораманын» алып баруучусу болгон.

Светлана мектепти артыкчылык менен аяктап, МГУга окууга кирет. Илимий диссертациясын коргоп, өзүнүн агасынын досу Григорий Морозовго күйөөгө чыгат. Атасы бул ирет да нааразы болот. Бирок,бул никеден туулган баланы Иосиф деп аташып, ал небересин абдан жакшы көрүп калат.

Бирок, бул нике бактылуу болбойт. Светлана күйөөсү менен ажырашып кетип, экинчи ирет атасы сунуштаган кандидатка -Юрий Ждановго күйөөгө чыгат. Ал атасынын соратнигинин уулу болчу. Бул никеде кызы Екатерина төрөлөт, арийне, бул нике да бактылуу болгон эмес.

Светлана андан кийин да үч ирет күйөөгө чыгат. Анын күйөөлөрү – экономика илимдеринин доктору Иван Сванидзе, Индиялык коммунист Браджеш Сингх жана америкалык архитектор Уильям Питерс болушкан.

2011-жылы 85 жашында Светлана Аллилуева Американын Висконсин штатындагы карылар үйүндө каза тапкан. Алексей Каплер андан алда канча мурда – 1979-жылы эле бул дүйнө менен кош айтышкан.

Как еврей Каплер соблазнил несовершеннолетнюю дочь Сталина

Алексей Каплер жана Светлана Сталина

Орусчадан которгон: Муратбек Кыдырмышев

Булак: “Жаңы Ордо”

Жел болсо эле жалп этет

Кожобектен конфет алган ким?

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “АШАнын КСДПга кайрадан төрага болуп шайланып алууга дагы деле шансы бар…”